Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Элчилер 23:1—35

23  Пабыл Синедриондун мүчөлөрүн карап: «Агайын-туугандар, ушу күнгө чейин мен Кудайдын алдында таза абийир менен жашап келатам»,— деди+.  Анания деген башкы дин кызматчы Пабылдын жанында тургандарга аны оозго урууну буйруду+.  Ошондо Пабыл ага: «Акталган+ дубал, сени Кудай урат. Сен мени Мыйзам боюнча соттош үчүн отурасың да+, Мыйзамды бузуп+, мени урууга буйрук бергениң кандай?» — деди.  Жанында тургандар: «Кудайдын башкы дин кызматчысына тил тийгизесиңби?» — дешти.  Пабыл: «Бир туугандар, анын башкы дин кызматчы экенин билбептирмин. Ыйык Жазмада: „Элиңдин башчысына тил тийгизбе“,— деп жазылган эмеспи»,— деп жооп берди+.  Синедриондун мүчөлөрүнүн кээ бирлери садукейлер+, кээ бирлери фарисейлер экенин билгенде Пабыл үнүн катуу чыгарып: «Агайын-туугандар, мен фарисеймин+, фарисейлердин уулумун. Мени өлгөндөрдүн тирилерине ишенгеним үчүн+ соттоп жатышат»,— деди+.  Ал ушул сөздөрдү айтканда, фарисейлер менен садукейлердин ортосунда талаш чыгып, чогулгандар экиге бөлүндү+.  Анткени садукейлер+ өлгөндөрдүн тирилерине, периштелер менен рухий жаратуулардын бар экенине ишенишчү эмес+, фарисейлер болсо ишенишчү.  Ушундан улам алар бири-бирине кыйкырып-өкүрө башташты+. Ошондо фарисейлердин арасынан чыккан кээ бир китепчилер ордуларынан туруп, тигилер менен катуу талашып-тартыша кетишти да: «Биз бул кишиден эч кандай айып тапкан жокпуз+. Эгерде буга рухий жаратуу же периште сүйлөгөн болсо, анда...» — дешти+. 10  Талаш күчөй бергендиктен, миң башы Пабылды жулмалап жиберишпесин деп, жоокерлерге+ ылдый түшүп, аны тигилердин арасынан сууруп чыгып, жоокерлер үйүнө алып кирүүгө буйрук берди+. 11  Ошол түнү Мырзабыз Пабылдын жанына келип+: «Кайраттуу бол!+ Иерусалимде мен жөнүндө кандай кылдат күбөлөндүрсөң+, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек»,— деди+. 12  Таң атканда, жүйүттөр өз ара жашыруун сүйлөшүп+, Пабылды өлтүрмөйүн+ бир нерсе жешсе же ичишсе, каргышка калышарын айтып, ант беришти+. 13  Ант бергендердин саны кырктан ашык эле. 14  Алар жогорку+ дин кызматчылар менен аксакалдарга барып: «Биз Пабылды өлтүрмөйүн оозубузга бир нерсе алсак, каргышка каларыбызды айтып ант бердик. 15  Ошондуктан азыр Синедриондун мүчөлөрү менен бирге миң башыга баргыла да, Пабылдын ишин жакшылап териштиребиз демиш болуп, аны силерге алып келиши керектигин айткыла+. Биз болсо аны бул жерге жакындай элегинде эле өлтүрүп салыш үчүн даярданып турабыз»,— дешти+. 16  Бирок Пабылдын жээни алардын арам ою+ тууралуу угуп калып, жоокерлер үйүнө барды да, Пабылга билдирди. 17  Ошондо Пабыл жүз башылардын бирин чакырып: «Бул баланы миң башыга алып барчы, ага айтчу сөзү бар экен»,— деди. 18  Ал баланы миң башыга ээрчитип барды да: «Камактагы Пабыл мени чакырып, бул баланы сага алып барууну өтүндү. Мунун сага айтчу сөзү бар экен»,— деди. 19  Миң башы аны+ колунан кармап, арыраак ээрчитип барды да: «Мага айта турган кандай сөзүң бар эле?» — деп сурады. 20  Ал: «Жүйүттөр өз ара сүйлөшүп алып, Пабылдын ишин жакшылап териштиребиз демиш болуп+, эртең аны Синедрионго алып келишиңизди суранганы жатышат. 21  Бирок сиз макул болбоңуз, анткени аны кырктан ашык киши аңдып турат+. Алар Пабылды өлтүрмөйүн эч нерсе жебейбиз, ичпейбиз деп ант беришиптир+. Ошондуктан азыр уруксатыңызды күтүп, даяр турушат»,— деди. 22  Миң башы: «Бул жөнүндө мага айтканыңды эч кимге угузба» — деп, баланы коё берди. 23  Анан жүз башылардан экөөнү чакырып: «Түнкү үчүнчү саатта* түз эле Кесарияга жөнөп кетиш үчүн 200 жоокерди, 70 атчанды жана 200 найзакерди даярдагыла. 24  Ошондой эле Пабылды башкаруучу Феликске аман-эсен жеткириш үчүн аттарды даярдагыла»,— деди. 25  Анан мындай деп кат жазды: 26  «Улуу даражалуу башкаруучу Феликске+ Клавдий Лусийден салам кат! 27  Бул кишини жүйүттөр кармап алып, өлтүрмөкчү болуп жатышканда, мен жоокерлер менен капысынан барып калып, анын Римдин жараны экенин билгенден кийин+ куткарып алдым+. 28  Анан ага кандай айып коюшканын билиш үчүн өздөрүнүн Синедрионуна алып бардым+. 29  Ошентип, аны өздөрүнүн Мыйзамына байланышкан маселелер боюнча айыптап жатышканын+, бирок өлүм жазасына тарткыдай же кишендегидей күнөөсү жок экенин билдим+. 30  Анан жүйүттөрдүн бул кишини өлтүргөнү жатышканын билип калып+, аны токтоосуз түрдө өзүңө жөнөтүп жатам. Айыптоочуларына болсо айтчу сөздөрүн сенин алдыңда айтууну буйрудум»+. 31  Жоокерлер+, өздөрүнө берилген буйрукка ылайык, Пабылды алып, түн ичинде Антипатриске барышты. 32  Эртеси күнү Пабылды андан ары атчандар менен жөнөтүп, өздөрү кайра жоокерлер үйүнө кайтып келишти. 33  Атчандар Кесарияга+ барып, Пабылды башкаруучуга тапшырышты да, катты беришти. 34  Ал катты окуп, Пабылдын кайсы аймактан экенин сурады+. Киликиядан+ экенин билгенде: 35  «Ишиңди айыптоочуларың келгенде карайм»+,— деди да, аны Ироддун ак сарайында кайтарууга буйрук берди.

Шилтемелер

Кечки саат тогуздарда.