Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Элчилер 19:1—41

19  Аполос+ Корунтта жүргөндө, Пабыл Азиянын деңизден алыс жайгашкан аймактарын аралап, Эфеске+ барды. Ал жерден айрым шакирттерди таап,  алардан: «Ишенимди кабыл алганыңарда ыйык рух алдыңар беле?»+ — деп сурады. Алар: «Ыйык рух тууралуу биз эч нерсе уккан эмеспиз»,— дешти+.  «Анда кандай чөмүлтүлүү менен чөмүлтүлдүңөр эле?» — деп сурады Пабыл. Тигилер: «Жакан жарыялаган чөмүлтүлүү менен»+,— деп жооп беришти.  Пабыл аларга: «Жакан өзүнүн артында келатканга, башкача айтканда, Исага ишениш керектигин айтып+, элди өкүнүүнүн белгиси катары чөмүлдүргөн»,— деди+.  Муну укканда ал шакирттер Мырзабыз Исанын аты менен чөмүлтүлүштү+.  Пабыл алардын үстүнө колдорун койгондо+, ар бирине ыйык рух түштү да, алар башка тилдерде сүйлөп, пайгамбарлык кыла башташты+.  Алардын саны он экиге жакын эле.  Пабыл үч ай бою синагогада сөз сүйлөп+, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө ишенимдүү далилдерди келтирип, кайраттуулук менен кабар айтып жүрдү+.  Бирок кээ бирөөлөр жүрөгүн катаалдантып, көпчүлүктүн алдында Мырзабыздын жолун+ жамандап, ишенбей коюшту+. Ошондо Пабыл ал жактан кетип калды+. Ал шакирттерди өзүнчө бөлүп алып+, Турандын мектебинде күн сайын сөз сүйлөп жүрдү. 10  Ал ошол жерде эки жыл окутту+. Натыйжада Азиянын+ бүт тургундары: жүйүттөр да, гректер да Кудайдын сөзүн угушту. 11  Кудай болсо Пабыл аркылуу өзгөчө ажайып иштерди жасап жатты+. 12  Атүгүл анын бет аарчылары менен алжапкычтарын оорулууларга алып келишкенде+, алар айыгып, жин оорулуулардын ичинен жиндер чыгып жатты+. 13  Элди аралап, жиндерди кууп чыгарып жүргөн жүйүттөрдүн+ айрымдары да ичинде жини барларга: «Пабыл жарыялап жүргөн Исанын атынан силерге буйрук кылам» — деп+, Мырзабыз Исанын ысмын колдонууга аракет кылып жатышты+. 14  Жүйүттөрдүн Скеба деген жогорку дин кызматчысынын жети уулу да ошентип жүрдү. 15  Бирок бир жин аларга: «Исаны билем+, Пабылды да тааныйм+. Силерчи, силер кимсиңер?» — деди. 16  Ошондо ичинде жини бар киши аларды басып жыгылып+, баарын сабап салды. Жаракат алган тигилер ал үйдөн жылаңач качып чыгышты. 17  Бул тууралуу Эфестин бардык тургундары: жүйүттөр да, гректер да угуп, баарын коркунуч басты+. Ошентип, Мырзабыз Исанын ысмы даңазаланды+. 18  Ишенип калгандардын арасынан көптөр келип, кылган иштери жөнүндө ачык айтып+, күнөөлөрүн мойнуна алып жатышты. 19  Сыйкырчылык кылгандардын+ бир тобу китептерин чогултуп, баарынын көзүнчө өрттөп жиберишти. Алардын жалпы баасын эсептегенде, 50000 күмүш тыйын болду. 20  Жахабанын сөзү кеңири жайылып, барган сайын күч ала берди+. 21  Ушул окуялардан кийин Пабыл Македония+ менен Ахаяга, андан ары Иерусалимге барууну чечип+: «Ал жакка баргандан кийин Римге да барышым керек»,— деди+. 22  Ошондуктан эки жардамчысын, Тиметей+ менен Эрастты+, Македонияга жиберди. Өзү болсо бир азга Азияда кармалып калды. 23  Ошол убакта Мырзабыздын Жолуна* байланыштуу+ чоң козголоң чыкты+. 24  Димитир деген бир күмүш зергер күмүштөн Артемида деген аял кудайдын ибадатканасынын үлгүлөрүн жасап, кол өнөрчүлөргө көп киреше алып келчү+. 25  Ал ошол кол өнөрчүлөрдү жана ушу сыяктуу иш менен алектенген+ башка кишилерди чогултуп, мындай деди: «Мырзалар, силер кирешебиз ушул иштен көз каранды экенин жакшы билесиңер+. 26  Ошондой эле Пабыл деген неменин кол менен жасалган нерселерди кудайлар эмес+ деп айтып, Эфесте+ гана эмес, дээрлик бүт Азияда далай кишилердин оюн өзгөртүп салганын угуп-көрүп жатасыңар. 27  Мунун айынан башкалар биздин ишибиз жөнүндө жаман айткандан сырткары, улуу Артемида+ кудайыбыздын ибадатканасы баркка алынбай калганы турат. Ал гана эмес, бүт Азия жана бүт жер жүзү сыйынып келаткан бул кудайыбыз улуулугунан ажырап калмай болду». 28  Муну укканда тигилер ачууланып: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» — деп кыйкыра башташты. 29  Ошондо бүт шаар дүрбөлөңгө түштү. Пабылдын шериктерин, македониялык Гай менен Аристархты+, кармап алып, театрды көздөй сүйрөп жөнөштү. 30  Пабыл элдин арасына кирмекчи болгондо, шакирттер болбой коюшту. 31  Атүгүл майрамдарды, оюн-зоокторду уюштургандардын кээ бирлери Пабылды жакшы көргөндүктөн ага кабар жиберип, өмүрүн тобокелге салып театрга барбай эле коюшун өтүнүштү. 32  Ал ортодо чогулгандар ызы-чуу түшүп, көбү эмнеге чогулганын өздөрү билбегендиктен, бирөө бирди айтып, экинчиси башканы айтып кыйкырып жатышты+. 33  Ошондо элдин арасынан жүйүттөр алдыга чыгарган Искендерди алып чыгышты. Ал колу менен белги берип, элге кайрылмакчы болду. 34  Бирок анын жүйүт экенин түшүнүшкөндө баары: «Эфестиктердин Артемидасы улуу!» — деп эки сааттай кыйкырып туруп алышты+. 35  Акырында шаар башчысы элди тынчтандырып+, мындай деди: «Эфестиктер, Эфес шаарынын улуу Артемиданын ибадатканасы менен асмандан түшкөн айкелинин сакчысы экенин ким билбейт? 36  Бул талашсыз чындык болгондуктан, тынчтанып, ойлонбой иш кылуудан сак болгула+. 37  Силер алып келген бул кишилер ибадатканадан эч нерсе уурдабаптыр, кудайыбызга да тил тийгизбептир. 38  Андыктан Димитир+ менен башка кол өнөрчүлөрдүн кимдир бирөөгө нааразычылыгы болсо, сот+ жүргүзүлчү күндөр бар, аймак акимдери+ да бар. Барып, бири-бирин айыптай беришсин. 39  Эгерде буларга каршы башка дооңор болсо, аны мыйзамдуу түрдө өткөрүлчү чогулушта чечиш керек. 40  Себеби бүгүнкү болгон окуянын айынан козголоң чыгаргандар катары айыпталганы турабыз. Мындай тополоң болгону үчүн актана албайбыз». 41  Ушуларды айткандан кийин+ ал чогулгандарды+ таратып жиберди.

Шилтемелер

Элч 9:2нин шилт-н кара.