Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Жылнаама 28:1—21

28  Дөөтү Иерусалимге Ысрайылдын бүт төрөлөрүн+: уруулардын төрөлөрүн+, падышага кызмат кылган топтордун төрөлөрүн+, миң башыларды+, жүз башыларды+, падышанын мал-мүлкү+ менен уулдарына+ жооптуу башчыларды, ошондой эле ак сарай кызматчыларын+, күчтүү кишилерин+, эр жүрөк кишилеринин баарын чогултту.  Анан ордунан туруп, мындай деди: «Оо, элим, бир туугандарым, сөзүмө кулак салгыла. Жүрөгүмдө Жахабанын келишиминин сандыгы коюла турган жана Кудайыбыздын бут коё турган жери+ боло турган үй курайын деген каалоом бар эле+. Ошондуктан курулушка керектүүнүн баарын даярдап койгон болчумун+.  Бирок чыныгы Кудай мага: „Сен менин ысмыма арнап үй курбайсың+, анткени сен көп согушуп, кан төккөнсүң“,— деди+.  Ысрайылдын Кудайы Жахаба Ысрайылга түбөлүккө падыша болсун деп+ атамдын үйүндөгүлөрүнүн арасынан мени тандап алган+. Ал Жүйүттү жол башчы+ кылып тандаган. Анан Жүйүт үйүнөн атамдын үйүн тандап+, атамдын уулдарынын+ арасынан мени бүт Ысрайылга падыша кылып дайындаган+.  Жахаба мага көп уул берди+. Алардын арасынан уулум Сулайманды+ Ысрайылда Жахабанын падышалык тактысында отурушу үчүн тандап алды+.  Ошондой эле ал мага: „Менин үйүм менен короолорумду уулуң Сулайман курат+, анткени мен аны өзүмө уул кылып тандап алдым+, мен ага ата болом+.  Эгерде ал, бүгүнкү күндөгүдөй эле, менин осуяттарым+ менен мыйзамдарымды+ сактаганга чечкиндүү болсо, мен анын падышалыгын түбөлүккө бекемдейм“,— деди+.  Эми бүт Ысрайылдын, Жахабанын жыйналышынын+ жана Кудайыбыздын алдында+ силерге айтарым: ушул жакшы жерди ээлеп+, урпактарыңарга түбөлүккө мураска калтырышыңар үчүн Жахаба Кудайыңардын бардык осуяттарын издегиле, аларды аткаргыла.  Уулум Сулайман, атаңдын Кудайын таанып-бил+, ага бүт жүрөгүң+, бүт жаның+ менен кызмат кыл+, анткени Жахаба жүрөктөрдүн баарын сынап+, адамдын ойлору менен каалоолорунун баарын билип турат+. Эгерде аны издесең, табасың*+, ал эми аны таштай турган болсоң+, ал сени түбөлүккө таштап коёт+. 10  Эсиңде болсун, Жахаба сени ыйык жай боло турган үйдү курушуң үчүн тандап алды. Кайраттуу болуп, ишке кириш»+. 11  Андан кийин Дөөтү уулу Сулайманга ибадаткананын мунарасынын+ жана башка бөлмөлөрүнүн, кампаларынын+, үстүнкү бөлмөлөрүнүн+, ички бөлмөлөрүнүн, элдештирүү капкагы* турган бөлмөнүн+ чиймесин+ берди. 12  Ошондой эле Кудай ага өзүнүн руху аркылуу көрсөткөн+ нерселердин: Жахабанын үйүнүн короолорунун+, анын тегерегинде жайгашкан ашканалардын+, чыныгы Кудайдын үйүнүн казынасынын жана ыйыкталган буюмдар сакталган казынанын+ чиймесин да берди. 13  Андан сырткары, ал дин кызматчылар менен лебилердин топторуна+, Жахабанын үйүндөгү кызматка байланышкан бардык иштерге жана Жахабанын үйүндөгү кызматка колдонулган буюм-теримдерге байланышкан көрсөтмөлөрдү берди. 14  Ал ар кандай максатта колдонулган буюмдар жасалган алтындын салмагын, ар кандай максатта колдонулган күмүш буюмдардын+ салмагын, 15  алтын чыракпаялардын+, алардын алтын чырактарынын, башка чыракпаялар менен алардын чырактарынын, ар кандай кызматта колдонулган күмүш чыракпаялар менен алардын чырактарынын салмагын, 16  нан коюлган үстөлдөргө+ жана башка ар кандай үстөлдөргө кеткен алтындын, күмүш үстөлдөргө кеткен күмүштүн салмагын, 17  таза алтындан жасалган айрылардын, табактардын+, кумуралардын салмагын, алтындан жасалган майда чөйчөктөрдүн, ар кандай майда чөйчөктөрдүн+ жана күмүштөн жасалган майда чөйчөктөрдүн, ар кандай майда чөйчөктөрдүн салмагын, 18  жыпарзат түтөткүчкө+ кеткен таза алтындын салмагын, ошондой эле арабаны+ билдирген, тактап айтканда, Жахабанын келишиминин сандыгын канаттары менен жаап турган алтын керуптарга+ кеткен таза алтындын салмагын айтты. 19  Анан Дөөтү: «Жахаба мага жазылгандардын+ жана чиймеге+ түшүрүлгөндөрдүн баарын түшүнгөнгө жардам берди. Мен аны, ал мага жардам бергендиктен, жазып алгам»,— деди. 20  Андан соң Дөөтү өзүнүн уулу Сулайманга: «Кайраттуу+, бекем бол да, ишке кириш. Коркпо+, үрөйүң учпасын+, анткени Жахаба Кудайым сени менен болот+. Жахабанын үйүндөгү кызматка байланышкан иштердин баары аткарылып бүтмөйүн, ал сени калтырбайт, таштабайт+. 21  Андан сырткары, дин кызматчылар+ менен лебилердин+ топтору чыныгы Кудайдын үйүндөгү иштердин баарын аткарууга, чебер усталар+ болсо сага кызматка байланышкан иштерди аткарганга жардам берүүгө даяр+. Төрөлөр+ менен эл да сенин айтканыңды кылууга даяр»,— деди.

Шилтемелер

Же: «ал өзүн тапканга жол берет».
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.