Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Падышалар 11:1—43

11  Сулайман фараондун кызынан+ башка дагы көптөгөн бөтөн жерлик аялдарды+: мааптык+, эдомдук+, сидондук+ аялдарды, Амондун+ жана Хеттин тукумдарынан+ болгон аялдарды сүйүп калды.  Жахаба ал элдер жөнүндө Ысрайыл уулдарына: «Алар жүрөгүңөрдү өздөрүнүн кудайларына буруп кетпеши үчүн+, алар менен кыз алышып, кыз беришпегиле»+,— деп айткан болчу. Бирок Сулайман аларды абдан жакшы көрүп, аларга байланып калды+.  Анын 700 аялы, 300 токолу бар эле. Бара-бара аялдары аны түз жолдон чыгарышты+.  Сулайман карыганда+, аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга+ буруп кетишти+. Ошентип, ал Жахаба Кудайына атасы Дөөтүгө окшоп бүт жүрөгү менен берилген жок+.  Сулайман сидондуктардын аял кудайы Астартага+, Амон тукумдарынын жийиркеничтүү бурканы Милкомго сыйына баштады+.  Ал Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып+, Жахабага атасы Дөөтүдөй болуп толугу менен баш ийген жок+.  Сулайман Иерусалимдин тушундагы+ тоого+ мааптыктардын жийиркеничтүү+ бурканы Кемоско+, Амон уулдарынын жийиркеничтүү бурканы Молекке сыйыныш үчүн бийик жерлерди жасады+.  Ал өздөрүнүн кудайларына курмандык чалып+, курмандык түтүнүн түтөткөн бөтөн жерлик бардык аялдарынын кудайларына арнап бийик жерлерди жасады+.  Сулайман өзүнө эки жолу көрүнгөн+ Ысрайылдын Кудайы Жахабадан четтеп кеткендиктен+, Жахаба ага каарданды+. 10  Жахаба ага башка кудайларга сыйынбашы керектигин айткан болчу+, бирок ал анын буйругуна баш ийбей койду. 11  Ошондуктан Жахаба Сулайманга мындай деди: «Ушундай кылганың үчүн, менин келишимимди бузуп, сага берген көрсөтмөлөрүмдү аткарбай койгонуң үчүн, падышалыкты сенден тартып алып, кызматчыңа берем+. 12  Бирок атаң Дөөтүгө берген убадам үчүн+ муну сенин убагыңда кылбайм+. Мен падышалыкты сенин уулуңдан тартып алам+. 13  Бирок мен андан падышалыкты толугу менен тартып албайм+. Кызматчым Дөөтүгө берген убадам үчүн, өзүм тандап алган Иерусалим+ үчүн уулуңа бир урууну калтырам»+. 14  Жахаба Сулайманга+ Эдом падышасынын тукуму Адатты душман кылды+. Ал Эдомдо+ болчу. 15  Мурун Дөөтү Эдомго сокку урганда+, аскер башчысы Жоап өлгөндөрдүн сөөгүн койгону Эдомго барып, ал жердеги эркек аттуунун баарын өлтүргүсү келген+. 16  (Жоап менен ысрайылдыктардын баары Эдомдо алты ай болушкан, ошол убакыт ичинде ал Эдомдогу бүт эркектерди кырып жок кылган.) 17  Бирок Адат бир нече эдомдук киши менен, атасынын кулдары менен, бирге Мисирге качып кеткен. Ал кезде ал кичинекей болчу. 18  Алар Мидиандан+ чыгып, Паранга+ барышкан. Анан ал жерден өздөрүнө бир нече киши кошуп алып, Мисир падышасы фараонго барышкан. Фараон ага үй берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жер бөлүп берген. 19  Адат фараондун көз алдында ырайым тапкандыктан+, ал ага аялы Тахпенес канышанын сиңдисин аялдыкка берген+. 20  Бир нече убакыт өткөндөн кийин Тахпенестин сиңдиси ага Генубат деген уул төрөп берген. Тахпенес аны эмчектен чыгарып+, фараондун үйүнө алдырткан. Ошентип, ал фараондун үйүндө анын балдары менен бирге чоңойгон. 21  Мисирде жүргөндө Адат Дөөтү менен аскер башчы Жоаптын өлгөнүн угуп+, фараонго: «Мени коё бер, өз жериме кетейин»,— деди+. 22  Фараон андан: «Эмнеге өз жериңе кеткиң келип жатат? Бул жерде бир нерседен өксүп жатасыңбы?» — деп сурады. Ал: «Жок, андай деле эмес. Ошентсе да, мени өз жериме коё берчи»,— деди. 23  Кудай Сулайманга өзүнүн мырзасынан, Собанын+ падышасы Ададезерден+, качып кеткен Элиаданын уулу Резонду да душман кылды+. 24  Дөөтү Собанын аскерлерин талкалагандан кийин+, Резон өзүнө киши чогултуп, талап-тоноочулардын башчысы болуп алган. Алар Дамаскка+ барып, ошол жерде жашап, бийлик кыла башташкан. 25  Сулаймандын көзү өткүчө+, ал Ысрайылга душман болуп, Адат кылган жамандыктардан тышкары көп жамандык кылды. Ал Сирияда бийлик кылып жүргөндө Ысрайылды аябай жек көрүп жүрдү+. 26  Сулайман падышага өзүнүн кулу+ середалык Жеробам+ да каршы чыкты+. Ал Эпрайым уруусундагы Небаттын уулу эле. Анын жесир калган энесинин аты Зеруа болчу. 27  Анын падышага каршы чыкканынын себеби мындай эле: Сулайман Милону* куруп+, атасы Дөөтүнүн шаарын+ курчаган дубалдын ачык калган жерлерин бүтөгөн болчу. 28  Жеробам күчтүү, тайманбас киши эле+. Сулайман анын жакшы иштээрин байкап+, Жусуптун үйүнөн+ болгон жалданма жумушчулардын баарына+ көзмөлчү кылып койгон+. 29  Бир күнү Жеробам Иерусалимден чыгып, жолдо кетип баратканда алдынан жаңы кийим кийген шилолук+ Ахия+ чыкты. Ал жерде экөөнөн башка эч ким жок болчу. 30  Ахия үстүндөгү жаңы кийимин он экиге бөлүп+ айрып салды да+, 31  Жеробамга мындай деди: «Өзүңө он бөлүгүн ал, анткени Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен Сулаймандан падышалыкты тартып алып, он урууну сага берем+. 32  Ал эми ага кызматчым Дөөтүгө берген убадам үчүн+, Ысрайыл урууларынын бардык шаарларынын ичинен тандап алган Иерусалим+ үчүн бир урууну калтырам+. 33  Анткени алар мени таштап+, сидондуктардын аял кудайы Астартага+, мааптыктардын кудайы Кемоско+, Амон уулдарынын кудайы Милкомго табынып кетишти+. Алар менин жолум менен жүрүшкөн жок, менин алдымда туура иштерди кылышкан жок, менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды Сулаймандын атасы Дөөтүдөй болуп сакташкан жок. 34  Бирок мен андан падышалыкты толугу менен тартып албайм. Ага өзүм тандап алган кызматчым Дөөтүгө берген убадам үчүн өмүрү өткөнчө падышалык кылууга жол берем+, анткени Дөөтү менин осуяттарым менен көрсөтмөлөрүмдү сактаган. 35  Мен падышалык бийликти анын уулунан тартып алып, он урууну сага берем+. 36  Ал эми анын уулуна, өзүмдүн ысмым үчүн тандап алган Иерусалим шаарында+ Дөөтүнүн тукуму* дайыма бийлик кылышы үчүн+, бир урууну берем. 37  Өзүң каалагандын бардыгына падышалык кылышың үчүн+, мен сени тандап алам, сен Ысрайылга падыша болосуң. 38  Эгер, кызматчым Дөөтүгө окшоп, мен айткандардын баарына баш ийип, менин жолумда жүрсөң, көрсөтмөлөрүм менен осуяттарымды аткарып, менин алдымда туура иштерди кылсаң+, мен сени менен болом+. Дөөтүнүн үйүн бекем кылгандай эле, сенин үйүңдү да бекем кылып+, Ысрайылды сага берем. 39  Дөөтүнүн тукумдарын жаман иштерди кылышканы үчүн басынтам+, бирок мен аларды түбөлүккө басынтпайм“»+. 40  Сулайман Жеробамды өлтүргүсү келгендиктен+, ал Мисирге, анын падышасы Шишакка+ качып кетип+, Сулайман өлгөнгө чейин, ошол жерде жашады. 41  Сулаймандын калган иштери, эмнелерди жасаганы, акылмандыгы жөнүндө Сулаймандын иштери баяндалган китепте жазылган. 42  Сулайман Иерусалимде бүт Ысрайылга кырк жыл падышалык кылды+. 43  Андан кийин ал ата-бабаларына кошулду+. Аны атасы Дөөтүнүн шаарына коюшту+. Анын ордуна уулу Рехабам+ падышалык кыла баштады.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «үймө топуракты». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.
Сөзмө-сөз: «чырагы».