Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Элчилер 17:1—34

17  Амфипол менен Аполония аркылуу өтүп, алар Тесалоникага келишти+. Ал шаарда жүйүттөрдүн синагогасы бар эле.  Пабыл адатынча синагогага кирип+, ал жердегилер менен үч ишемби катары менен Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүздү+.  Ал Машаяктын азап чегиши+ жана өлүп, кайра тирилиши+ керек болгонун түшүндүрүп, Ыйык Жазмадан далилдерди келтирди да: «Мен силерге жарыялап жаткан Иса — ошол Машаяктын өзү»,— деди+.  Натыйжада алардын айрымдары, ошондой эле Кудайга сыйынган көптөгөн гректер менен таасирдүү аялдар ишенип+, Пабыл менен Сыласка+ кошулушту.  Бирок жүйүттөр көрө албастык кылып+, базар аянтындагы бекерпоздордун арасынан айрым кара ниет кишилерди ээрчитип, сүрмө топту чогултушту да, шаарга тополоң салышты+. Анан Пабыл менен Сыласты сүрмө топтун алдына алып чыгыш үчүн Жасондун+ үйүнө кирип барышты.  Бирок аларды таппай коюшкандыктан Жасон менен айрым бир туугандарды шаар башкаруучуларына сүйрөп барышты да, кыйкырып: «Бүт жерге дүрбөлөң салган+ тиги экөө эми бул жакка да келишиптир.  Жасон болсо аларды коноктоптур. Булардын баары Иса деген башка падыша бар деп айтып+, цезардын* буйругуна каршы чыгып жатышат»,— дешти+.  Муну укканда чогулган эл менен шаар башкаруучуларынын тынчы кете баштады.  Шаар башкаруучулары Жасон менен башкалардан күрөөгө жетиштүү акча алышкандан кийин аларды коё беришти. 10  Түн кирери менен+, бир туугандар Пабыл менен Сыласты шашылыш түрдө Берояга жөнөтүп жиберишти. Экөө ал жакка жетип, жүйүттөрдүн синагогасына барышты. 11  Бероялыктар тесалоникалыктарга караганда билим алууга ынтызар адамдар эле. Алар уккандарынын чын-төгүнүн текшериш үчүн+ Ыйык Жазманы+ күн сайын кылдат изилдеп+, Кудайдын сөзүн өзгөчө ынтызарлык менен кабыл алышты. 12  Ошентип, алардын көптөрү, ошондой эле грек элиндеги кадыр-барктуу аялдар+ менен эркектердин бир тобу ишенип калды. 13  Пабылдын Кудай сөзүн Берояда да жарыялаганын укканда тесалоникалык жүйүттөр элди үгүттөп+, ага каршы тукуруш үчүн+ ошол жакка барышты. 14  Бир туугандар Пабылды дароо деңизди көздөй жөнөтүп жиберишти+. Сылас менен Тиметей болсо ошол жерде калышты. 15  Пабылды узатып чыккандар аны менен Афинге чейин барышты. Анан Пабыл аларга Сылас менен Тиметейдин+ мүмкүн болушунча тезирээк келип калышы керектигин айткандан кийин, кайра артка кайтышты. 16  Пабыл аларды Афинде күтүп жатканда шаардын буркандарга жык толгонун көрүп, ичинен кыжырданды+. 17  Ошондуктан ал синагогадагы жүйүттөр жана Кудайга сыйынган башка адамдар менен талкуу жүргүзүп жүрдү+. Ошондой эле күн сайын базар аянтына барып+, ал жактан кезиккендер менен да талкуу жүргүзүп жүрдү. 18  Бирок эпикурчулар* менен стоиктер* деп аталган философтордун+ айрымдары аны менен талашып, кээ бирлери: «Бул келжиректин эмне дегиси бар?»+ — дешсе, башкалары: «Бул бөтөн жерликтердин кудайларынын кабарчысы окшойт»,— деп жатышты. Себеби Пабыл Иса жөнүндө жана тирилүү тууралуу жакшы кабар жарыялап жаткан эле+. 19  Алар аны кармап алып, Ареопагга* алып барышты да: «Эмне болгон жаңы окууну+ айтып жатасың? Кененирээк айтып берчи. 20  Сен айтып жаткандарды мурун такыр укпаптырбыз, ошон үчүн ал жөнүндө көбүрөөк билгибиз келип жатат»,— дешти+. 21  Анткени бардык афиндиктер менен алардын арасында жашаган бөтөн жерликтер бош убактысын жаңы бир нерсе жөнүндө сүйлөшүү же угуу менен гана өткөрүшчү. 22  Пабыл Ареопагдын+ ортосуна туруп, мындай деди: «Афиндиктер! Башкаларга караганда силер, сыягы, кудайлардан+ көбүрөөк коркот окшойсуңар. 23  Мисалы, ыйык нерселериңерди карап өтүп баратып „Белгисиз Кудайга“ деген жазуусу бар курмандык жайын көрдүм. Мен силерге өзүңөр билбесеңер да сыйынып жүргөн ошол Кудай жөнүндө жарыялап жүрөм. 24  Дүйнөнү жана андагынын баарын жараткан Кудай, асман-жердин Теңири+, кол менен курулган ибадатканаларда жашабайт+. 25  Ал, бир нерсеге муктаж болгондой, адам баласынын колунун кызматын да талап кылбайт+, анткени өмүрдү да+, демди да жана бүт баарын бардыгына өзү берет+. 26  Бүт жер жүзүндө жашасын деп+, ал бир кишиден+ бардык элдерди жараткан+. Ошондой эле белгиленген убакыттарды+ жана адамдар жашай турган жерлердин чегин аныктап койгон+. 27  Анткени Кудай адамдардын аны издешин+, сезип көрүшүн жана табышын каалайт+. Бирок, чынында, ал ар бирибизге жакын. 28  Себеби: „Биз баарыбыз анын тукумубуз“,— деп айрым акындарыңар айткандай+, биз анын аркасы менен жашап+, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз. 29  Кудайдын тукуму болгондуктан+ биз Аны алтынга, күмүшкө же ташка, адамдын чыгармачылыгы жана акылы менен чегилип жасалган буюмга+ окшош деп ойлобошубуз керек+. 30  Ооба, Кудай белгилүү бир мезгилдер аралыгында ушундай караңгылыкка көңүл бурган эмес+. Бирок азыр бардык жерде адамдарга өкүнүү керектигин жарыялап жатат+. 31  Анткени ал өзү дайындаган киши аркылуу жер жүзүн адилдик менен соттой турган күндү+ белгилеп койгон жана буга бардык адамдар ишениши үчүн, ошол кишини өлгөндөрдүн арасынан тирилтип+, кепилдик берген». 32  Тирилүү жөнүндө укканда айрымдары шылдыңдап күлүштү+, башкалары болсо: «Бул тууралуу башка жолу угалы»,— дешти. 33  Ошондо Пабыл ал жерден чыгып, кетип калды. 34  Бирок кээ бирлери Пабыл менен кетип, ишенимди кабыл алышты. Алардын арасында Ареопагдагы+ соттун мүчөсү Дионис, Дамар деген аял жана башкалар бар эле.

Шилтемелер

Же: «императордун».
Эпикур деген философтун жолдоочулары. Алар тирилүү болоруна ишенишчү эмес жана мүмкүн болушунча ырахаттанып жашаш керек деп ырасташчу.
Зенон деген философтун жолдоочулары. Алар акылга жетектелип жашап, кайгыга да, бакытка да кош көңүл караш керек деп ырасташчу жана тирилүү болоруна ишенишчү эмес.
Байыркы Афиндеги дөбө. Ал жерде жогорку сот да чогулчу.