Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Жылнаама 13:1—14

13  Дөөтү миң башылар, жүз башылар жана башка бардык башчылар менен кеңешкенден кийин+  бүт Ысрайыл жыйналышына кайрылып: «Эгер силер туура көрсөңөр жана Жахаба Кудайыбызга жакса, бүткүл Ысрайыл жеринде жашап жаткан бир туугандарыбызга+, ошондой эле алардын шаарларында*+ жашаган дин кызматчылар+ менен лебилерге+ киши жиберип, баарын бул жерге чогулталы.  Анан барып, Кудайыбыздын келишим сандыгын алып келели»,— деди+. Анткени Шабулдун+ убагында келишим сандыгына көңүл бурулбай калган болчу.  Ал жерге чогулган бүт эл буга макул болду, себеби баары муну туура көрдү+.  Ошондо Дөөтү чыныгы Кудайдын келишим сандыгын+ Кириат-Жеаримден+ алып келиш үчүн Мисирдеги дарыядан+ тартып Хаматтын+ кире беришине чейинки жерлерде жашаган ысрайылдыктардын баарын чогултту+.  Анан Дөөтү менен бүт Ысрайыл чыныгы Кудайдын келишим сандыгын, керуптардын үстүндө отурган Жахабанын+ ысмы менен аталган келишим сандыгын, алып келиш үчүн Баалга+, Жүйүттөгү Кириат-Жеаримге, барышты.  Алар чыныгы Кудайдын келишим сандыгын Абынадаптын үйүнөн алып чыгып, жаңы арабага+ салып жөнөштү. Арабаны Уза менен Ахио айдап баратты+.  Дөөтү менен бүт ысрайылдыктар чыныгы Кудайдын алдында абдан кубанып+, ырдап+, дап кагып+, жез табак кагып, сурнай тартып+, арфа+ жана башка кыл аспаптарды+ чертип баратышты.  Алар Кидондун кырманына жеткенде+, өгүздөр арабаны көңтөрүп сала жаздагандыктан, Уза келишим сандыгын кармап калыш үчүн колун сунду+. 10  Ошондо ага Жахабанын каары кайнады. Ал аны келишим сандыгына колун сунганы үчүн өлтүрдү+. Ошентип, Уза ошол жерде, Кудайдын алдында өлдү+. 11  Дөөтү Жахабанын Узага каарын төккөнүнө ачууланды+. Ал жер ушул күнгө чейин Перез-Уза деп аталат. 12  Ошол күнү Дөөтү чыныгы Кудайдан абдан коркуп+: «Чыныгы Кудайдын келишим сандыгын өзүм жашаган жерге кантип алып барам?» — деди да+, 13  аны Дөөтүнүн шаарына алып барбай, гаттык+ Обет-Эдомдукуна алып барууну буйруду+. 14  Чыныгы Кудайдын келишим сандыгы Обет-Эдомдукунда үч ай турду+. Жахаба Обет-Эдомдун үйүндөгүлөрүнө жана анын эмнеси болсо, ошонун баарына батасын берип жатты+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «тегерегинде жерлери бар шаарларында».