Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 66:1—24

66  «Асман — менин тактым+, ал эми жер — таман астым+. Анда мага каерге үй курасыңар+, мен жашай турган жай кайсы жерде?»+ — дейт Жахаба.  «Ушунун баарын менин колум жасагандыктан, баары пайда болгон+,— дейт Жахаба.— Мен кордук көргөн, кыйналган+, сөзүмдөн коркуп титиреген адамга көз кырымды салам+.  Бука сойгондун киши өлтүргөндөн айырмасы жок+. Курмандыкка кой чалгандын иттин мойнун сындыргандан айырмасы жок+. Белек алып келгендин чочконун канын алып келгенден айырмасы жок!+ Эскерүү иретинде ладан+ түтөткөндүн дубалап бата бергенден айырмасы жок+. Алар өз жолдорун тандап алышкан, алардын жаны өздөрүнүн жийиркеничтүү нерселеринен ырахат алат+.  Ошондуктан мен аларды жазалоонун жолун тандайм+, аларды өздөрү корккон нерселерге кабылтам+, анткени мен чакырганда, эч ким жооп берген эмес; мен сүйлөгөндө, эч ким кулак каккан эмес+. Алар менин көз алдымда жамандык кылып, мага жакпаган нерселерди тандап алышкан»+.  Жахабанын сөзүнөн коркуп титирегендер, анын сөзүнө кулак салгыла+: «Менин ысмым үчүн+ силерди жек көргөн+, кууган бир туугандарыңар: „Жахаба даңкталсын!“ — дешкен+. Бирок ал пайда болгондо, силер кубанасыңар+, алар болсо уятка калышат»+.  Шаардан ызы-чуу, ибадатканадан чуру-чуу угулуп жатат!+ Анткени Жахаба душмандарына тиешесин берип жатат+.  Аял толгото электе эле төрөп+, толгоосу келе электе эле уулдуу болуп калды+.  Мындайды ким уккан?+ Мындайды ким көргөн?+ Бир күндө өлкө+ пайда болобу?+ Бир заматта эл+ төрөлөбү?+ Сион болсо толгоосу келер замат уулдарын төрөдү.  «Жатынды ачкан соң, төрөтпөй коймок белем?»+ — дейт Жахаба. «Төрөт башталган соң, жатынды жаап коймок белем?» — дейт Кудайың. 10  Иерусалим менен кубангыла+, аны жакшы көргөндөрдүн баары+, аны менен кошо сүйүнгүлө. Аны ойлоп кайгыргандардын баары+, аны менен кошо шаттангыла. 11  Анткени силер аны эмип, сооротуусуна тоёсуңар, анын даңкына канып, ырахаттанасыңар+. 12  Жахаба мындай дейт: «Мен ага тынчтыкты дарыядай+, элдердин даңкын ташкындаган суудай берип жатам+. Силер аны эмесиңер+. Ал силерди көтөрүп, алдына алып эркелетет+. 13  Энеси уулун соороткондой, мен силерди сооротом+. Силер Иерусалимди көрүп соороносуңар+. 14  Муну көрүп, жүрөгүңөр шаттанат+, сөөгүңөр+ чыктуу көк чөптөй болот+. Жахабанын колу кызматчыларына белгилүү болот+, душмандарына болсо каарданат»+. 15  «Жахаба аларга тиешесин бериш үчүн оттой болуп келет+; анын арабалары куюндай+. Ал кайнаган каарын төгөт, жазасынын жалындаган отун чачат+. 16  Жахаба оттой болуп келип, өкүмүн ишке ашырат, кылычын+ бардык адамдарга каршы көтөрөт. Жахаба көптөрдү сулатат+. 17  Бактарга барып+, ортодо тургандын артында табыныш үчүн өздөрүн ыйыктагандар жана тазалагандар, чочконун этин+, жийиркеничтүү нерселерди, атүгүл келемиштерди+ жегендердин баары бирдей кырылат,— дейт Жахаба.— 18  Мен алардын иштерин да+, ойлорун да билем+, ошондуктан бардык тилдерди, элдерди чогултуш үчүн келатам+. Алар келип, менин даңкымды көрүшөт»+. 19  «Мен алардын арасына белги коём+, аман калгандардын+ кээ бирлерин мен жөнүндө укпаган, даңкымды көрбөгөн элдерге+, Таршышка+, Пулга, Лутка+, жаа тарткандарга, Тубал менен Жабанга+, алыскы аралдарга+ жиберем. Алар менин даңкымды элдердин+ арасында жарыя кылышат. 20  Ысрайыл уулдары Жахабанын үйүнө таза идишке салып белек алып келгендей+, бардык элдердин арасынан+ бир туугандарыңардын баарын аттарга, арабаларга, үстү жабык арабаларга, качырларга, күлүк төөлөргө+ мингизип, ыйык тоомо+ — Иерусалимге — Жахабага белек иретинде жеткиришет»+,— дейт Жахаба. 21  «Ошондой эле алардын айрымдарын дин кызматчы, айрымдарын леби кылам»,— дейт Жахаба. 22  «Мен жаратып жаткан жаңы асман+ менен жаңы жер+ менин алдымда тургандай эле+,— дейт Жахаба,— силердин тукумуңар да+, ысмыңар да менин алдымда турат»+. 23  «Ошондо ай жаңырган сайын, ишемби сайын бардык адамдар келип, менин алдымда таазим кылышат+,— дейт Жахаба.— 24  Тышка чыгып, мага каршы кылмыш кылгандардын өлүктөрүн көрүшөт+. Алардын үстүндөгү курттар өлбөйт, аларды жалмаган от өчпөйт+. Алардан баары жийиркенет»+.

Шилтемелер