Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

1 Жакан 1:1—10

1  Биз силерге башынан эле бар болгон+, өмүр бере турган сөздөрдү+ алып келген жана биз угуп+, өз көзүбүз менен көрүп+, карап+, колубуз менен кармап көргөн бирөө+ жөнүндө жазып жатабыз.  (Ооба, түбөлүк өмүр бизге ачык көрүнгөн+. Биз аны көрүп, ал жөнүндө силерге күбөлөндүрүп+, жарыялап жатабыз. Ал түбөлүк өмүр+ Атабыздын жанында болгон жана бизге ачык көрүнгөн.)  Биз менен биримдикте* болушуңар үчүн+, силерге кимди уксак, кимди көрсөк, ошол тууралуу айтып жатабыз+. Биз болсо асмандагы Атабыз менен, ошондой эле анын Уулу Иса Машаяк менен+ биримдиктебиз+.  Муну силерге кубанычыбыз толук болушу үчүн жазып жатабыз+.  Биз бул кабарды Исадан угуп, силерге жарыялап жатабыз+: Кудай — жарык+, анда эч кандай караңгылык жок+.  Эгерде биз: «Аны менен биримдиктебиз»,— дегенибиз менен, караңгылыкта жүрсөк+, анда калп айтып жатабыз, чындык боюнча жашаган жокпуз+.  Ал эми, Кудай жарыкта болгондой, биз да жарыкта жүрсөк+, анда өз ара биримдиктебиз+ жана анын Уулу Исанын каны+ бизди ар кандай күнөөдөн+ тазалайт+.  Эгер: «Күнөөбүз жок»,— деп айтсак+, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз+ жана бизде чындык жок.  Ал эми күнөөлөрүбүздү мойнубузга алсак+, Кудай ишенимдүү, адил болгондуктан, күнөөлөрүбүздү кечирип, бизди жаман нерсенин баарынан тазалайт+. 10  Эгерде: «Күнөө кылган жокпуз»,— деп айтсак, анда Кудайды жалганчы кылып жатабыз жана жүрөгүбүздө анын сөзү жок+.

Шилтемелер

Же: «шериктеш».