Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Элчилер 9:1—43

9  Мырзабыздын шакирттерин+ мурункудай эле коркутуп, өлтүргүсү келген+ Шабыл башкы дин кызматчыга барып,  бул Жолдо*+ жүргөндөрдү, эркек-аял дебей баарын байлап, Иерусалимге алып келиш үчүн Дамасктагы синагогаларга кат жазып беришин суранды.  Шабыл жолго чыгып, Дамаскка жетейин деп калганда, күтүлбөгөн жерден асмандан жарык түшүп, айланасы жапжарык болуп калды+.  Ал жерге жыгылды. Анан: «Шабыл, Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың?» — деген үндү укту+.  Ал: «Мырзам, сен кимсиң?» — деп сурады. Ошондо: «Мен сен куугунтуктап жаткан Исамын+.  Ордуңан туруп+, шаарга бар. Ал жерден сага эмне кылышың керектиги айтылат»,— деген жооп угулду.  Жанында келаткан кишилер+ үн катпай туруп калышты+. Алар үндү угушканы менен+, эч кимди көрүшкөн жок.  Шабыл ордунан туруп, көздөрү ачык болсо да, эч нерсе көргөн жок+. Ошондуктан аны колунан жетелеп, Дамаскка алып барышты.  Анын көзү үч күн бою көргөн жок+. Ал эч нерсе ичкен да, жеген да жок. 10  Дамаскта Анания+ деген шакирт бар эле. Мырзабыз ага аян аркылуу: «Анания!» — деди. Ал: «Угуп жатам, Мырзам»,— деди. 11  Мырзабыз ага: «Ордуңан тур да, Түз деп аталган көчөгө барып, Жүйүттүн үйүнөн тарстык Шабыл+ деген кишини сура. Азыр ал тиленип жатат. 12  Ал өзүнө Анания деген кишинин келип, көзү көрүшү үчүн, үстүнө колун койгонун аян аркылуу көрдү»,— деп айтты+. 13  Ошондо Анания: «Мырзам, мен анын Иерусалимдеги ыйыктарыңа* далай жолу жамандык кылганын көптөрдөн уккам. 14  Бул жакка да сенин атыңды чакыргандардын+ баарын кармаш үчүн жогорку дин кызматчылардан уруксат алып келген»,— деди. 15  Бирок Мырзабыз ага: «Баргын, анткени менин атымды башка элдерге+, падышаларга+ жана Ысрайыл уулдарына жарыялашы үчүн, мен аны идишим катары тандап алдым+. 16  Мен ага менин ысмым үчүн канча азап тартышы керектигин көрсөтөм»,— деп айтты+. 17  Ошентип, Анания барып, үйгө кирди да, Шабылдын үстүнө колдорун коюп: «Бир тууганым Шабыл, көзүң кайрадан көрүп, ыйык рухка толушуң үчүн+, жолдо келатканыңда көрүнгөн Мырзабыз Иса мени сага жиберди»,— деди. 18  Ошол замат Шабылдын көзүнөн балыктын кабырчыгына окшогон бир нерсе түшүп, көзү көрө баштады. Анан ал туруп, чөмүлтүлдү. 19  Андан кийин тамак жеп, кубаттанып калды+. Ал бир нече күн Дамасктагы+ шакирттер менен болуп, 20  токтоосуз түрдө Исанын Кудайдын Уулу экенин синагогаларда жарыялай баштады+. 21  Аны уккандардын баары таң калып: «Иерусалимде бул ысымды чакыргандарды ырайымсыздык менен куугунтуктап жүргөн киши+ ушул эмеспи? Бул жакка да аларды кармап, жогорку дин кызматчыларга алып барыш үчүн келген эмес беле?»+ — деп жатышты. 22  Шабыл болсо барган сайын күчтөнүп, Исанын Машаяк экенине жүйөлүү далилдерди келтирип+, Дамаскта жашаган жүйүттөрдү таң калтырып жатты. 23  Бир топ күн өткөндөн кийин, жүйүттөр аны өлтүрүш үчүн кеңешишти+. 24  Бирок Шабыл ал тууралуу билип калды. Тигилер болсо аны өлтүрүш үчүн шаардын дарбазасын күнү-түнү кайтарышты+. 25  Ошондуктан шакирттери аны түндө шаардын дубалындагы терезеден себет менен ылдый түшүрүп, кетирип жиберишти+. 26  Иерусалимге келгенде+ ал шакирттерге кошулууга аракеттенди. Бирок анын шакирт болгонуна ишенбей, баары андан коркуп жатышты. 27  Ошондо Барнаба жардамга келип+, Шабылды элчилерге алып барды да, анын жолдон Исаны көргөнүн+, Исанын ага эмне дегенин+ жана Дамаскта анын ысмы жөнүндө кайраттуулук менен кабар айтканын+ төкпөй-чачпай айтып берди. 28  Ошентип, Шабыл алар менен калды. Ал Иерусалимди ээн-эркин аралап, Мырзабыздын ысмы жөнүндө кайраттуулук менен кабар айтып+, 29  грекче сүйлөгөн жүйүттөр менен маектешип, кызуу талкуу жүргүзүп жатты. Алар аны өлтүрүүгө аракет кылышты+. 30  Бирок бир туугандар бул тууралуу билип калып, аны Кесарияга алып барышты да, андан ары Тарска жөнөтүп жиберишти+. 31  Ошол убакта бүт Жүйүт жеринде, Галилеяда жана Самарияда жыйналыш+ бекемделип, тынч жашоо өткөрө баштады. Жахабадан коркушкандыктан+ жана ыйык рух аркылуу сооронуч алышкандыктан+ шакирттердин саны өсүп жатты. 32  Петир бардык жерлерди кыдырып жүрүп Лиддада+ жашаган ыйыктарга да барды. 33  Ал жерден сегиз жылдан бери шал болуп төшөктө жаткан Айней деген кишини көрдү. 34  Петир ага+: «Айней, Иса Машаяк сени айыктырып жатат+. Тур, төшөнчүңдү жыйна»,— деди. Ал ошол замат ордунан турду. 35  Аны көрүп, Лиддада жана Шарон+ түздүгүндө жашагандардын баары Мырзабызга ишенип калышты+. 36  Жапада+ көп жакшы иштерди жасаган, жакырларга көп жакшылык кылган+ Табита (грекче Дорка*) деген аял бар эле. Ал Исанын жолдоочусу болчу. 37  Ошол күндөрү ал ооруп, каза болуп калды. Анын сөөгүн жууп, үстүнкү бөлмөгө жаткырышты. 38  Лидда+ Жападан алыс эмес болгондуктан, шакирттер Петирдин ошол шаарда экенин угуп, ага эки кишини жөнөтүп: «Бизге тезирээк кел»,— деп айттырып жиберишти. 39  Петир алар менен жөнөдү. Ал келгенде, аны үстүнкү бөлмөгө киргизишти. Жесир аялдардын баары келип, Дорканын тирүү кезинде тигип берген+ көптөгөн кийимдерин+ Петирге көрсөтүп, ыйлап жатышты. 40  Ал баарына сыртка чыгууну буйруду+. Анан тизелеп тиленген соң өлүккө бурулуп: «Табита, тур!» — деди. Ал көзүн ачып, Петирди көрдү да, өйдө болуп отурду+. 41  Петир колун сунуп, аны тургузду+. Анан ыйыктарды, алардын ичинде жесирлерди да чакырып, тирилген Табитаны көрсөттү+. 42  Бул тууралуу бүт Жапага белгилүү болуп, көптөр Мырзабызга ишене баштады+. 43  Петир Жапада тери иштеткен Симон деген кишиникинде+ бир топ күн болду+.

Шилтемелер

Бул сөз Исанын жолдоочуларынын жашоо жолуна жана окууларына карата колдонулган.
1896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Грек тилиндеги Дорка, арамей тилиндеги Табита деген ысымдар «жейрен» дегенди билдирет.