Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Падышалар 2:1—46

2  Көз жумарына аз калганда+, Дөөтү уулу Сулайманга мындай деп буйрук берди:  «Мен адамдардын баары барчу жерге кеткени жатам+. Сен эми күчтүү+, эр жүрөк бол+.  Мусанын мыйзамында жазылгандай+, Жахаба Кудайыңдын жолунда жүрүп, анын көрсөтмөлөрүн, осуяттарын, мыйзамдары+ менен насааттарын аткарып+, ага баш ий. Ошондо эмне иш кылсаң да, кайда барсаң да, дайыма акылдуулук менен иш кыласың.  Ошондой эле Жахаба мен жөнүндө+: „Эгер уулдарың+ баскан жолун байкап+, менин алдымда бүт жүрөгү, бүт жаны менен+ ишенимдүүлүгүн сактап жашаса*+, анда Ысрайылдын тактысынан сенин тукумуң кетпейт“+,— деп айткан сөздөрүн аткарат.  Зеруянын уулу Жоаптын мага эмне кылганын+ жакшы билесиң: ал Ысрайылдын аскер башчылары Неирдин уулу Абинер+ менен Жетердин+ уулу Амасаны+ өлтүргөн. Аларды өлтүрүп, согуш учурунда эмес, бейпил убакта кан төккөн+, белиндеги куру менен бутундагы сандалын канга боёгон.  Андыктан акылдуулук менен иш кылып+, анын ак баскан башын көргө*+ тынчтык менен жибербе+.  Ал эми гилаттык Барзелайдын+ уулдарына мээримдүүлүк көрсөт. Алар сенин дасторконуңдан тамактангандардын арасында болушсун+. Анткени бир тууганың Абышаломдон качып жүргөнүмдө+, алар мага жардам беришкен+.  Анча алыс эмес жерде жашаган Бенжемин уруусундагы бакуримдик+ Геранын уулу Шимейди+ да унутпа. Маханаимге+ баратканымда, ал мени жаман сөздөрдү айтып каргаган+. Бирок кийин ал мени тоскону Иорданга келгенде+, мен ага: „Сени кылыч менен өлтүрбөйм“,— деп Жахабаны оозанып ант берип койгом+.  Бирок сен аны жазасыз калтырба+. Сен акылдуусуң+, аны эмне кылышты билесиң. Аны көргө ак баскан башын+ канга боёп жибер»+. 10  Дөөтү ата-бабаларына кошулду+. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына+ коюшту. 11  Ал Ысрайылда кырк жыл+: Хеброндо+ жети жыл+, Иерусалимде отуз үч жыл падышалык кылды+. 12  Сулайман атасы Дөөтүнүн ордуна тактыга отурду+. Анын падышалыгы барган сайын бекемделе берди+. 13  Бир нече убакыттан кийин Кагыттын уулу Адония Сулаймандын энеси Батшебага+ барды. Батшеба андан: «Тынччылыкпы?» — деп сурады+. Ал: «Тынччылык эле»,— деп жооп берди. 14  Анан: «Сизге айтчу сөзүм бар»,— деди. Батшеба: «Айта бер»,— деди+. 15  Адония: «Сиз өзүңүз билгендей, мен падыша болушум керек болчу, мени падыша болот деп бүт Ысрайыл күтүп жүргөнүн да жакшы билесиз+. Бирок, Жахабанын каалоосу боюнча, падышалык бийлик бир тууганыма өттү+. 16  Эми сизден бир нерсе өтүнөйүн, жок дебеңиз»,— деди+. Батшеба: «Айта бер»,— деди. 17  Ал: «Сулайман падыша менен сүйлөшүп көрүңүзчү, шунемдик+ Абишаганы+ мага аялдыкка берсин. Ал сизге жок дебейт»,— деди. 18  Батшеба: «Мейли, падыша менен сүйлөшүп көрөйүн»,— деди. 19  Батшеба Адония+ жөнүндө сүйлөшкөнү Сулайман падышага келгенде, падыша ордунан туруп+, ага таазим кылды+. Анан кайра тактысына отуруп, оң жагына энеси үчүн дагы бир такты алып келүүнү буйруду+. 20  Батшеба ага: «Бир өтүнүчүм бар эле, жок дебе»,— деди. Падыша: «Сураңыз, апа, жок дебейм»,— деди. 21  Ал: «Шунемдик Абишаганы бир тууганың Адонияга аялдыкка бер»,— деди. 22  Ошондо Сулайман падыша энесине: «Эмнеге шунемдик Абишаганы Адонияга бер деп жатасыз? Анча болду, падышалык бийликти да бер деп сурабайсызбы+, ал агам эмеспи?+ Ал үчүн эле эмес, дин кызматчы Абыятар+ үчүн да, Зеруянын уулу+ Жоап+ үчүн да сураңыз»,— деди. 23  Анан Сулайман падыша Жахабаны оозанып мындай деп ант берди: «Адония ушуну сураганы үчүн өмүрүнөн айрылбаса+, Кудай мени катуу жазаласын+. 24  Мени атам Дөөтүнүн тактысына+ бекем отургузган+ жана өзү убада кылгандай+, мага үй тургузган+ Жахаба тирүү!+ Адония бүгүн сөзсүз өлөт»+. 25  Анан ошол замат Жояттын уулу Бенаяны+ жиберди. Ал барып, Адонияны өлтүрдү+. 26  Дин кызматчы Абыятарга+ болсо падыша: «Анатотко+, өз жериңе кет! Өлүм жазасына тартылышың керек болсо да+, мен сени бүгүн өлтүрбөйм. Анткени сен атам Дөөтүнүн убагында Эгедер Теңир Жахабанын+ келишим сандыгын көтөрүп жүрчүсүң+, ошондой эле атам азап тартканда, сен да азап тарткансың»,— деди+. 27  Ошентип, Жахабанын Шилодо+ Эйлинин үйү жөнүндө айткан сөзү аткарылышы үчүн+, Сулайман Абыятарды дин кызматчылыктан четтетти, ал Жахабанын дин кызматчысы болбой калды. 28  Бул тууралуу укканда Жоап+ Жахабанын чатырына+ кире качып, курмандык жайынын мүйүздөрүн бекем кармап алды+. Анткени ал Абышаломду колдобосо да+, Адонияны колдогон болчу+. 29  Сулайман падышага: «Жоап Жахабанын чатырына качып кирип, курмандык жайынын жанында турат»,— деп билдиришти. Ошондо ал: «Барып, аны өлтүр» — деп, Жояттын уулу Бенаяны жиберди+. 30  Беная Жахабанын чатырына барып, Жоапка: «Падыша сени: „Чык!“ — деп жатат»,— деди. Бирок ал: «Чыкпайм, ушул жерде өлөм!» — деди+. Беная падышага барып: «Жоап ушинтип айтты, ал мага ушинтип жооп берди» — деп, анын сөздөрүн айтып берди. 31  Ошондо падыша ага мындай деди: «Аны өзү айткандай кыл, өлтүрүп ташта. Аны көөмп, мени жана менин атамдын үйүн ал төккөн күнөөсүз адамдардын+ канынан тазала+. 32  Ал атам Дөөтүгө айтпай туруп+, өзүнөн адил, өзүнөн алда канча жакшы эки кишини+: ысрайылдыктардын аскер башчысы Неирдин уулу+ Абинер+ менен жүйүттөрдүн аскер башчысы Жетердин уулу+ Амасаны+ кылыч менен өлтүрүп, кан төккөнү үчүн, Жахаба ага тиешесин берет+. 33  Алардын каны түбөлүккө Жоап менен анын тукумдарынын мойнунда болот+. Ал эми Дөөтү+ менен анын тукумдарына, анын үйү менен тагына Жахаба түбөлүккө тынчтык берет»+. 34  Жояттын уулу Беная барып+, аны өлтүрдү+. Жоапты чөлгө, үйүнүн жанына коюшту. 35  Падыша анын ордуна аскер башчы кылып+ Жояттын уулу Бенаяны+, ал эми Абыятардын ордуна дин кызматчы кылып Садокту дайындады+. 36  Акырында падыша Шимейди+ чакыртып, ага: «Иерусалимге үй салып, ушул жерде жаша, эч жакка чыкпа. 37  Билип кой, эгер бул жерден чыгып, Кидрон өзөнүнөн+ ары өтө турган болсоң, ошол күнү өлөсүң+. Өз каның өз мойнуңда болот»,— деди+. 38  Шимей: «Макул, мырзам. Улуу урматтуу падышам кандай айтса, кулуңуз ошондой кылат»,— деди. Ал Иерусалимде көп күн жашады. 39  Үч жылдан кийин Шимейдин эки кулу+ Гаттын падышасына, Мааханын+ уулу Акишке+, качып кетти. Шимейге: «Кулдарың Гатта жүрүшөт»,— деп айтышты. 40  Ал эшегин токуду да, кулдарын издегени Гатка, Акиштикине жөнөдү. Анан аларды Гаттан алып келди. 41  Сулайманга: «Шимей Иерусалимден чыгып, Гатка барып келди»,— дешти. 42  Падыша Шимейди чакыртып+: «Сага Жахабанын алдында ант бердиртип: „Билип кой, бул жерден чыгып, бир жакка бара турган болсоң, ошол күнү өлөсүң“,— деп эскертпедим беле+. Ошондо сен: „Макул, мырзам“,— дебедиң беле+. 43  Анда эмне үчүн Жахабанын алдында берген антыңды бузуп+, буйругумду аткарбай койдуң?» — деди+. 44  Анан ага: «Атам Дөөтүгө кылган жамандыгыңдын баарын өзүң жакшы билесиң+. Жахаба ал жамандыгыңды өз башыңа түшүрөт+. 45  Сулайман падыша болсо бата алат+, Дөөтүнүн тактысы Жахабанын алдында түбөлүккө бекем турат»,— деди+. 46  Анан Жояттын уулу Бенаяга буйрук берди. Ал барып, Шимейди өлтүрдү+. Сулайман башкарып турган убакта падышалык бекем болду+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «чындыкта жүрсө».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.