Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 61:1—11

61  Эгедер Теңир Жахаба мага рухун берди+, анткени Жахаба мени мүнөзү жумшактарга жакшы кабар айтуу үчүн+ майлады+. Жүрөгү жаралангандарды айыктырууга+, туткундарга боштондук жарыялоого+, камактагылардын көзүн ачууга жиберди+,  Жахабанын ырайым кылар жылын+, Кудайыбыздын өч алар күнүн жарыялоого+, кайгыргандардын баарын сооротууга+,  Сион үчүн кайгыргандарга күл ордуна баш кийим+, кайгы ордуна шаттык майын+, көңүл чөгөттүктүн ордуна даңк кийимин берүүгө жиберди+. Аларды Жахаба өзүнүн көркүнө көрк кошуу үчүн+ отургузган+ адилдик дарактары+ деп аташат.  Алар эчактан бери кыйрап+, байыртан бери ээн жаткан жерлерди, кыйратылган шаарларды+, кылымдар бою ээн жаткан жерлерди калыбына келтиришет+.  «Башка жерден келгендер малыңарды кайтарат+, бөтөн жерликтер+ дыйканыңар, жүзүмчүңөр болот+.  Силерди болсо Жахабанын дин кызматчылары+ деп аташат+, Кудайыбыздын кызматчылары дешет+. Силер элдердин байлыгы менен азыктанасыңар+, алардын даңкы менен мактанасыңар+.  Менин элим маскаралыктын ордуна эки эсе көп энчи алат+, кордуктун ордуна шаттыкка бөлөнөт, үлүш алганына сүйүнөт+. Ошондуктан алар өздөрүнүн жеринде эки эсе көп энчи алышат+, түбөлүк кубанышат+.  Анткени мен, Жахаба, адилеттикти жакшы көрөм+, тоноочулук менен ыймансыздыкты жек көрөм+. Аларга ишенимдүүлүк менен сыйлык берем+, алар менен түбөлүк келишим түзөм+.  Алардын тукуму элдердин арасында, урпактары уруулардын арасында белгилүү болот+. Аларды көргөндөрдүн баары таанышат+, алардын Жахабадан бата алган тукум экенин билишет»+. 10  Жахабанын иштерине кубанам+. Жаным Кудайымдын иштерине кубанат+. Анткени ал мага куткарылуу кийимин+, адилдик чапанын кийгизди+, мени дин кызматчыга окшоп баш кийимин кийген+ күйөөдөй, жасалгаларын тагынган колуктудай жасантты+. 11  Жер өсүмдүк өстүрүп чыгаргандай, бакча себилген уруктарды өндүргөндөй+, Эгедер Теңир Жахаба бардык элдердин алдында+ адилдик менен даңк өндүрөт+.

Шилтемелер