Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Эстер 3:1—15

3  Ошол окуялардан кийин Акашберош падыша Агактын+ тукумдарынан болгон Амадаттын уулу Аманды+ жогору көтөрүп+, анын тактысын өзүнүн бардык төрөлөрүнүн тактысынан жогору койду+.  Падыша буйрук кылгандыктан, анын дарбазасынын алдында+ кызмат кылган кызматчыларынын баары жүзтөмөндөп жыгылып, Аманга таазим кылышчу. Мордохай болсо анын алдында жүзтөмөндөп жыгылчу эмес, ага таазим кылчу да эмес+.  Ошондуктан падышанын дарбазасынын алдында кызмат кылган кызматчылар Мордохайга: «Сен эмнеге падышанын буйругун аткарбай жатасың?» — дешти+.  Алар күндө ошентип айтышса да, Мордохай аларды уккан жок. Ошондо алар аны, эмне кылар экен деп, Аманга айтып барышты+, анткени Мордохай аларга өзүнүн жүйүт экенин айткан болчу+.  Мордохайдын жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылбаганын көрүп+, Аман абдан каарданды+.  Аманга Мордохайдын кайсы элден экенин да айтышкандыктан, ага анын өзүн эле өлтүрүү аз көрүндү. Ошон үчүн ал Мордохайдын элин+, Акашбероштун падышалыгында жашаган жүйүттөрдүн баарын, өлтүрүүнүн жолун издей баштады+.  Анын күнүн, айын аныкташ үчүн Акашберош падышанын башкаруусунун он экинчи жылынын+ биринчи айында+, нисан айында, Амандын алдында пур+, башкача айтканда, өкчөмө таш ыргытышты+. Өкчөмө таш он экинчи айга, адар айына+, түштү.  Ошондо Аман Акашберош падышага барып: «Сенин падышалыгыңдагы дубандарда+ жашаган элдердин арасына чачырап кеткен+, өздөрүн обочо алып жүргөн бир эл бар. Ал элдин мыйзамы башка элдердикиндей эмес. Алар атүгүл падышанын мыйзамдарын да аткарышпайт+. Падышам аларды ошол бойдон жөн калтырбашы керек.  Эгер падышам туура көрсө, аларды тукум курут кылууга буйрук чыгарсын. Мен ал буйрукту аткара тургандарга+ он миң талант*+ күмүш төлөп берем. Ал күмүштү падышанын казынасына алып келип берем»,— деди. 10  Ошондо падыша колундагы мөөр шакегин чечип+, Агактын+ тукумдарынан болгон Амадаттын уулу Аманга+, жүйүттөрдүн душманына+, берди да, 11  ага: «Күмүштү да+, элди да сага бердим. Ал элди эмне кылам десең өзүң бил»,— деди+. 12  Биринчи айдын он үчүнчү күнү падышанын катчыларын чогултушту+. Алар Амандын падышанын сатраптары* менен дубан башкаруучуларына+ жана дубандардагы ар кандай элдерди башкарган төрөлөрүнө берген буйруктарын ар бир дубанга өзүнүн ариби менен+, ар бир элге өз тилинде жазышты+. Аны Акашберош падышанын атынан жазып+, анын мөөр шакеги менен бекитишти+. 13  Белгиленген күнү+, он экинчи айдын, башкача айтканда, адар айынын он үчүнчү күнү+ жүйүттөрдүн баарын: жашын да, карысын да, балдарын да, аялдарын да бүт кырып, мал-мүлкүн талап-тоноп алыш үчүн+, ал каттарды чабармандар+ аркылуу падышага караштуу бардык дубандарга жөнөтүштү. 14  Анткени бардык элдер ошол күнгө даяр болушу үчүн, бүт дубандарга+ мыйзам катары берилген ал буйрук+ баарына жарыяланышы керек эле. 15  Падышанын буйругу менен чабармандар тезинен жөнөп кетишти+. Ал мыйзам Шушан ак сарайында+ да жарыяланды. Падыша менен Аман шарап ичкени отурушту+. Шушан шаарындагылар+ болсо дүрбөлөңгө түшүп жатышты+.

Шилтемелер

1 талант = 34,2 кг.
Сатрап — дубандын башкы башкаруучусунун наамы.