Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Падышалар 10:1—29

10  Шебанын+ канышасы Жахабанын ысмы менен атагы чыккан Сулайман+ жөнүндө угуп, ага кыйын суроолорду берип сынаганы келди+.  Ал Иерусалимге көп кишилердин коштоосунда+ бальзам майы+, абдан көп алтын, кымбат баалуу таштар артылган төөлөрү+ менен келди. Каныша Сулайманга кирип, аны менен жүрөгүндө эмне болсо, ошонун баары тууралуу сүйлөштү+.  Сулайман падыша ага сураган нерселеринин баарын түшүндүрүп берди+. Ал жооп бере албаган бир да суроо болгон жок+.  Шебанын канышасы Сулаймандын акылмандыгын+, курган үйүн+,  дасторконундагы тамак-ашын+, кызматчыларынын дасторкондо кандай отурганын, тамак ташыган кулдарынын тейлегенин, алардын кийимин, падышанын ичкен суусундуктарын+, Жахабанын үйүндө дайыма чалчу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарын көргөндө аябай таасирленип+,  падышага мындай деди: «Сенин иштериң менен акылмандуулугуң жөнүндө өз жеримде жүргөндө уккандарым чын экен+.  Мен бул жерге келип, баарын өз көзүм менен көрмөйүнчө ал сөздөргө ишенген эмес элем. Көрсө, мага жарымы да айтылбаптыр!+ Сен мен уккандан да акылдуу экенсиң, байлыгың мен уккандан да көп экен+.  Сенин кишилериң, дайыма алдыңда туруп акылдуу сөздөрүңдү уккан+ кызматчыларың кандай бактылуу!+  Сени Ысрайылдын тактысына отургузган+ Жахаба Кудайыңа даңк!+ Жахаба Ысрайылды түбөлүккө сүйгөндүктөн+ сени, адилет+ сот жүргүзүшүң үчүн+, падыша кылып дайындады»+. 10  Анан ал падышага 120 талант алтын+, абдан көп бальзам майын+, кымбат баалуу таштарды тартуу кылды+. Андан кийин Сулайман падышага Шебанын канышасы тартуу кылганчалык көп бальзам майын эч ким тартуу кылган жок. 11  Хирамдын Опирден+ алтын ташыган кемелери+ ал жактан абдан көп кызыл дарак+ жана кымбат баалуу таштарды+ да ташычу. 12  Падыша ал кызыл дарактардан Жахабанын үйүнө+ жана падыша сарайына түркүктөрдү, ошондой эле ырчылар үчүн арфаларды+ жана башка кыл аспаптарды+ жасады. Буга чейин мынчалык көп кызыл дарак алынып келген эмес эле, алар мынчалык көп кызыл даракты көрүшө элек болчу. 13  Сулайман падыша Шебанын канышасына марттык менен+ берген тартууларынан тышкары, ал каалаган, ал сураган нерселердин баарын берди. Ошентип, каныша кызматчылары менен өз жерине кайтты+. 14  Сулайманга жыл сайын 666 талант* алтын түшүп турчу+. 15  Андан сырткары, жер кезип жүргөн көпөстөр менен соодагерлерден, Арабиянын+ бардык падышаларынан жана жергиликтүү башкаруучулардан да киреше түшүп турчу+. 16  Сулайман падыша алтындын эритиндисинен эки жүз чоң калкан+ (ар бирине 600 шекел* алтын кетти)+, 17  үч жүз кичине калкан (ар бирине 3 мина* алтын кетти) жасады+. Ал аларды Лебанон токою деп аталган үйгө койду+. 18  Падыша пилдин сөөгүнөн+ чоң такты+ жасап, аны таза алтын менен каптады+. 19  Тактынын алды жагына алты тепкич, үстү жагына тегерек келген чатырча, ал эми эки жагына чыканак койгучтарды+ жана эки арстан+ жасады. 20  Алты тепкичтин эки жагында он эки арстан турчу. Мындай эч бир падышалыкта болгон эмес+. 21  Сулайман падышанын суусундук ичкен идиштеринин баары алтындан, ошондой эле Лебанон токою деп аталган үйдөгү+ идиштердин баары таза алтындан жасалган эле+. Күмүштөн жасалган бир да нерсе жок болчу, анткени Сулаймандын убагында күмүш бааланчу эмес. 22  Падышанын Хирамдын кемелери менен бирге деңизде сүзгөн Таршыш+ кемелери бар болчу. Ал кемелер үч жылда бир жолу алтын+, күмүш, пилдин сөөгүн+, ошондой эле маймылдар менен тоосторду ташып келчү. 23  Сулайман падышага байлыгы+, акылмандыгы жагынан жер жүзүндөгү бир да падыша тең келчү эмес+. 24  Жер бетиндеги элдердин баары Кудай берген акылмандыгын угуш үчүн Сулайманды көргүсү келчү+. 25  Келгендердин ар бири ага күмүштөн+, алтындан жасалган буюмдарды, кийимдерди, курал-жарактарды+, бальзам майын, жылкылар менен качырларды+ тартуу кылышчу+, жыл сайын ушундай болчу+. 26  Сулайман майдан арабалары менен жылкысын улам көбөйтө берди. Анын 1400 арабасы, 12000 аты бар болчу+. Ал аларды арабалар үчүн курулган шаарларга жана өзүнө жакын жерге, Иерусалимге жайгаштырды+. 27  Падыша Иерусалимде күмүштү ташка теңеди+, ал эми бал карагайды анын көптүгүнөн Шепелада өскөн анжир дарагына теңеди+. 28  Сулайман падышага жылкыларды Мисирден алып келишчү. Анын соодагерлери жылкыларды үйүрү менен сатып келишчү+. 29  Мисирден алынып келген бир арабанын баасы 600 күмүш шекел, жылкыныкы болсо 150 күмүш шекел болчу. Хеттин тукумдарынын+ падышалары менен Сириянын падышалары да арабалар менен жылкыларды падышанын соодагерлеринен сатып алышчу.

Шилтемелер

Болж. м-н 23 т.
Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.
1 мина = 570 г. Грек Жазмаларындагы мина башка.