Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Эстер 7:1—10

7  Ошентип, падыша менен Аман+ Эстер канышаныкына конокко барышты.  Экинчи жолу конокко барышкан күнү шарап ичип отурушканда падыша Эстерге+: «Эмне өтүнүчүң бар+, Эстер каныша? Айт, сөзсүз орундатам+. Каалаганың эмне? Атүгүл падышалыгымдын жарымын сурасаң да, берем!» — деди+.  Ошондо Эстер каныша: «Оо, падышам, эгер сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, эгер падышам туура көрсө, анда суранам, өмүрүмдү сактап кал, өтүнөм, элимди куткарып кал+.  Анткени мени да, менин элимди да өлтүрүш үчүн, жок кылыш үчүн, тукум курут кылыш үчүн+ сатып жиберишти+. Эгер бизди кулчулукка сатышкан болсо+, анда унчукпайт элем. Бирок бул каргашага жол берилбеши керек, анткени бул падышага да зыян алып келет»,— деди.  Ошондо Акашберош падыша Эстер канышага: «Мындай ишке батынган+ ким ал?+ Каякта ал?» — деди.  Эстер: «Касыбыз да+, душманыбыз да+ мобул кара өзгөй Аман»,— деди. Аман падыша менен канышадан абдан коркуп кетти+.  Падыша каарданып+, шарап ичип отурган жеринен турду да, падыша сарайынын багына чыгып кетти. Аман болсо падышанын+ аны жазасыз калтырбай турганын түшүнүп+, жан соогалап, Эстер канышага жалына баштады+.  Падыша бактан кайра келсе, Аман Эстер отурган сөөрүгө+ жабышып алыптыр. Аны көрүп, падыша: «Эми менин көзүмчө, менин үйүмдө канышаны зордуктагың барбы?» — деди. Ал ошентип айтары менен+, Амандын жүзүн чүмкөй салышты.  Падышанын ак сарай кызматчыларынын бири+ Харбон+: «Амандын үйүндө бийиктиги элүү чыканак болгон устун турат+. Ал аны падышага кабар берип, өмүрүн сактап калган Мордохайды+ асыш үчүн жасаткан»,— деди. Ошондо падыша: «Ошол устунга өзүн асып салгыла»,— деди+. 10  Алар Аманды Мордохайды асыш үчүн жасаткан+ устунуна асып салышты+. Ошондон кийин падышанын ачуусу тарады.

Шилтемелер