Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 63:1—19

63  Эдомдон+, Бозрадан+ келаткан ачык түстүү кийимчен бул ким? Укмуштай кийинип, зор күч-кубат менен келаткан бул ким? «Мен адилдик боюнча сүйлөгөн+, куткаруу үчүн зор күчкө ээ Кудаймын»+.  Эмне үчүн кийимиң кызыл? Эмне үчүн кийимиң жүзүм сыккычта жүзүм тебелегендин кийиминдей?+  «Мен жүзүм тебеледим+, элдердин ичинен жанымда бир да адам болгон жок. Аларды ачуум менен тебеледим+, каарым менен тепседим+. Алардын атырылып чыккан каны кийимиме чачырады+, бүт кийимим булганды.  Мен өч алуу күнүн алып келүүнү чечтим+; кун төлөп сатып алгандарымдын жылы келди.  Мен карап турдум, бирок жардамчы чыккан жок; таң калдым, анткени жөлөк болор эч ким болгон жок+. Ошондуктан мени каруу-булчуңум жеңишке жеткирди+, мага каарым+ жөлөк болду.  Мен элдерди ачуум менен тебеледим, аларды каарыма мас кылдым+, алардын атырылып чыккан канын жерге төктүм»+.  Мен Жахабанын мээримдүүлүгүн сөз кылам+, Жахабанын биз үчүн жасаган бардык иштери үчүн+ Жахабаны даңктайм, өзүнүн кайрымдуулугу, чексиз мээримдүүлүгү менен+ Ысрайылдын үйүнө көп жакшылык кылганын+ айтам.  Ал: «Ооба, алар — менин элим+, чыккынчылык кылбай турган уулдарым»+ — деп, алардын Куткаруучусу болгон+.  Алар кыйналган сайын, ал да кыйналган+. Аларды Өзүнүн кабарчысы куткарган+. Сүйүүсү, боорукердиги менен аларды кун төлөп сатып алып+, байыркы күндөрдө көтөрүп жүргөн+. 10  Бирок алар козголоң чыгарып+, анын ыйык рухун капалантышкан+. Ошондо ал алардын душманына айланып+, аларга каршы согушкан+. 11  Алар байыркы күндөрдү, анын кызматчысы Мусаны эстеп, мындай дешкен: «Оторунун койчулары менен бирге аларды деңизден алып чыккандын+ Өзү кайда?+ Ага ыйык рухун бергендин Өзү кайда?+ 12  Даңктуу билеги менен+ Мусаны оң колунан жетелеп жүргөндүн, өзүнө түбөлүктүү ысым жаратыш үчүн+ алардын алдында сууларды экиге бөлгөндүн Өзү кайда?+ 13  Алар ээн талаадагы аттай мүдүрүлбөшү үчүн, аларды ээ-жаа бербеген суулардан өткөргөндүн Өзү кайда?+ 14  Мал өрөөнгө түшкөндөй, Жахабанын руху аларга тынчтык берген»+. Сен ысмыңды даңктуу кылыш үчүн элиңди ошентип жетектеп жүргөнсүң+. 15  Асмандан көз чаптыр+, жогорудагы ыйык, кооз жайыңдан кара+. Сенин ынтаң+, бүт күчүң, уйгу-туйгу сезимдериң+, кайрымдуулугуң кайда?+ Алар мага көрсөтүлбөй келет+. 16  Сен биздин Атабызсың+. Бизди Ыбрайым билбесе да, Ысрайыл тааныбаса да, сен, Жахаба, биздин Атабызсың. Сенин ысмың — байыртан берки Куткаруучубуз+. 17  Оо, Жахаба, жолдоруңдан адашышыбызга эмне үчүн жол берип жатасың? Жүрөгүбүздүн катууланып, сенден коркпой калышына эмне үчүн жол берип жатасың?+ Өз кызматчыларың үчүн, өзүң ээлик кылган уруулар үчүн кайтып келе көр+. 18  Ыйык элиң+ өз жерине көпкө ээлик кылган жок: душмандарыбыз ыйык жайыңды тебелеп-тепсешти+. 19  Биз көптөн бери өзүң башкарбаган, сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык+.

Шилтемелер