Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Жылнаама 3:1—24

3  Дөөтүнүн+ Хеброндо+ төрөлгөн уулдары: тун уулу — Амнон+, аны изреилдик+ Акиноам+ төрөгөн, экинчи уулу Даниелди кармелдик+ Абигейил+,  үчүнчү уулу Абышаломду+ Гешур+ падышасы Талмайдын+ кызы Мааха+, төртүнчү уулу Адонияны+ Кагыт+,  бешинчи уулу Шепатияны Абытал+, ал эми алтынчы уулу Итрамды Эгла+ төрөгөн.  Ошентип, Дөөтүнүн алты уулу Хеброндо төрөлгөн. Дөөтү ал жерде жети жыл алты ай, ал эми Иерусалимде отуз үч жыл падышалык кылган+.  Иерусалимде+ ага Амиелдин+ кызы Батшеба+ Шима+, Шобап+, Натан+, Сулайман+ деген төрт уул төрөп берген.  Ошондой эле Иерусалимде анын Ипхар+, Элишама+, Элипелет+,  Ногах, Непек, Жапиа+,  Элишама+, Элиада, Элипелет+ деген тогуз уулу төрөлгөн.  Булар — Дөөтүнүн токолдору төрөп берген уулдарынан тышкаркы уулдары. Анын Тамар+ деген кызы да болгон. 10  Сулаймандан Рехабам+, Рехабамдан Абия+, Абиядан Аса+, Асадан Жошапат+ төрөлгөн. 11  Жошапаттан Жорам+, Жорамдан Ахазия+, Ахазиядан Жааш+ төрөлгөн. 12  Жааштан Амазия+, Амазиядан Азария+, Азариядан Жотам+ төрөлгөн. 13  Жотамдан Ахаз+, Ахаздан Хиския+, Хискиядан Менаше+ төрөлгөн. 14  Менашеден Амон+, Амондон Жошия+ төрөлгөн. 15  Жошиянын уулдары: тун уулу — Жоханан, экинчиси — Жаяким+, үчүнчүсү — Ситкия+, төртүнчүсү — Шалум. 16  Жаякимдин уулу Жекония+ болгон. Жекониянын уулу Ситкия болгон. 17  Жекониянын туткунда жүргөндө төрөлгөн уулдары: Шалтиел+, 18  Малкирам, Педая, Шеназар, Жекамия, Ошама, Недабия. 19  Педаянын уулдары: Зоробабыл+ менен Шимей. Зоробабылдын Мешулам, Ханания деген эки уулу, Шеломит деген кызы, 20  ошондой эле Хашуба, Охел, Берекия, Хасадия, Жушап-Хесет деген беш уулу болгон. 21  Хананиянын уулдары: Пелатия+ менен Жешая. Жешаянын уулу Репая, Репаянын уулу Арнан, Арнандын уулу Обадия, Обадиянын уулу Шехания болгон. 22  Шеханиянын уулдары: Шемая менен анын уулдары Хатуш, Игал, Бариа, Неария, Шапат. Бардыгын кошкондо, анын алты уулу болгон. 23  Неариянын Элионай, Хиския, Азрикам деген үч уулу болгон. 24  Элионайдын Одабия, Элиашип, Пелая, Акуп, Жоханан, Делая, Анани деген жети уулу болгон.

Шилтемелер