Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 62:1—12

62  Адилдиги жарыктай+, куткарылуусу күйүп турган шаманадай болмоюн+, мен Сион үчүн унчукпай койбойм+, Иерусалим үчүн тынч турбайм+.  «Оо, аял+, сенин адилдигиңди элдер+, даңкыңды бүт падышалар көрөт+. Сени жаңы ысым менен+, Жахабанын оозунан чыккан ысым менен аташат.  Сен Жахабанын колунда кооз таажы+, Кудайыңдын алаканында падыша кийген чалма болосуң.  Мындан ары сени күйөөсү таштап кеткен аял дешпейт+, жериңди ээн калган жер дешпейт+. Сени „Кубанычым“+, жериңди „Кожоюну бар аял“ деп аташат. Анткени Жахаба сени көрүп кубанат; жериңдин кожоюну болот+.  Жигит аял алып, анын кожоюну болгондой, уулдарың сага ээлик кылып, кожоюн болот+. Күйөө колуктусун көрүп сүйүнгөндөй+, Кудайың сени көрүп сүйүнөт+.  Иерусалим, мен сенин дубалдарыңа күзөтчүлөрдү койдум+. Алардын үнү күнү-түнү басылбасын+. Силер, Жахабаны даңктагандар+, унчукпай койбогула+.  Ал Иерусалимди бекем орнотмоюн, жер жүзүнө анын даңкын чыгармайын+, Анын алдында үнүңөр басылбасын».  Жахаба оң колун+, күчтүү билегин көтөрүп+, мындай деп ант берди: «Мындан ары даныңды душмандарыңа жедирбейм+, мээнет кылып тапкан жаңы шарабыңды бөтөн жерликтерге ичирбейм+.  Эгин оруп-жыйнагандар нан жеп, Жахабаны даңкташат, жүзүм тергендер ыйык короолорумда шарап ичишет»+. 10  Чыккыла, дарбазалардан чыккыла. Элдин жолун тазалагыла+. Топурак төккүлө, чоң жол салыш үчүн топурак төккүлө. Таштарды алып салгыла+. Элдер үчүн белги койгула+. 11  Мына, Жахаба муну жердин учу-кыйырына чейин угузду+: «Сион кызына+: „Куткарылар маалың келатат+. Анын берер сыйлыгы жанында+, төлөөр акысы алдында“+,— деп айткыла». 12  Аларды ыйык эл+, Жахабанын сатып алган эли дешет+. Сени болсо изделген, ташталбаган шаар дешет+.

Шилтемелер