Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 60:1—22

60  «Оо, аял, ордуңан тур+, жаркыра+, анткени жарыгың келди+, Жахабанын даңкы сага жарык чачты+.  Мына, жерди караңгылык+, улуттарды коюу караңгылык каптаганы жатат. Ал эми сага Жахаба жарык чачат, үстүңөн анын даңкы көрүнөт+.  Сенин жарыгыңа элдер+, жаркыраган нуруңа падышалар+ келет+.  Башыңды көтөрүп, айланаңды кара! Баары чогулуп+, сага келишти+. Уулдарың алыстан келатат, кыздарыңды бөпөлөп көтөрүп келатышат+.  Ошондо аларды көрүп, жүзүң нурданат+, жүрөгүң дүкүлдөп, кубанычка толот, анткени сага деңиздин байлыгы, элдердин кенчи келет+.  Сенин жериңди көп сандаган төөлөр, Мидиан менен Эпанын+ ботолору каптайт. Шебалыктардын баары келет+. Алтын менен ладан жүктөп келишет, Жахабанын даңкын жар салышат+.  Кедардын+ бүт малы сага чогулат, Небаоттун+ кочкорлору сага кызмат кылат+. Аларды курмандык жайымда жагымдуу курмандык катары кабыл алам+, үйүмдүн көркүнө көрк кошом+.  Булуттай каптап+, кептерканасына учуп келаткан көгүчкөндөрдөй учуп келаткан булар кимдер?  Мага аралдар үмүт артат+, мурдагыдай эле Таршыштын кемелери+ уулдарыңды+ алтын-күмүшү менен кошо алыстан ташып келет+. Алар Жахаба Кудайыңдын ысмы+, Ысрайылдын Ыйыгы+ үчүн келишет, анткени ал сенин көркүңдү чыгарат+. 10  Дубалдарыңды бөтөн жерликтер тургузат+, алардын падышалары сага кызмат кылат+. Сени каарым менен кыйратсам да+, кайра ырайымым менен кайрымдуулук көрсөтөм+. 11  Дарбазаларың дайыма ачык болот+, күндүз да, түнкүсүн да жабылбайт, анткени сага элдердин кенчи жеткирилет+, алардын падышалары демилгечи болот+. 12  Ал эми сага кызмат кылбай турган элдер менен падышалыктардын баары жок болот. Ал элдер кырылат+. 13  Сага Лебанондун даңкы келет, менин ыйык жайымды+ көркүнө чыгарыш үчүн арча, ак чечек, кипарис дарактары келет+. Ошондо мен бутум турган жерди даңктайм+. 14  Сени эзгендердин уулдары сага таазим кылып келишет+, сага урмат көрсөтпөгөндөрдүн баары таман алдыңа жыгылат+. Сени Жахабанын шаары, Ысрайылдын Ыйыгынын Сиону+ деп аташат. 15  Сен ташталып, жек көрүндү болгонсуң, сен аркылуу эч ким өтпөй калган+. Эми мен сени кылымдан кылымга сыймыктанар жер, муундан муунга кубанычтын булагы кылам+. 16  Сен элдердин сүтүн+, падышалардын эмчегин эмесиң+. Ошондо менин Жахаба+ экенимди, сенин Куткаруучуң+ экенимди, Жакыптын Кудуреттүү Кудайынын+ сени кун төлөп сатып алганын билесиң+. 17  Мен жездин ордуна алтын+, темирдин ордуна күмүш, жыгачтын ордуна жез, таштын ордуна темир жеткирип турам. Көзөмөлчүң кылып тынчтыкты+, башчың кылып адилдикти дайындайм+. 18  Сенин жериңде зордук-зомбулук болбойт, аймагыңда талап-тоноо менен кыйроо деген угулбайт+. Сен дубалдарыңды Куткарылуу+, дарбазаларыңды Даңк деп атайсың. 19  Мындан ары сага күндүзү күн жарыгын чачпайт, жаркыраган айдын да жарыгы тийбейт. Анткени Жахаба түбөлүккө жарыгың+ болот, Кудай көркүң болот+. 20  Мындан ары күнүң батпайт, айың бүлбүлдөбөйт, анткени Жахаба түбөлүк жарыгың болот+, күйүт тарткан күндөрүң бүтөт+. 21  Бүт элиң адил болот+, жерге түбөлүккө ээлик кылат+. Мен отургузган чырпык+, колумдан бүткөн эл+ көркүмө көрк кошот+. 22  Аздан миң, кичинеден күчтүү эл чыгат+. Мен, Жахаба, муну өз убагында тездетем»+.

Шилтемелер