Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Корунттуктар 6:1—20

6  Кимдир бирөөңөрдүн башка бирөөгө доосу болсо+, ал соттошуу үчүн ыйыктарга эмес+, адил эместерге барууга кантип батынат?+  Же ыйыктардын дүйнөнү+ соттой турганын билбейсиңерби?+ Эгер силер дүйнөнү соттой турган болсоңор+, анда кантип майда-барат иштерди чечип албайсыңар?  Периштелерди соттой турганыбызды билбейсиңерби?+ Анда эмне үчүн турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерди чечип албайсыңар?  Чече турган ошондой маселеңер болсо+, жыйналыш үчүн баркы жок адамдарды сот кылып тандайсыңарбы?+  Муну силерди уяткарыш үчүн айтып жатам+. Араңарда бир туугандардын ортосундагы маселени чечкенге акылдуу эч ким жокпу?+  Бир тууган бир тууган менен соттошуу үчүн ишенбегендердин алдына барат деген эмне?!+  Бири-бириңер менен соттошуп жатканыңардын+ өзү эле жеңилгениңерди билдирет. Соттошкондон көрө, адилетсиздикке чыдаганыңар жакшы эмеспи?+ Соттошкондон көрө, алданып калганыңар жакшы эмеспи?+  Силер болсо, тескерисинче, бир туугандарыңарга адилетсиз мамиле кылып, аларды алдап жатасыңар+.  Же адил эмес адамдардын Кудайдын Падышалыгын мурастабай турганын билбейсиңерби?+ Алданбагыла. Бузуктук кылып жүргөндөр да+, бурканга табынгандар да+, ойноштук кылып жүргөндөр да+, табигый эмес жыныстык катнаштарга колдонулган эркектер да+, эркектер менен жатып жүргөн эркектер да+, 10  уурулар да, ач көздөр да+, аракечтер да+, башкаларга тил тийгизгендер да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышалыгын мурастабайт+. 11  Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер+. Бирок Мырзабыз Иса Машаяктын ысмы менен+, Кудайыбыздын руху аркылуу+ жуулдуңар+, ыйыкталдыңар+, адил деп жарыяландыңар+. 12  Менин баарын кылууга укугум бар, бирок баары эле пайдалуу эмес+. Баарын кылууга укугум бар+, бирок бир да нерсенин өзүмө үстөмдүк кылышына жол бербейм+. 13  Тамак ашказан үчүн, ал эми ашказан тамак үчүн+, бирок Кудай экөөнү тең жок кылат+. Дене бузуктук үчүн эмес, Мырзабыз үчүн+, Мырзабыз болсо дене үчүн+. 14  Кудай өзүнүн күчү менен+ Мырзабызды тирилткендей эле+, бизди да тирилтет+. 15  Силердин денеңер Машаяктын+ дене мүчөлөрү экенин билбейсиңерби?+ Андай болсо, Машаяктын дене мүчөлөрүн алып, сойкунун дене мүчөлөрү менен бириктирмек белем?+ Эч качан! 16  Же сойку менен бириккен кишинин аны менен бир дене болорун билбейсиңерби? Анткени Кудай: «Экөө бир дене болот»,— деп айткан+. 17  Ал эми ким Мырзабыз менен бириксе+, аны менен бир ойдо* болот+. 18  Бузуктуктан качкыла+. Адамдын башка күнөөлөрүнүн баары денесинен тышкары болот, ал эми бузуктук кылып жүргөн киши өз денесине каршы күнөө кылган болот+. 19  Же денеңер ичиңердеги ыйык рухтун+, Кудайдан алган рухтун, ибадатканасы экенин билбейсиңерби?+ Силер өзүңөргө таандык эмессиңер+, 20  анткени кымбат баага сатылып алынгансыңар+. Ошондуктан Кудайды денеңер+ менен даңктагыла+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «бир рухта».