Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 8:1—22

8  Жахаба мага мындай деди: «Бир такта ал да+, бетине калем* менен: „Махер-Шелал-Хаш-Баз*“,— деп жаз.  Муну эки ишенимдүү күбө+: дин кызматчы Урий+ менен Жеберехия уулу Закарыя тастыктасын»+.  Анан мен пайгамбар аялыма жакындадым. Анын боюна бүтүп, уул төрөдү+. Ошондо Жахаба мага мындай деди: «Атын Махер-Шелал-Хаш-Баз деп кой.  Баланын „ата“, „апа“ дегенге тили келе электе+, Дамасктын байлыгын жана Самариядан алынган олжону Ашурдун падышасына ташып кетишет»+.  Андан соң Жахаба мага мындай деди:  «Эл Шилоахтын жай аккан сууларын+ жерип+, Резинди жана Ремалиянын уулун+ колдоп кубанганы үчүн+,  Жахаба аларга дарыянын*+ албууттанган чоң сууларын — Ашурдун падышасын+ жана анын бүт даңкын+ — каптатат+. Нуктарындагы суу ташкындап, жээктеринен чыгып,  Жүйүт жерине кирет. Аны каптап+, мойнуна чейин жетет+. Оо, Эмануел+, анын жайган канаты+ сенин бүт жериңди басып калат!»  Элдер, зыян келтиргиле, бирок өзүңөрдүн таш-талканыңар чыгат! Жердин кыйырында жашагандар+, кулак каккыла! Куралдангыла+, таш-талканыңар чыксын!+ Куралдангыла, таш-талканыңар чыксын! 10  Амал ойлонуштургула, бирок аныңар ишке ашпайт!+ Эмне айтпагыла, аныңар аткарылбайт, анткени Кудай биз менен!+ 11  Жахаба үстүмө күчтүү колун коюп, мени бул элдин жолунан буруу үчүн мындай деди: 12  «Бул эл: „Шериктештик түзөлү!“ — дегенде, силер: „Түзөлү!“ — дебегиле+. Алар корккон нерседен коркпогула, титиребегиле+. 13  Асман аскерлеринин Кудайы Жахабаны ыйык туткула+, андан корккула+, анын алдында титирегиле»+. 14  Ал өзү ыйык жай болот+, бирок Ысрайылдын эки үйү үчүн чалына турган таш, алар кулай турган аска+ болот. Иерусалимдин тургундарына тузак, кылтак болот+. 15  Алардын бир тобу чалынат, жыгылат, таш-талканы чыгат, кылтакка илинет, колго түшөт+. 16  Күбөлүктү түрүп+, шакирттеримдин көзүнчө мыйзамга мөөр бас!+ 17  Мен жүзүн Жакыптын үйүнөн жашырып+ жаткан Жахабаны мындан ары да күтөм+, ага үмүт артам+. 18  Мына, мен жана менин Жахаба берген балдарым+ асман аскерлеринин Кудайынын, Сион тоосунда+ жашаган Жахабанын, Ысрайылга берген жышаандары+, кереметтери болобуз. 19  Силерге: «Чыйылдап+, күбүрөп-шыбырап өлгөндөрдү чакыргандарга+ же көзү ачыктарга кайрылгыла»,— дегендер чыгышы мүмкүн. Бирок ар бир эл өз Кудайына кайрылышы керек эмеспи?+ Тирүүлөр жөнүндө өлгөндөрдөн сурамак беле?+ 20  Мыйзамга жана күбөлүккө кайрылгыла!+ Алар ушул сөздөргө ылайык сүйлөсө да+, таңдын жарыгын көрбөйт+. 21  Өлкөдө баары запкы тартып, ачка калат+. Ачкалыктан, жаны ачыгандыктан алар падышасын, жогору карап, Кудайын каргайт+. 22  Жерди карап, аны кырсык, караңгылык+, күңүрттүк, оор убак, көзгө сайса көрүнгүс түн басканын көрүшөт+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «ажалдуу адамдын калеми».
Мааниси: «Оо, олжо, шашыл! [Же: олжого шашыл!] Ал талап-тоноо үчүн заматта келди».
Евфраттын.