Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 64:1—12

64  Оо, эгер сен асманды айрып түшүп келип+, тоолорду титиретсең кана!+  Ысмыңды душмандарыңа белгилүү кылыш үчүн+, элдер сенин алдыңда дүрбөлөңгө түшүшү үчүн+, от чырпыкты күйгүзгөндөй, сууну кайнаткандай түшүп келсең кана!  Сен биз күтпөгөн сестентерлик иштерди кылганыңда+ асмандан түшүп келчүсүң. Сенин алдыңда тоолор титиречү+.  Сенден башка Кудай бар экенин+, өзүңдү күткөндөрдү+ ойлоп иш кылган сендей бирөө бар экенин байыртан бери эч ким уккан эмес+, эч кимдин кулагы чалган эмес, эч кимдин көзү көргөн эмес.  Сен шаттангандарды, адил иш кылгандарды+, жолдоруңда жүрүп, сени унутпагандарды жылуу тосуп аласың+. Биз узак убакыт бою күнөөгө батып келгендиктен+, каарың кайнады+. Эми куткарылабызбы?+  Баарыбыз арамдалып, бардык адил иштерибиз айызы келген аялдын кийиминдей болуп калды+. Биз жалбырактай соолуйбуз+, бардык күнөөлөрүбүз бизди шамалдай алыска учуруп кетет+.  Сенин ысмыңды чакырган эч ким жок+, сага жакындоого умтулган эч ким жок. Ошондуктан сен жүзүңдү жашырдың+, кылмыштарыбыздын айынан бизди соолуттуң+.  Оо, Жахаба, сен биздин Атабызсың+. Биз чопобуз+, сен болсо Карапачыбызсың+. Баарыбыз сенин колуңан бүткөнбүз+.  Оо, Жахаба, чексиз каарданба+, кылмышыбызды түбөлүккө эстей бербе+. Бизге көз кырыңды сал: баарыбыз сенин элиңбиз+. 10  Сенин ыйык шаарларың+ ээн талаага айланды. Сион чөл болуп калды+, Иерусалим ээн калды+. 11  Ата-бабаларыбыз сени даңктап жүргөн+ ыйык, кооз үйүбүз+ өрттөлдү+, баалуу нерселерибиздин баары+ таланып-тонолду. 12  Ушунун баарын көрүп туруп, оо, Жахаба, эч чара көрбөй коёсуңбу?+ Унчукпай коюп, катуу кыйналышыбызга жол бересиңби?+

Шилтемелер