Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Элчилер 24:1—27

24  Беш күндөн кийин башкы дин кызматчы Анания+ кээ бир аксакалдар менен жана Тертул деген сөзмөр киши менен бирге башкаруучуга+ келип, Пабылга каршы арыз-доосун айтышты+.  Тертулду чакырышканда, ал Пабылды айыптаардын алдында башкаруучуга мындай деди: «Сиздин аркаңыз менен биз тынчтыкта жашап+, көрөгөчтүгүңүздөн улам элибиздин турмушу оңолуп, жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат.  Улуу даражалуу+ Феликс, биз аларды ар убакта, бардык жерде терең ыраазычылык менен кабыл алабыз.  Эми убактыңызды албай кыска сүйлөйүн, бизди өзүңүзгө мүнөздүү боорукердик менен угуп коюңуз.  Биз муну элди дүрбөлөңгө салган+, бардык жердеги жүйүттөрдүн арасында козголоң чыгарган киши+ жана назареттиктердин сектасынын+ башчысы деп таптык.  Муну ибадаткананы арамдаганы жаткан жеринен+ кармадык.  * ——  Эми аны өзүңүз суракка алып, эмне үчүн айыптап жатканыбызды биле аласыз».  Жүйүттөр да ага кошулуп Пабылды айыптап, айтылгандардын баарын туура деп ырасташты. 10  Башкаруучу башын ийкеп, сүйлөөгө уруксат бергенде, Пабыл мындай деди: «Мен сиздин бул элге көп жылдан бери сот болуп келатканыңызды жакшы билем, ошондуктан сиздин алдыңызда өзүмдү коргоп сүйлөгөнгө кубанычтамын+. 11  Ошондой эле менин сыйыныш үчүн+ Иерусалимге келгениме он эки күндөн аша электигин да аныктап биле аларыңызды билем. 12  Менин ибадатканада+ кимдир бирөө менен талашып-тартышканымды, синагогаларда же шаарда элдин арасында козголоң чыгарганымды+ эч ким көргөн эмес. 13  Булар азыр мага койгон айыптарын да далилдей алышпайт+. 14  Бирок мен Мыйзамда+ жана пайгамбарлардын китептеринде жазылгандардын баарына ишенгендиктен булар „секта“ деп атаган жолдо жүрүп, ата-бабаларымдын Кудайына+ ыйык кызмат кылып жатканымды мойнума алам. 15  Мен да, булар сыяктуу эле, адил адамдардын да+, адил эмес адамдардын да+ тирилерине ишенип+, Кудайга үмүт артам+. 16  Андыктан Кудайдын да, адамдардын да алдында абийиримди таза сактаганга ар дайым умтулуп келем+. 17  Мен Иерусалимге көп жылдан бери эми келдим. Бул жакка өз элиме жардам катары акча жеткирип, курмандык чалыш үчүн келгем+. 18  Булар мени тазалануу каадасын аткарып, ибадатканада ошол иштер менен жүргөнүмдө көрүшкөн+. Жанымда эч кандай эл жок болчу, эч кандай ызы-чуу да болгон эмес. Ал жерде азиялык айрым жүйүттөр бар болчу. 19  Эгер мага каршы айта турган сөздөрү болсо, анда алар алдыңызга келип, мени айыпташы керек болчу+. 20  Же бул кишилер Синедриондун алдына алып барышканда менден кандай айып табышканын айтышсын. 21  Булардын арасында турганымда үнүмдү бийик чыгарып: „Мени өлгөндөрдүн тирилерине ишенгеним үчүн соттоп жатышат!“+ — деп айтканым эле болбосо, башка эч айыбым жок». 22  Бирок бул Жол*+ жөнүндө жакшы билген Феликс+: «Силердин маселеңер боюнча миң башы Лусий+ келгенде чечим чыгарам» — деп, тергөө ишин кийинкиге калтырды. 23  Жүз башыга болсо Пабылды күзөтүүнү, анча-мынча жеңилдик берүүнү жана досторунун ага кызмат кылышына тыюу салбоону буйрук кылды+. 24  Бир нече күндөн кийин Феликс+ жүйүт аялы+ Друзила менен келди да, Пабылды чакыртып, Машаяк Исага болгон ишеним тууралуу айтып бергендерине кулак салды+. 25  Пабыл адилдик жөнүндө+, өзүн өзү кармай билүү+ жана келечектеги сот+ жөнүндө сөз кылгандыктан, Феликс коркуп: «Азырынча бара бер, мүмкүнчүлүк болгондо, кайра чакыртам»,— деди. 26  Ал пара+ береби деген үмүттө Пабылды улам-улам чакыртып, сүйлөшүп турду+. 27  Эки жылдан кийин Феликстин ордуна Поркий Фест келди. Феликс болсо жүйүттөргө жагыныш үчүн+ Пабылды бошоткон жок.

Шилтемелер

Мт 17:21дин шилт-н кара.
Элч 9:2нин шилт-н кара.