Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Падышалар 4:1—34

4  Ошентип, Сулайман бүт Ысрайылга падышалык кылып турду+.  Анын жогорку даражалуу кишилери+ булар: Садоктун+ уулу дин кызматчы Азария,  Шишанын уулдары катчы Элихореп менен катчы+ Ахия, Акилуттун уулу жылнаамачы Жошапат+,  Жояттын уулу аскер башчы+ Беная+, дин кызматчылар Садок менен Абыятар+,  Натандын+ уулу башчылардын үстүнөн коюлган Азария, Натандын уулу, падышанын досу+ жана дин кызматчы Забут,  ак сарай башчысы Акишар, Абданын уулу жалданма жумушчулардын+ башчысы Адонирам+.  Сулайман бүт Ысрайылдын үстүнөн он эки кишини башчы кылып дайындады. Алардын ар бири жыл сайын бир айдан падыша менен анын үйүндөгүлөрүн азык-түлүк менен камсыз кылып турушту+.  Ал дубан башчылар булар: Эпрайымдын тоолуу аймагын+ башкарган Хурдун уулу;  Макасты, Шаалбимди+, Бет-Шемешти+, Элон-Бет-Кананды башкарган Декердин уулу; 10  Арубатты башкарган Хесеттин уулу (ага Соко менен бүт Хепер жери+ да карачу); 11  Дор бөксө тоолорун+ башкарган Абынадаптын уулу (ал Сулаймандын кызы Тапатты алган болчу); 12  Таанахты+, Мегидону+, Изреилдин+ төмөн жагындагы, Саретандын+ жанындагы Бет-Шеанды+, Бет-Шеандан Абыл-Меколага+ чейинки жерлерди, Жокмеим+ аймагын башкарган Акилуттун уулу Баана; 13  Рамот-Гилатты+ башкарган Гебердин уулу (ага Менашенин уулу Жайырдын+ Гилаттагы+ бардык айыл-кыштактары, Башандагы+ Аргоп аймагы+ — дубал менен курчалган жана жез бекиткичтери бар алтымыш чоң шаар — карачу); 14  Маханаимди+ башкарган Идонун уулу Акинадап; 15  Напталы уруусунун+ жерин башкарган Акимаас (ал Сулаймандын кызы Басыматты алган болчу)+; 16  Ашыр уруусунун+ жери менен Беалотту башкарган Хушайдын уулу Баана; 17  Исахар уруусунун+ жерин башкарган Паруахтын уулу Жошапат; 18  Бенжемин уруусунун+ жерин башкарган Эйланын уулу Шимей+; 19  Гилат жерин+, аморлуктардын падышасы+ Сихон+ менен Башандын падышасы+ Октун+ жерин башкарган Уринин уулу Гебер. Ал жердеги бул башчылардын баарын башкарганга дагы бир башчы коюлган. 20  Жүйүт менен Ысрайыл деңиз жээгиндеги кумдай көп эле+, алар ичип-жеп, кубанып жашап жатышты+. 21  Сулайман дарыядан*+ пелиштиликтердин жерине чейинки, ошондой эле Мисирдин чек арасына чейинки падышалыктардын баарын башкарды. Анын көзү өткүчө, алар ага кызмат кылып, белектерди алып келип турушту+. 22  Сулаймандын ак сарайындагылардын тамак-ашына күн сайын отуз кор*+ эң жакшы ун, алтымыш кор жөнөкөй ун кетчү. 23  Ошондой эле бугу+, жейрен+, эликтерди, семиз күкүктөрдү кошпогондо, бордолгон он өгүз, жайыттан алынып келген жыйырма өгүз, жүз кой кетчү. 24  Ал дарыянын+ берки өйүзүндөгү бардык жерлерди, Типсактан Азага+ чейинки жерлерди, дарыянын берки өйүзүндөгү падышалардын баарын башкарды+. Ага караштуу аймактардын бардыгында тынчтык өкүм сүрүп турду+. 25  Сулаймандын убагында Жүйүт+ менен Ысрайыл бейкапар жашады+, Дандан Беир-Шебага+ чейин жашагандардын ар бири өзүнүн жүзүм сабагынын, анжир дарагынын астында отурду+. 26  Сулаймандын 12000 атчаны, арабага чегилчү аттары+ үчүн 40000 атканасы+ бар болчу. 27  Башчылардын+ ар бири өзүнө белгиленген айда Сулайман падыша менен анын дасторконунан тамактангандар үчүн азык-түлүк алып келип, бардыгы жетиштүү болушуна кам көрүп турушту. 28  Алар каякка арпа, саман керек болсо, ошол жакка арабага чегилчү аттар менен башка аттар+ үчүн арпа, саман жеткирип турушту, ар бири өзүнөн талап кылынганды жеткирип турду+. 29  Кудай Сулайманга деңиз жээгиндеги кумдай көп+ акылмандык+, түшүнүк+, даанышман жүрөк+ берди. 30  Ошондуктан ал Чыгышта жашагандар+ менен мисирликтердин+ баарынан алда канча акылдуу эле+. 31  Сулайман акылман адамдардын баарынан, Зерактын тукумдарынан болгон Этандан да+, Махолдун уулдары Хеман+, Калкол+, Дардалардан да акылдуу болгондуктан, айланада жашаган элдердин баарына атагы чыкты+. 32  Ал 3000 накыл сөз айтып+, 1005 ыр чыгарган+. 33  Ал Лебанондо+ өскөн бал карагайлардан тартып дубалга жабышып өскөн иссоп+ сыяктуу ар кандай өсүмдүктөр жөнүндө, жаныбарлар+, канаттуулар+, жер жайнаган майда жан-жаныбарлар+ менен балыктар+ жөнүндө баяндаган. 34  Сулаймандын акылмандыгын угуш үчүн ар кайсы улуттагы адамдар келишчү+. Анын акылмандыгы жөнүндө уккан падышалардын баары анын сөздөрүн укканы өкүлдөрүн жөнөтүшчү+.

Шилтемелер

Евфраттан.
1 кор = 220 л.