Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Жылнаама 22:1—19

22  Дөөтү: «Чыныгы Кудай Жахабанын үйү+ менен Ысрайылдын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынуучу курмандык жайы+ ушул жерде болот»,— деди.  Ал Ысрайыл жериндеги келгиндерди+ чогултууну буйруду. Анан аларды чыныгы Кудайдын үйүн куруу үчүн төрт бурчтук кылып таш+ сомдоого+ дайындады.  Дөөтү дарбазалардын каалгаларынын мыктарын жана бириктиргичтерди жасаганга көп темир, эсепсиз көп жез даярдады+.  Ошондой эле ал аябай көп бал карагай+ камдады, анткени сидондуктар+ менен тирликтер+ ага абдан көп бал карагай алып келип турушчу.  Дөөтү: «Уулум Сулайман али жаш, тажрыйбасы да аз+, ал эми Жахаба үчүн курула турган үй жер жүзүндөгү эң кооз+, заңгыраган+ үй болушу керек. Ошондуктан мен ага баарын даярдап беришим керек» — деп, көзү өткөнгө чейин көп нерсе камдап койду+.  Ал уулу Сулайманды чакырып, ага Ысрайылдын Кудайы Жахабага арнап үй курууну буйруду.  Анан Сулайманга мындай деди: «Менин жүрөгүмдө Жахаба Кудайымдын ысмына арнап+ үй курайын деген каалоом бар эле+.  Бирок Жахаба мага мындай деди: „Сен улуу согуштарды жүргүзүп+, көп кан төктүң+. Менин көз алдымда көп кан төккөндүктөн сен менин ысмыма арнап үй курбайсың+.  Сен уулдуу болосуң+, ал тынчтыктын кишиси болот. Мен аны тегерегиндеги бардык душмандарынан коргоп, ага тынчтык берем+, ошондуктан анын аты Сулайман*+ болот. Анын күндөрүндө мен Ысрайылга тынчтык+, бейпилдик берем. 10  Менин ысмыма арнала турган үйдү ошол курат+. Ал мага уул болот+, мен ага ата болом+. Мен Ысрайылда анын падышалык тактысын түбөлүккө бекем кылам“+. 11  Эми, уулум, Жахаба сени менен болсун. Сени ийгилик коштоп жүрөт, Жахаба Кудайың өзү сен жөнүндө айткандай, сен ага арнап үй курасың+. 12  Жахаба сага акыл-эс, түшүнүк берсин+, Жахаба Кудайыңдын мыйзамын аткарып, Ысрайылды жетектеп жүрүшүң үчүн, ал сага насаат берип турсун+. 13  Эгер Жахабанын Муса аркылуу Ысрайылга берген+ көрсөтмөлөрү+ менен мыйзамдарын+ аткарууга аракет кылсаң, анда ийгиликке жетесиң+. Кайраттуу, бекем бол+. Коркпо+, үрөйүң учпасын+. 14  Башымдан кыйынчылык өткөрүп жаткан кезде+ мен Жахабанын үйү үчүн жүз миң талант алтын+, миллион талант күмүш, таразага тартып бүткүс жез+, темир+, ошондой эле устун менен таш камдап койгом, сен алардын үстүнө дагы кош. 15  Сенин жумушчуларың, таш сомдогон, таш менен иштеген жумушчуларың+, жыгач усталарың, ошондой эле ар түрдүү ишке жөндөмдүү кишилериң абдан көп+. 16  Алтын менен күмүшкө, жез менен темирге болсо эсеп жок+. Эми ишке кириш+, Жахаба сени менен болсун»+. 17  Дөөтү Ысрайылдын бардык төрөлөрүнө уулу Сулайманга жардам берүүнү буйрук кылып: 18  «Жахаба Кудайыңар силер менен болуп+, силерди тегерегиңердеги душмандарыңардан коргоп, тынчтык берди+. Ал бул жердин тургундарын менин колума салып берди, ошондуктан бул жер Жахабага жана анын элине баш ийди+. 19  Эми бүт жүрөгүңөр, бүт жаныңар менен+ Жахаба Кудайыңарды издегиле+. Жахабанын келишиминин сандыгын+, чыныгы Кудайдын ыйык буюмдарын Жахабанын ысмына арнала турган+ үйгө алып келишиңер үчүн чыныгы Кудайга, Жахабага+, арнап ыйык жай кургула»,— деди+.

Шилтемелер

«Тынчтык» деген маанини туюнткан уңгу сөздөн келип чыккан.