Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 6:1—13

6  Узия падыша өлгөн+ жылы мен бийик, улуу тактыда отурган+ Жахабаны көрдүм+. Анын кийиминин этеги ибадаткананы толтуруп туруптур+.  Анын тегерегинде сераптар* туруптур+. Ар биринин алтыдан канаты бар экен: эки канаты менен бетин жаап+, эки канаты менен бутун жаап, эки канаты менен учат экен.  Алар бири-бирине: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба ыйык, ыйык, ыйык!+ Бүт жер жүзү анын даңкына толгон»,— деп жатышты.  Алардын үнүнөн эшиктин кашектери+ титиреп, үйдүн ичи түтүнгө толду+.  Ошондо мен: «Өлдүм, башыма каран түн түштү! Анткени мен оозу булганган адаммын+, оозу булганган элдин арасында жашайм+. Анын үстүнө, Падышаны, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын өзүн, көрдүм!» — дедим+.  Ошондо мага сераптардын бири учуп келди. Анын колунда курмандык жайынан+ кычкач менен алган кыпкызыл чок бар экен+.  Ал чокту оозума тийгизип: «Мына, бул сенин оозуңа тийди+, эми айыбыңан арылдың, күнөөң кечирилди»,— деди+.  Анан Жахабанын: «Кимди жиберсем? Биз үчүн ким барат?»+ — деген үнүн уктум. Ошондо мен: «Мен барам! Мени жибер»,— дедим+.  Ал мага: «Баргын да, бул элге мындай де: „Кайра-кайра уккула, бирок түшүнбөгүлө, кайра-кайра көргүлө, бирок эч нерсе үйрөнбөгүлө“+. 10  Бул элдин жүрөгүн катаалдант+, кулагын укпас кыл+, көрбөшү үчүн көзүн жаап кой. Кулактары укпасын, жүрөктөрү түшүнбөсүн, мага кайрылып келишпесин, айыгышпасын»+. 11  Ошондо мен: «Оо, Жахаба, качанкыга чейин?» — деп сурадым+. Ал мындай деди: «Шаарлар урандыга айланып, элсиз калганга чейин, үйлөрдө киши калбай калганга чейин, жер ээн калганга чейин+, 12  Жахаба элди алыска айдап жибергенге чейин, жердин басымдуу бөлүгү ээн калганга чейин+. 13  Ошентсе да элдин ондон бир бөлүгү калат+, бирок аны да от жалмайт. Бакыйган чоң дарак кыйылганда+, дүмүрү калгандай эле, анын да дүмүрү калат+. Ошол дүмүр ыйык тукум болот»+.

Шилтемелер

Абдан жогорку абалды ээлеген периштелер.