Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Корунттуктар 13:1—13

13  Эгер мен адамдардын жана периштелердин тилинде сүйлөй алсам+, бирок менде сүйүү болбосо, анда зың эткен жезден же каңгыраган жез табактан*+ айырмам жок.  Эгер пайгамбарлык кылуу жөндөмүнө ээ болсом+, бардык ыйык сырларды билсем+, бүт жагынан билимдүү болсом+ жана тоолорду ордунан жылдыра алгыдай ишенимге ээ болсом+, бирок менде сүйүү болбосо, анда мен эч ким эмесмин+.  Эгер башкаларды тойгузуш үчүн бүт мүлкүмдү берсем+ же мактаныш үчүн өзүмдү курмандыкка чалсам+, бирок менде сүйүү болбосо+, анын баары пайдасыз.  Сүйүү+ чыдамкай+, боорукер+. Сүйүү көрө албастык кылбайт*+, мактанбайт+, менменсинбейт+,  адепсиздик кылбайт+, өз кызыкчылыгын көздөбөйт+, кыжырданбайт+, таарынычын эсептей бербейт+.  Сүйүү ыймансыздыкка кубанбайт+, чындыкка кубанат+.  Сүйүү баарын көтөрөт+, баарына ишенет+, баарына үмүттөнөт+, баарына чыдайт+.  Сүйүү эч качан жок болбойт*+. Ал эми пайгамбарлык кылуу, ар кандай тилдерде сүйлөө, керемет жолу менен билимге ээ болуу сыяктуу жөндөмдүүлүктөрдүн баары жок болот+.  Анткени азыр биздин билимибиз чектелүү+, пайгамбарлык кылуу жөндөмүбүз да чектелүү+. 10  Ал эми аларга толугу менен ээ болгонубузда+, чектелүү нерселер жок болот. 11  Мен бала кезимде баладай сүйлөп, баладай ойлонуп, баладай ой жүгүртчүмүн. Эр жеткенде+ болсо балага мүнөздүү адаттарды таштадым. 12  Азыр биз күзгүдөн* бүдөмүк нерселерди көрүп жатабыз+, кийин болсо алар даана* көрүнөт+. Азыр билимим чектелүү, бирок келечекте мен Кудайды, ал мени жакшы билгендей, жакшы билем+. 13  Ал эми азыр биз ишенимге, үмүткө, сүйүүгө ээбиз, мына ушул үчөө калат. Бирок алардын эң маанилүүсү — сүйүү+.

Шилтемелер

Бири-бирине кагыштырганда үн чыгаруучу эки жалпак жез табактан турган музыкалык аспап.
Же: «кызганбайт».
Же: «ийгиликсиз болбойт».
Байыркы убакта металл күзгүлөр колдонулчу.
Сөзмө-сөз: «бетме-бет».