Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Элчилер 26:1—32

26  Агриппа+ Пабылга: «Өзүңдү коргоп сүйлөгөнгө уруксат берилет»,— деди. Ошондо Пабыл колун сунуп+, өзүн коргоп мындай деп сүйлөй баштады+:  «Агриппа падыша, жүйүттөрдүн койгон айыптарына+ жооп берип, бүгүн сиздин алдыңызда коргонуп жаткандыктан өзүмдү бактылуу эсептейм.  Анткени сиз жүйүттөрдүн бүт каада-салттарын, талаш-тартыштарын жакшы билесиз+. Ошондуктан мени сабырдуулук менен угуп коюшуңузду өтүнөм.  Менин жаш чагымдан өз элимдин арасында жана Иерусалимде кандай жашоо өткөргөнүмдү+ көптөгөн жүйүттөр билишет.  Алар мени мурунтан эле тааныгандыктан динибиздин катуу талаптарга карманган агымынын, фарисейлердин+ сектасынын, жол-жоболоруна ылайык жашаганымды+ билишет жана эгер каалашса, ырастай алышат.  Азыр мен Кудайдын ата-бабаларыбызга берген убадасына байланышкан+ үмүтүм үчүн+ сот алдында турам.  Биздин он эки уруубуз да күнү-түнү тырышчаактык менен ыйык кызмат аткарып+, ошол убаданын аткарылышын үмүт менен күтүп жүрөт. Падышам, жүйүттөр мени ушул үмүтүм үчүн айыптап жатышат+.  Эмне үчүн айрымдарыңар Кудайдын өлгөндөрдү тирилтиши+ мүмкүн эмес деп ойлойсуңар?  Чынында, мен да болгон күчүм менен назареттик Исанын ысмына каршы күрөшүшүм керек деп ойлочумун. 10  Иерусалимде ошондой күрөш жүргүзүп, жогорку дин кызматчылардын уруксаты менен+ көптөгөн ыйыктарды түрмөгө каматкам+. Аларды өлүм жазасына тартыш үчүн өкүм чыгарып жаткандарды колдогом. 11  Бардык синагогаларды кыдырып, ал ыйыктарды далай жолу жазалап+, ишениминен баш тарттырууга аракет кылгам. Ушунчалык катуу жаалдангандыктан аларды башка шаарларда да куугунтуктагам. 12  Ошол максатты көздөп, жогорку дин кызматчылардын берген бийлиги жана тапшырмасы менен Дамаскка бараткан элем+. 13  Жолдон, падышам, чак түштө асмандан күндүн жарыгынан да күчтүү жарык түшүп, мени менен жанымда бараткандардын айланасын жаркыратты+. 14  Баарыбыз жерге жыгылганда, мен еврей тилинде: „Шабыл, Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың? Учтуу таякка* каршы чыксаң, өзүң эле зыян тартасың“,— деген үндү уктум+. 15  Ошондо: „Мырзам, сен кимсиң?“ — деп сурадым. Ал мындай деди: „Мен сен куугунтуктап жаткан Исамын+. 16  Ордуңан тур+. Мен сага сени кызматчым жана күбөм кылып тандаш үчүн көрүндүм+. Сен мен жөнүндө көргөндөрүңдү жана сага көрсөтө тургандарымды жарыялайсың. 17  Мен сени жүйүт элине жана башка элдерге жиберем да+, алардын колунан өзүм куткарып алам. 18  Сени аларга көздөрүн ачып+, караңгылыктан+ жарыкка чыгарышың үчүн+ жана Шайтандын бийлигинен куткарып+, Кудайга бурушуң үчүн жиберем. Ошентип, мага ишенгенинин аркасында алардын күнөөлөрү кечирилип+, ыйыкталгандар+ катары мураска ээ болушат“+. 19  Ошондуктан, Агриппа падыша, мен асмандан берилген аянда айтылгандарга баш ийдим+. 20  Ошол себептен адегенде Дамаскка+, андан кийин Иерусалимге+ жана бүтүндөй Жүйүт аймагына, ошондой эле башка элдерге барып+, алардын өкүнүшү керектигин жана өкүнүшкөнүн иш жүзүндө көрсөтүп*, Кудайга кайрылышы керектигин жарыялап жүрдүм+. 21  Ошон үчүн жүйүттөр мени ибадатканадан кармап алып, өлтүргөнгө аракет кылышты+. 22  Бирок Кудай жардам бергендиктен+, мен ушу күнгө чейин жогорку даражалууларга да, карапайымдарга да күбөлөндүрүп келатам. Аларга пайгамбарлар+ менен Мусанын келечекте боло турган нерселер жөнүндө айткандарын эле+, 23  тактап айтканда, Машаяктын азап чегип+, кийин өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилип+, жүйүттөр менен башка элдерге+ жарык жөнүндө+ жарыялашы керек болгонун айтып жүрөм». 24  Пабыл ушуларды айтып, өзүн коргоп жатканда, Фест үнүн катуу чыгарып: «Пабыл! Сенин акылың ордунда эмес+. Ашыкча көп билгениңден улам акылыңан айнып калыптырсың!» — деди. 25  Бирок Пабыл: «Улуу даражалуу Фест, акылыман айныган жокмун. Мен чындык менен акыл-эстүүлүктү чагылдырган сөздөрдү айтып жатам. 26  Мунун баарын мен алдында эркин сүйлөп жаткан падышам жакшы билет. Булардын бири да анын көз жаздымында калбаганына толук ишенем, анткени мунун баары жашыруун болгон эмес+. 27  Агриппа падыша, пайгамбарларга ишенесизби? Ишенериңизди билем»,— деди+. 28  Ошондо Агриппа Пабылга: «Жакында мени Машаяктын жолдоочусу* болууга көндүргүң бар го»,— деп айтты. 29  Пабыл: «Жакындабы, кийинби, сиз гана эмес, бүгүн мени угуп жаткандардын баары мендей болушун Кудайдан тилээр элем. Бирок, албетте, мага окшоп кишенделишиңерди каалабайм»,— деди. 30  Ошондо падыша ордунан турду. Аны менен кошо башкаруучу менен Бернике жана ошол жерде отургандардын баары турду. 31  Чыгып баратып алар бири-бири менен: «Бул кишинин өлүм жазасына тартылгыдай же кишенделгидей айыбы жок экен»+,— деп сүйлөшүп жатышты. 32  Агриппа болсо Фестке: «Цезардын сотун талап кылбаса+, муну бошотуп деле жиберсе болмок экен»,— деди.

Шилтемелер

Мал айдаган таяк.
Сөзмө-сөз: «өкүнүүгө ылайык келген жемиштерди берип».
Элч 11:26нын шилт-н кара.