Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Эстер 5:1—14

5  Үчүнчү күнү+ Эстер өзүнүн каныша кийимин кийип+, падыша сарайынын ички короосуна кирип+, падышанын үйүнүн алдына барып турду. Падыша өзүнүн үйүндө, тактысында отурган эле. Анын тактысы үйүнүн кире беришинин тушунда турчу.  Падыша короодо турган Эстер канышаны көрдү. Эстер анын көз алдында ырайым тапкандыктан+, ал колундагы алтын таягын аны көздөй сунду+. Эстер жакын барып, таяктын учуна колун тийгизди.  Падыша ага: «Эмне өтүнүч менен келдиң, Эстер каныша? Каалаганың эмне?+ Атүгүл падышалыгымдын жарымын сурасаң да, берем!» — деди+.  Эстер: «Эгер падышам туура көрсө, бүгүн Аман+ экөө меникине келишсин. Падышамды коноктош үчүн мен баарын даярдап койдум»,— деди+.  Падыша: «Эстердин айтканын орундатыш үчүн, Аманды тезинен чакыргыла»,— деди+. Анан Аман экөө Эстердикине конокко барышты.  Шарап ичип отурушканда падыша Эстерге: «Эмне өтүнүчүң бар?+ Айт, сөзсүз орундатам! Каалаганың эмне? Атүгүл падышалыгымдын жарымын сурасаң да, берем!» — деди.  Эстер: «Менин каалоом, менин өтүнүчүм мындай:  эгер падышанын көз алдында ырайым тапкан болсом+, эгер падышам менин каалоомду, өтүнүчүмдү аткаргысы келсе, анда Аман экөө эртең да меникине конокко келишсин. Мен өтүнүчүмдү падышама эртең айтам»,— деди+.  Ошол күнү Аман аныкынан кубанычтуу, көңүлдүү чыкты+. Бирок падышанын дарбазасынын жанында отурган Мордохайдын+ аны көрүп ордунан турбаганын+, козголуп да койбогонун+ көргөндө каары кайнап чыкты+. 10  Бирок Аман өзүн кармады. Үйүнө барганда ал достору менен аялы Зерешти чакыртып+, 11  аларга өзүнүн сан жеткис байлыгын+, уулдарынын көптүгүн+, падыша анын зоболосун көтөрүп, аны башка төрөлөрү менен кызматчыларынан жогору койгонун айтып мактанды+. 12  Анан ал: «Ал гана эмес, Эстер каныша конокко падышага кошуп мени эле чакырыптыр, менден башка эч кимди чакырбаптыр+. Ал мени падышага кошуп эртең да конокко чакырды+. 13  Бирок падышанын дарбазасынын жанында отурган жүйүт Мордохайды көрүп турганымда мунун бирине да көңүлүм тойбойт»,— деди. 14  Ошондо аялы Зереш менен достору ага: «Бийиктиги элүү чыканак устун жасат да+, эртең менен падышага барып айт+, Мордохайды ошол устунга асып салсын+. Анан жыргап падыша менен конокко бара бер»,— дешти. Алардын айтканы жагып калгандыктан+, Аман устун жасатты+.

Шилтемелер