Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Жылнаама 18:1—17

18  Ошондон кийин Дөөтү пелиштиликтерди талкалап+, аларды багындырып, Гат+ менен ага караштуу шаарларды тартып алды.  Андан кийин ал Маап жерин талкалады+. Мааптыктар ага кул болуп, салык төлөй башташты+.  Соба+ падышасы Ададезер+ бийлигин орнотуу үчүн Эфрат дарыясынын+ аймагына барганда, Дөөтү ага Хаматтын+ жанынан катуу сокку урду.  Ал анын 1000 арабасын, 7000 атчан аскерин жана 22000 жөө аскерин колго түшүрүп+, арабага чегилген аттарынын+ буттарынын тарамыштарын кесип салды+, анын жүз атына гана тийген жок.  Соба падышасы+ Ададезерге жардамга Дамасктан сириялыктар келишти. Дөөтү алардын 22000 кишисин өлтүрүп,  Сириядагы Дамаскка+ күзөтчүлөрдүн бир нече тобун койду. Сириялыктар Дөөтүгө кул болуп, салык төлөй башташты+. Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны коргоп жүрдү+.  Дөөтү Ададезердин кишилеринин алтындан жасалган тегерек калкандарын+ алып, Иерусалимге алып барды+.  Андан сырткары, Дөөтү падыша Ададезерге таандык Тибхат+ жана Кун шаарларынан абдан көп жез алды. Кийин Сулайман ал жезден чоң казанды+, мамыларды+ жана башка буюмдарды жасады+.  Хамат падышасы+ Той Дөөтүнүн Соба падышасы Ададезердин+ аскерлерин талкалаганын угары менен 10  анын ал-абалын сураганы жана Ададезерге катуу сокку уруп, жеңишке ээ болушу менен куттуктаганы өзүнүн уулу Хадорамды*+ жиберди. (Анткени мурун Ададезер Той менен көп согушчу.) Хадорам ага күмүштөн, алтындан+, жезден жасалган ар кандай буюмдарды алып барды. 11  Дөөтү аларды Жахаба үчүн ыйыктады+. Ал башка элдерден+: эдомдуктардан, мааптыктардан+, Амон уулдарынан+, пелиштиликтерден+, Амалыктын тукумдарынан+ тартып алган алтын-күмүштү да ыйыктаган болчу. 12  Зеруянын уулу+ Абышай+ Туздуу өрөөндө эдомдуктардын 18000 кишисин өлтүрдү+. 13  Ал Эдомдун ар кайсы жерине күзөтчүлөр тобун койду. Эдомдуктар Дөөтүгө кул болуп калышты+. Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны коргоп жүрдү+. 14  Дөөтү бүт Ысрайылга падышалык кылып+, элин адилеттик, калыстык менен башкарды+. 15  Зеруянын уулу Жоап аскер башчы+, Акилуттун уулу Жошапат+ жылнаамачы, 16  Акитуптун уулу Садок+ менен Абыятардын уулу Акимелек+ дин кызматчы, Шапша+ катчы болуп кызмат кылды. 17  Жояттын уулу+ Беная+ керейтиликтер+ менен пелеликтерге+ башчылык кылды, ал эми Дөөтүнүн уулдары падышанын башкы кызматчылары болушту+.

Шилтемелер

2Шм 8:10до «Жорам».