Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Жылнаама 20:1—8

20  Жылдын башында+, падышалар согушка барчу убакта+, Жоап аскерлери менен+ Амон уулдарынын жерине барып, аны кыйратып, Раббаны+ курчоого алды. Дөөтү болсо Иерусалимде калды. Жоап Раббаны басып алып+, аны талкалады.  Дөөтү Малкамдын* башынан бир талант алтындан жасалып, баалуу таштар менен кооздолгон таажысын чечип алды+. Аны Дөөтүнүн башына кийгизишти. Дөөтү ал шаардан абдан көп олжо алып чыкты+.  Андан сырткары, шаардын тургундарын алып чыгып, аларга таш кестиртип, курч темир шаймандар менен+, балта менен иштетип койду+. Ал Амон уулдарынын бардык шаарларын ушундай кылды. Ошондон кийин Дөөтү бүт эли менен бирге Иерусалимге кайтып келди.  Андан кийин Гезерде+ пелиштиликтер+ менен согуш болду. Хуштук Сипхай+ репаимдердин+ тукумдарынан болгон Сипайды өлтүрдү. Пелиштиликтер багынып беришти.  Пелиштиликтер менен дагы согуш болуп, Жайырдын уулу Элханан+ гаттык Голиаттын+ бир тууганы Лахмини өлтүрдү. Анын найзасынын сабы кездеме токугучтун баканындай чоң эле+.  Андан кийин Гатта+ согуш болду. Ал жерде колдору менен буттарында алтыдан манжасы, баары биригип жыйырма төрт манжасы бар+, бою абдан узун бир киши бар эле+. Ал да репаимдердин тукумдарынан болчу+.  Ысрайылды мазактаганы үчүн+ Дөөтүнүн бир тууганы Шиманын+ уулу Жонатан аны өлтүрүп койду.  Булар репаимдердин+ Гатта+ төрөлгөн тукумдары эле. Алар Дөөтү менен анын кишилеринин колунан өлүштү+.

Шилтемелер

Сыягы, Амон уулдарынын Молек же Милком деп да аталган жалган кудайы.