Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Эстер 1:1—22

1  Индиядан тартып Эфиопияга чейинки 127 дубанды башкарган+ Акашбероштун+ күндөрүндө,  Акашберош падыша Шушан+ ак сарайында+ башкарып жатканда+, мындай окуя болду:  ал өзүнүн башкаруусунун үчүнчү жылында өзүнүн бардык төрөлөрү, кызматчылары, Персия+ менен Мадайдын+ аскер башчылары, аттуу-баштуу кишилери+, дубан башкарган төрөлөрү+ үчүн той өткөрдү+.  Ал көп күн, 180 күн, өзүнүн даңкы чыккан падышалыгынын байлыгын, өзүнүн даңкы менен улуулугун көрсөттү+.  Андан кийин Шушан ак сарайындагылардын баарын: жогорку даражалууларын да, карапайымдарын да чакырып, падыша сарайынын багында жети күн той өткөрдү.  Ал жерде зыгырдан, таза пахтадан жана көк кездемеден+ тигилген пардалар илинип турган. Алар мрамор түркүктөрдөгү күмүш шакекчелерге өзгөчө чебердик менен жасалган жиптер, кызгылт көк+ түстөгү тасмалар менен байланган эле. Жерине болсо порфир, бермет, ак мрамор менен кара мрамор төшөлгөн болчу, ошондой эле алтын, күмүш сөөрүлөр+ коюлган эле.  Шарапты бири-бирине окшобогон алтын идиштерге+ куюп берип жатышты. Падышанын байлыгына жараша шарап+ абдан көп болду,  бирок адаттагыдан айырмаланып, эч ким эч кимди кыйнаган жок. Анткени падыша үй башкаруучуларына ар кимди өз эркине коюуну буйрук кылган эле.  Ошол убакта Башти каныша+ да Акашберош падышанын үйүндө аялдар үчүн той өткөрүп жаткан эле. 10  Жетинчи күнү Акашберош падыша шарап ичип+, көңүлү көтөрүлгөндө өзүнө кызмат кылган жети ак сарай кызматчысына+: Мехуман, Биста, Харбон+, Бикта, Абахта, Зетар жана Каркастарга 11  Башти канышанын сулуулугун төрөлөр менен элге көрсөтүш үчүн башына таажысын кийгизип алып келүүнү буйрук кылды. Анткени каныша абдан сулуу эле+. 12  Ак сарай кызматчылары Башти канышага барып, падышанын айткандарын айтышты, бирок ал келбей койду+. Ошондо падышанын абдан ачуусу келип, каары кайнады+. 13  Падыша каада-салтты жакшы билген+ акылмандарына кайрылды+. (Анткени кандай иш болбосун, падыша мыйзамды, сотту жакшы билген кишилер менен кеңешчү. 14  Персия менен Мадайдын жети төрөсү+: Каршена, Шетар, Адмата, Таршыш, Мерес, Марсена жана Мемухан анын эң жакын кеңешчилери эле. Алар падышалыкта эң жогорку абалды ээлеген, падышанын алдына барууга укуктуу кишилер болчу+.) 15  Ал алардан: «Мыйзам боюнча, Акашберош падышанын ак сарай кызматчылары аркылуу айткан сөзүнө баш ийбей койгон Башти канышаны эмне кылыш керек?» — деп сурады. 16  Ошондо Мемухан падыша менен төрөлөргө мындай деди+: «Башти каныша жеке эле падышага эмес, бүт төрөлөргө жана Акашберош падышага караштуу дубандардагы элдин баарына каршы иш кылды+. 17  Канышанын бул кылганын аялдардын баары угат да: „Акашберош падыша Башти канышаны алдына алып келүүнү буйрук кылганда, ал барбай койгон“,— деп күйөөлөрүн+ тоготпой калышат+. 18  Персия менен Мадайдын төрөлөрүнүн аялдары да канышанын бул жоругун угуп, күйөөлөрүнө ушундай мамиле кылышат. Анын айынан сый кетип, каардангандар көп болот+. 19  Эгер падыша туура көрсө+, Башти мындан ары Акашберош падышанын алдына келбесин деген буйрук чыгарып, эч качан өзгөртүлбөшү үчүн+, ал буйрукту Персия менен Мадайдын мыйзамдарына кошуп жазып койсун+. Ал эми анын ордуна андан жакшы башка аялды каныша кылып койсун. 20  Анан падышанын ал буйругу бүт падышалыкка (анткени анын падышалыгы абдан чоң) жарыя кылынсын, ошондо күйөөсү атактуу болобу, карапайым болобу, аялдардын баары күйөөлөрүн+ сыйлашат»+. 21  Мемухандын кеңеши падыша менен төрөлөргө жаккандыктан+, падыша ал айткандай кылды. 22  Ар бир эркек өз үйүндө кожоюн болуп+, өз элинин тилинде сүйлөшү үчүн, падыша ар бир дубанга+ өз арибинде, ар бир элге өз эне тилинде кат жазып, өзүнө караштуу бардык дубандарга жөнөттү+.

Шилтемелер