Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Элчилер 6:1—15

6  Ошол убакта, шакирттердин саны өсүп жаткан күндөрдө, грекче сүйлөгөн жүйүттөр+ еврейче сүйлөгөн жүйүттөргө нааразы боло башташты. Анткени күнүмдүк тамак-аш бөлүштүрүүдө алардын жесирлери көңүлгө алынбай калып жаткан эле+.  Ошондо он эки элчи ал жактагы шакирттердин баарын чогултуп: «Тамак-аш бөлүштүрөбүз деп, Кудайдын сөзүн таштап койгонубуз жакшы эмес+.  Андыктан, бир туугандар, араңардан ыйык рухка толгон, акылдуу+, жакшы атка ээ жети кишини тандагыла+. Бул кызматка ошолорду дайындайлы.  Биз болсо мындан ары да тиленип, Кудайдын сөзүн үйрөтүп, кызмат кыла берели»,— дешти+.  Бул сөздөр чогулгандардын баарына жаккандыктан, алар ишеними күчтүү, ыйык рухка толгон+ Степанды, Филипти+, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана жүйүттөрдүн динин кабыл алган антиохиялык Николасты тандашты да,  элчилердин алдына алып келишти. Элчилер болсо тиленип, алардын үстүнө колдорун коюшту+.  Ошентип, Кудайдын сөзү кеңири жайылып+, Иерусалимдеги шакирттердин саны барган сайын өсө берди+. Дин кызматчылардын ичинен да+ көптөр ишенимди кабыл алып жатышты+.  Кудайдын күчүнө, ырайымына ээ болгон Степан эл арасында керемет-жышаандарды көрсөтүп жүрдү+.  Бирок Эркиндикке чыгарылгандардын синагогасы делген синагоганын айрым мүчөлөрү, Кирена менен Александриянын+, ошондой эле Киликия+ менен Азиянын кээ бир тургундары каршы чыгып, Степан менен талашып-тартыша башташты. 10  Анткен менен анын акылмандыгына+ жана ал сүйлөп жатканда жетекчилик кылган ыйык рухка каршы тура алышкан жок+. 11  Ошондо алар бирөөлөр менен тымызын сүйлөшүп+, аларды: «Биз мунун Муса менен Кудайга акарат кылганын укканбыз»,— деп айтканга көндүрүштү+. 12  Анан элди, аксакалдар менен китепчилерди Степанга каршы тукурушту. Алар болсо капысынан келип, аны кармап алып, Синедрионго алып барышты+. 13  Ал жерден жалган күбөлөрдү+ алдыга чыгарышты. Алар: «Бул киши ушул ыйык жайга жана Мыйзамга каршы сүйлөп жатат+. 14  Мисалы, биз мунун баягы назареттик Исанын ушул жайды талкалап, Муса калтырган салттарды өзгөртөрүн айтып жүргөнүн укканбыз»,— дешти. 15  Синедриондо отургандардын баары Степанды карап турушту+. Алар анын жүзү периштеникиндей экенин көрүштү+.

Шилтемелер