Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Эфестиктер 2:1—22

2  Кудай кылмыштарыңар менен күнөөлөрүңөрдөн улам өлүк болгон+ силерди тирилтти.  Бир кезде силер бул дүйнө түзүлүшүнө мүнөздүү жол менен жүрчүсүңөр+; абанын — азыр тил албаган адамдарга+ таасир этип жаткан рухтун+ — бийлигин колдонгон башкаруучунун+ эрки боюнча жашачусуңар.  Ооба, бир кезде баарыбыз алардын арасында дененин кумарларын аткарып+, денебиз менен акылыбыздын каалоолору боюнча жашачубуз+ жана төрөлгөндөн тартып, башкалардай эле, Кудайдын каарына кала тургандардан* болчубуз+.  Бирок кайрымдуулугу мол Кудай+ бизге улуу сүйүүсүн көрсөтүп+,  кылмыштарыбыздан улам өлүк болсок да, бизди тирилтип+, Машаяк менен бириктирди. Ошентип, силер ырайым менен куткарылдыңар+.  Биз Машаяк Иса менен биримдикте болгондуктан, Кудай бизди аны менен бирге тирилтип+, асман чөйрөсүнөн орун берди+.  Мунун аркасында келечектеги дүйнө түзүлүштөрүндө+ Кудайдын Машаяк Иса менен биримдикте болгон+ бизге кең пейилдик менен көрсөткөн ырайымынын ченемсиз мол+ экени айкын болот.  Силер ошол ырайымдын негизинде ишенимиңер аркылуу куткарылдыңар+. Буга өзүңөр жеткен жоксуңар+, муну силерге Кудай белек кылды+.  Ооба, эч кимиңер мактана албашыңар үчүн+, куткарылууга иштериңер аркылуу жеткен жоксуңар+. 10  Бизди Кудай жараткан+; ал алдын ала белгилеп койгон+ жакшы иштерди+ аткарып жүрүшүбүз үчүн биз Машаяк Иса менен биримдикте+ жаратылганбыз+. 11  Ошондуктан төрөлгөндөн тартып башка элдерден болгонуңарды+, адамдар тарабынан сүннөткө отургузулгандардын+ силерди сүннөткө отургузулбагандар деп атаганын эсиңерден чыгарбагыла. 12  Ал кезде силер Машаякты тааныбай+, ысрайыл элинен оолак болчусуңар+, убадага негизделген келишимдерге+ тиешеңер жок эле, бул дүйнөдө үмүтсүз жашап+, Кудайды тааный элек болчусуңар+. 13  Бир кезде Кудайдан алыс болгон силер азыр Машаяк Иса менен биримдикте болгондуктан анын канынын негизинде+ Кудайга жакын болуп калдыңар. 14  Машаяк — биздин тынчтыгыбыз+. Ал эки топту+ бириктирип+, аларды бөлүп турган+ ортодогу дубалды кулатты+. 15  Денесин+ курмандыкка берүү менен кастыкты+ — осуяттар менен буйруктардан турган Мыйзамды+ — жок кылды. Муну ал эки элден+ өзү менен биримдикте бир жаңы эл* жаратып+, тынчтык орнотуу үчүн, 16  ошондой эле, өзүнүн өлүмү менен кастыкты жойгондуктан+, жаза устуну+ аркылуу эки топту, алар бир денени түзүшү үчүн+, Кудай менен толук элдештирүү үчүн кылды+. 17  Ошентип, ал келип, Кудайдан алыс болгон силерге да, жакын болгондорго да+ тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялады+. 18  Анткени ал аркылуу биз — эки топ тең+ — бир рух+ менен Атабызга кайрыла алабыз+. 19  Ошондуктан силер эми чоочун+ же келгин эмессиңер+, ыйыктардын+ мекендештерисиңер+, Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүсүңөр+. 20  Силер элчилер+ менен пайгамбарлардан+ турган пайдубалдын үстүнө курулгансыңар+, ал эми пайдубалдын бурчуна коюлган негизги таш — Машаяк Исанын өзү+. 21  Аны менен биримдикте бүт имарат, бардык бөлүктөрү кыналып бириктирилип+, Жахабанын ыйык ибадатканасы болуш үчүн+ бийиктеп баратат. 22  Машаяк менен биримдикте болгон+ силерден Кудай өзүнүн руху менен жашай турган жай курулуп жатат+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «каардын балдарынан».
Сөзмө-сөз: «адам».