Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 9:1—21

9  Бирок Забулун жери менен Напталы+ жери басынтылган мезгилдегидей, кысымга алынган убактагыдай караңгылык болбойт. Кийин Иордандын аймагындагы, деңиз жээгиндеги жол, башка элдер отурукташкан Галилея+ баркталды+.  Караңгылыкта жүргөн эл улуу жарыкты көрдү+, коюу караңгылык каптаган+ жерде жашагандарга жарык тийди+.  Сен ал элдин санын көбөйттүң+, аны абдан кубанттың+. Алар сенин алдыңда оруу-жыюу маалындагыдай+, олжо бөлүшкөндөгүдөй кубанышты+.  Сен алардын ийниндеги оор моюнтурукту+, таякты, жумушка салгандын союлун+ Мидиан жеңилген күндөгүдөй+ талкаладың.  Жерди солкулдата баскан+ бут кийим менен канга чыланган кийимдин баары өрттөлүп, отко жем болду+.  Арабызда бала төрөлдү+, бизге уул берилди+. Анын ийнине бийлик артылат+. Аны Кереметтүү кеңешчи+, Күчтүү кудай+, Түбөлүк ата+, Тынчтык төрөсү+ деп аташат.  Анын бийлиги кеңири жайылып+, Дөөтүнүн тактысында+ жана падышалыгында тынчтык чексиз болот+. Ал падышалык бекем орнотулуп+, азыр да, түбөлүк да акыйкаттык+, адилдик менен чыңдала берет+. Муну асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ынтасы ишке ашырат+.  Жахаба Жакыпка каршы өкүм чыгарды, андыктан Ысрайыл жазаланат+.  Бул бүт элге, Эпрайым менен Самариянын+ тургундарына белгилүү болот+. Анткени алар бой көтөрүп, менменсинген жүрөк менен+: 10  «Кыштан салынган үйлөр урап калды, биз болсо аларды жылмаланган таштан курабыз+. Анжир дарактары+ кыйылды, биз болсо алардын ордуна бал карагай отургузабыз»,— дешет. 11  Жахаба анын үстүнөн Резиндин душмандарын коёт+, жоолорун тукурат, 12  чыгыштан Сирияны+, артынан Пелиштини козгойт+. Алар оозун араандай ачып, Ысрайылды жутуп алышат+. Ошол себептен анын каары кайт болгон жок, колу сунулган бойдон турат+. 13  Бирок эл ага сокку урган Кудайга кайрылган жок+, асман аскерлеринин Кудайын, Жахабаны, издеген жок+. 14  Жахаба бир күндүн ичинде+ Ысрайылдын башын+, куйругун+ кесип, чырпыгын, камышын чаап таштайт. 15  Кадырлуу карыя — баш+, жалган насаат айткан пайгамбар — куйрук+. 16  Бул элди жол башчылары жолдон чыгарып жатышат+, алардын жетеги менен жүргөндөр адашып жүрүшөт+. 17  Ошондуктан Жахаба алардын уландарына кубанбайт+, жетим-жесирлерине кайрымдуулук кылбайт, анткени алардын баары — Кудайдан четтегендер+, кыянаттык кылгандар. Баарынын оозу акылсыздыкты сүйлөйт. Ошол себептен анын каары кайт болгон жок, колу сунулган бойдон турат+. 18  Анткени ыймансыздык оттой жалындап жатат+. Ал тикенектүү бадал менен отоо чөптү жалмайт+, чытырман токойдо алоолонот+, анын түтүнү көккө көтөрүлөт+. 19  Асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын каарынан жер өрттөнөт, эл отко жем болот+. Эч ким өз бир тууганын аябайт+. 20  Алар оң жактагыны кессе да, ачка калышат. Сол жактагыны жесе да, тоюшпайт+. Ар бири өз колунун этин жейт+. 21  Менаше Эпрайымды, Эпрайым Менашени жейт. Экөө биригип, Жүйүткө каршы чыгат+. Ошол себептен анын каары кайт болгон жок, колу сунулган бойдон турат+.

Шилтемелер