Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Корунттуктар 9:1—27

9  Мен эркин эмесминби?+ Элчи эмесминби?+ Мен Мырзабыз Исаны көргөн жок белем?+ Мырзабызга кызмат кылуудагы эмгегимдин үзүрү силер эмессиңерби?  Башкалар үчүн элчи болбосом да, силер үчүн элчи экеним шексиз. Анткени силер Мырзабыз үчүн элчи экенимди тастыктаган мөөрсүңөр+.  Мени сындагандарга өзүмдү коргош үчүн мындай демекчимин+:  биздин жеп-ичкенге укугубуз жокпу?+  Башка элчилерге, Мырзабыздын бир туугандарына+ жана Кейфага окшоп+, ишенимдешибизге үйлөнүп, аны ээрчитип жүрүүгө укугубуз жокпу?+  Же иштебей коюуга+ Барнаба+ экөөбүздүн эле укугубуз жокпу?  Кайсы жоокер өз эсебинен кызмат өтөйт? Ким жүзүмзар отургузуп, мөмөсүнөн жебейт?+ Же ким мал багып, сүтүнөн ичпейт?+  Буларды пенделик көз караш менен айтып жатамбы?+ Мыйзамда+ да ушундай деп айтылган эмеспи?  Мусанын мыйзамында: «Эгин бастырып жатканда өгүздүн оозун таңба»,— деп жазылган+. Муну менен Кудай өгүздөргө кам көрүп жатабы? 10  Же мунун баарын биз үчүн айтып жатабы? Ооба, бул сөздөр биз үчүн жазылган+, анткени жер айдаган киши да, эгин бастырган киши да өз үлүшүн аларына үмүттөнүп эмгектениши керек+. 11  Эгер силерге рухий нерселерди сээп+, кайра денебизге керектүү нерселерди жыйнап алсак, көптүк кылабы?+ 12  Башкалар силердин үстүңөрдөн ушундай укукка ээ болсо+, биз андан бетер ээ эмеспизби? Бирок Машаяк жөнүндөгү жакшы кабардын таралышына эч кандай тоскоолдук болбошу үчүн+, биз ал укугубуздан пайдаланган жокпуз+, тескерисинче, баарына чыдап келатабыз. 13  Же ыйык милдеттерди аткаргандардын ибадатканага таандык тамактан жей турганын+ жана курмандык жайында кызмат кылгандардын+ курмандык жайынан үлүш аларын билбейсиңерби? 14  Анын сыңарындай, Мырзабыз да+ жакшы кабар жарыялагандарга жакшы кабардын эсебинен жашоону буйруган+. 15  Бирок мен ал укуктарымдын бирин да пайдаланган эмесмин+. Азыр да пайдаланайын деп жазып жаткан жокмун, анткени андан көрө өлгөнүм артык. Мактанып айткан ушул сөздөрүмдү+ эч ким жокко чыгара албайт! 16  Мен жакшы кабар жарыялап жатканым+ үчүн мактана албайм, анткени бул — менин милдетим+. Жакшы кабар жарыялабасам, мага кайгы!+ 17  Эгер ал ишти өз эрким менен аткарсам+, анда сыйлык алам+. Эркиме каршы аткарсам, баары бир деле өзүмө тапшырылган жоопкерчиликти+ аткарган болом. 18  Анда менин сыйлыгым эмне? Жакшы кабарга байланышкан бийлигимди кыянат пайдалануудан качып, жакшы кабарды акысыз таратканым+ — алган сыйлыгым. 19  Эч кимдин алдында милдеттүү болбосом да, мүмкүн болушунча, көбүрөөк адамдарды Машаяктын жолуна алып келиш үчүн+ мен баарына кул болдум+. 20  Ошентип, жүйүттөрдү алып келиш үчүн алар үчүн жүйүттөй болдум+. Мыйзамдын бийлиги астындагыларды алып келиш үчүн, мыйзамдын бийлиги астында болбосом да+, мыйзамдын бийлиги астындагылардай болдум+. 21  Кудайдын мыйзамына баш ийип, Машаяктын+ мыйзамынын бийлиги астында болсом да+, мыйзамды билбегендерди+ алып келиш үчүн, мыйзамды билбегендердей болдум+. 22  Алсыздарды алып келиш үчүн алсыз болдум+. Айрымдарды кандайдыр бир жол менен болсо да куткарып калыш үчүн бардыгы үчүн бардыгы болдум+. 23  Бирок мунун баарын мен жакшы кабар үчүн, аны башкаларга жарыялаш үчүн кылып жатам+. 24  Жарышка катышкандардын+ баары чуркаганы менен, бирөө эле байге аларын+ билбейсиңерби? Ошондуктан байге алгыдай+ чуркагыла+. 25  Андан сырткары, жарышка катышкандардын баары өздөрүн бардык жагынан тыйышат+. Алар соолуй турган таажы алыш үчүн ошентишет+, биз болсо соолубай турган таажы алыш үчүн ошентебиз+. 26  Андыктан мен максатсыз чуркап бараткан жокмун+, жөн эле абаны муштагылап жаткан жокмун+. 27  Башкаларга кабар айтып жүрүп өзүм жараксыз болуп калбашым үчүн+, денемди сабап+, кулга айландырып жатам.

Шилтемелер