Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Жылнаама 15:1—29

15  Дөөтүнүн шаары деп аталган шаарга Дөөтү өзүнө үйлөрдү курду+, ошондой эле чыныгы Кудайдын келишим сандыгы үчүн орун даярдап+, чатыр тикти.  Анан: «Лебилерден башка эч ким чыныгы Кудайдын келишим сандыгын көтөрбөшү керек, анткени Жахаба Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүрүүгө+, ага түбөлүккө кызмат кылууга+ лебилерди тандаган»,— деди.  Андан кийин ал Жахабанын келишим сандыгын өзү даярдаган жерге алып келиш үчүн+ бүт Ысрайылды Иерусалимге чогултту+.  Дөөтү Арундун уулдары+ менен лебилерди чогултту.  Кааттын уулдарынан Уриел+ башчы менен анын бир туугандары, бардыгы биригип 120 киши,  Мераринин+ уулдарынан Асая+ башчы менен анын бир туугандары, бардыгы биригип 220 киши,  Гершомдун+ уулдарынан Жоел+ башчы менен анын бир туугандары, бардыгы биригип 130 киши,  Элисапандын+ уулдарынан Шемая+ башчы менен анын бир туугандары, бардыгы биригип 200 киши,  Хеброндун уулдарынан Элиел башчы менен анын бир туугандары, бардыгы биригип 80 киши, 10  Узиелдин+ уулдарынан Аминадап башчы менен анын бир туугандары, бардыгы биригип 112 киши келди. 11  Дөөтү дин кызматчылар Садок+ менен Абыятарды+ жана Уриел+, Асая+, Жоел+, Шемая+, Элиел+, Аминадап деген лебилерди чакырып, 12  аларга: «Силер Леби уруусундагы үй-бүлөлөрдүн башчыларысыңар+. Андыктан өзүңөр да, бир туугандарыңар да өзүңөрдү ыйыктап+, Ысрайылдын Кудайы Жахабанын келишим сандыгын мен даярдап койгон жерге алып келгиле. 13  Анткени биринчи жолкусунда силер аны көтөрүп келбегениңер үчүн+, Жахаба Кудайыбыздын көрсөтмөсү боюнча иш кылбаганыбыз үчүн+, ал бизге каарданган»,— деди+. 14  Ошондо дин кызматчылар менен лебилер Ысрайылдын Кудайы Жахабанын келишим сандыгын алып келиш үчүн өздөрүн ыйыкташты+. 15  Леби уулдары Кудайдын келишим сандыгын, Жахаба Мусага буйрук кылгандай, шыргыйларынан алып+, ийиндерине коюп көтөрүп жөнөштү+. 16  Кубанычтуу үндөр жаңырып турушу үчүн, Дөөтү лебилердин башчыларына ырчы бир туугандарын+ күү аспаптар+, арфа+ жана ар кандай кыл аспаптар+, жез табактар+ менен тургузууну буйруду. 17  Лебилер күү аспаптар менен турууга дайындагандар булар: Жоелдин уулу Хеман+ жана анын бир туугандарынан Берекиянын уулу Асап+, алардын бир туугандары болгон Мераринин уулдарынан Кушаянын уулу Этан+, 18  алардын экинчи топко+ кирген бир туугандары Закарыя+, Бен, Жазиел, Шемирамот, Жехиел, Уни, Элиап, Беная, Маасея, Матития, Элипелей, Микнея жана дарбазачылар Обет-Эдом+ менен Жиел, 19  жез табак каккан Хеман+, Асап+, Этан деген ырчылар+, 20  аламотко*+ күүлөнгөн кыл аспаптарды черткен Закарыя, Азиел+, Шемирамот, Жехиел, Уни, Элиап, Маасея, Беная, 21  аларды жетектеп турушу үчүн арфалары+ шеминитке*+ күүлөнгөн Матития+, Элипелей, Микнея, Обет-Эдом, Жиел, Азазия, 22  тажрыйбасы бар болгондуктан+ келишим сандыгын көтөргөн лебилерди жетектеген Кенания+, 23  келишим сандыгын кайтарган+ Берекия менен Элкана, 24  чыныгы Кудайдын келишим сандыгынын алдында сурнай тарткан+ дин кызматчылар Шебания, Жошапат, Нетанел, Амасай, Закарыя, Беная, Элиезер, ошондой эле келишим сандыгын кайтарган Обет-Эдом менен Жехия. 25  Дөөтү+ менен Ысрайыл аксакалдары+ жана миң башылар+ кубанып+, Жахабанын келишиминин сандыгын Обет-Эдомдун+ үйүнөн алып келгени жөнөштү. 26  Чыныгы Кудай Жахаба анын келишиминин сандыгын көтөрүп бараткан лебилерге жардам бергендиктен+, алар жети букачар менен жети кочкорду курмандыкка чалышты+. 27  Дөөтү да, келишим сандыгын көтөрүп бараткан лебилер да, ырчылар да, келишим сандыгын көтөргөн ырчыларды+ жетектеген Кенания+ да өзгөчө чебердик менен токулган жеңи жок көйнөк кийип алышкан эле. Дөөтү зыгыр эфод+ да кийип алган болчу. 28  Ысрайылдыктардын баары ар кандай сурнайлардын+, жез табактардын+, арфа+ менен ар кандай кыл аспаптардын, кубанычтуу кыйкырыктардын коштоосунда+ Жахабанын келишиминин сандыгын алып баратышты. 29  Жахабанын келишиминин сандыгын+ Дөөтүнүн шаарына алып киришкенде, Шабулдун кызы Михал+ терезеден Дөөтү падышанын секирип, кубанып-шаттанып келатканын көрүп+, ичинен кемсинтти+.

Шилтемелер

Белгисиз музыкалык термин. Сыягы, улан-кыздардын эң бийик, ичке үнүн билдирет.
Сыягы, музыкалык аспапты жоон үн чыккыдай кылып күүлөөнү билдирет.