Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Эфестиктер 1:1—23

1  Кудайдын эрки менен+ Машаяк Исанын элчиси болгон Пабылдан+ Эфестеги ыйыктарга, Машаяк Исанын ишенимдүү шакирттерине+:  Кудай Атабыздын жана Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымы+, тынчтыгы силер менен болсун+.  Машаяктын шакирттери болгонубуз үчүн бизге асман чөйрөсүндө+ ар кандай рухий баталарды бергендиктен+ Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын+.  Анткени Машаяк менен биримдикте болуп, сүйүү көрсөтүү менен+ Кудайдын алдында ыйык, кемтиксиз болушубуз үчүн+, Ал бизди дүйнө негизделгенге чейин эле+ тандап алган+.  Анткени өзүнүн каалоосу жана эрки боюнча+ бизди Иса Машаяк аркылуу уулдары катары+ асырап алууну+ алдын ала белгилеп койгон+.  Ошондуктан ал бизге сүйүктүү Уулу+ аркылуу айкөлдүк менен көрсөткөн даңктуу ырайымы+ үчүн даңазалансын+.  Кудайдын мол ырайымынан улам+ Машаяк аркылуу, анын канынын негизинде төлөнгөн кун аркылуу+ боштондукка чыгышыбызга, ооба, күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачылган+.  Кудай бизге толук акылмандык+, түшүнүк берип, мол ырайым көрсөттү,  өзүнүн эркине байланышкан ыйык сырды ачып берди+. Ал сыр анын каалоосуна, ой-ниетине шайкеш келет+. 10  Ага ылайык, Кудай белгиленген мезгилдердин соңунда+ иш алып барып+, асмандагы+ менен жердегинин баарын кайрадан Машаяктын башчылыгы астында+ бириктирет+. Ооба, бардыгы анын башчылыгы астында биригет+. 11  Бардыгын өзүнүн эркине ылайык кылгандын ниети боюнча+ алдын ала белгиленгендиктен биз да Машаяк менен биримдикте мурасчы болуп дайындалдык+. 12  Бул Машаякка биринчилерден болуп үмүт арткан+ биз аркылуу Кудай даңкталып-макталышы үчүн болду+. 13  Чындык сөзүн+, куткарылууңар+ жөнүндөгү жакшы кабарды, уккандан кийин силер да Машаякка үмүт арта баштадыңар. Ага ишенип, ал аркылуу силер да убадаланган ыйык рух менен+ мөөрлөндүңөр+. 14  Ал рух — бизге бериле турган мурастын+ кепилдиги+. Кудайга таандык болгондор+ кун аркылуу боштондукка чыгып+, анын аркасында Кудай даңкталышы үчүн, силер ошол рух менен мөөрлөндүңөр. 15  Ошондуктан мен да силердин Мырзабыз Исага болгон ишенимиңер жөнүндө жана ишенимиңерди бардык ыйыктарга жасаган мамилеңер менен көрсөтүп жатканыңарды уккандан бери+ 16  силер үчүн ар дайым ыраазычылык билдирем. Тиленгенде дайыма силер жөнүндө айтып+, 17  Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы, даңктуу Атабыз силерге акылмандык рухун берип+, өзү жөнүндөгү так билимди ачып бере беришин суранам+. 18  Ал силердин жүрөгүңөрдүн көзүн+ ачты+. Ошонун аркасында кандай үмүткө ээ болууга чакырылганыңарды+, анын ыйыктарга+ кандай даңктуу байлыкты+ мурас катары сактап турганын, 19  бизге — ишенгендерге — таасир эткен анын кудуретинин+ чексиз улуулугун билесиңер. Ал улуулук Кудайдын кудуреттүү күчүнүн иш-аракети аркылуу көрүнөт+. 20  Кудай ал кудуреттүү күчүн колдонуп, Машаякты тирилткен+ жана аны асман чөйрөсүндө+ өзүнүн оң жагына отургузган+. 21  Ошондуктан ал азыркы эле эмес+, келечектеги дүйнө түзүлүшүндө+ да бардык өкмөттөрдөн, бийликтерден, күчтөрдөн, башчылыктан+ жана бардык ысымдардан жогору турат+. 22  Ошондой эле Кудай баарын анын бут алдына жыгып+, ага баш ийдирген жана жыйналыштын пайдасы үчүн аны баарына башчы кылып койгон+. 23  Жыйналыш — анын денеси+, бардыгын бардык жагынан толтурган+ Машаяктын толуктугу+.

Шилтемелер