Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 59:1—21

59  Жахабанын колу куткара албагыдай кыскарып калган жок+, кулагы укпагыдай катуу болуп калган жок+.  Чынында, силер кылмыштарыңардан улам Кудайдан бөлүнүп калдыңар+. Күнөөлөрүңөрдөн улам ал силерден жүзүн жашырып, үнүңөрдү укпай калды+.  Анткени колуңар кан төгүп булганган, манжаларыңар күнөөгө малынган+. Оозуңар жалганды+, тилиңер арамдыкты кеп кылат+.  Бириңер да адилдикти сүйлөбөйсүңөр+, соттошкондордун бири да чындыкты айтпайт. Баары жок нерсеге таянып+, болбогон нерсени сүйлөшөт+. Алардын боюна жамандык бүтүп, кыянаттык төрөшөт+.  Алар уулуу жыландын жумурткасын басып, жөргөмүштүн желесин токушат+. Ал жумуртканы жеген киши өлөт, ал эми жарылган жумурткадан кара чаар жылан чыгат+.  Токуган желеси аларга кийим, жасаган иштери жамынчы болуп бербейт+. Алардын иштери — кыянат иштер; колдору зордук-зомбулук кылат+.  Буттары жамандык кылууга чуркайт+. Алар бейкүнөө адамдын канын төгүүгө шашат+. Ойлору арам+, жолдору талап-тоноого, кыйратууга алып барат+.  Алар тынчтык жолун жеришет+. Баскан чыйырларында адилеттик жок+, жолдору кыйшык+. Ал жолдорго түшкөндөрдүн бири да тынчтык дегенди билбейт+.  Ошон үчүн бизден адилеттик алыстап, адилдик жаныбызга жолобой калды. Жарык тиет десек — айланабыз караңгы. Нур төгүлөт десек — коюу түндө жүрөбүз+. 10  Сокурдай болуп, дубалды кармап, көзү жок кишидей сыйпалап басып жүрөбүз+. Чак түштө күүгүмдөгүдөй чалынып жатабыз. Дени соолордун арасында өлүктөрдөйбүз+. 11  Баарыбыз аюудай бакырып, көгүчкөндөй аянычтуу күркүлдөп жатабыз+. Адилеттикти эңсесек+ — эчтеке жок. Куткарылууну күтсөк — ал бизден алыс+. 12  Анткени сенин алдыңда козголоңубузду көбөйттүк+. Ар бир күнөөбүз — өзүбүзгө каршы күбө+. Биз козголоңдорубузду, кылмыштарыбызды жакшы билебиз+. 13  Биз күнөөгө батып, Жахабадан баш тарттык, Кудайыбыздан алыстадык+, кордук менен козголоңду сөз кылдык+, жүрөгүбүздө ойлогон жалган сөздөрдү сүйлөдүк+. 14  Адилеттик артка чегинди+, адилдик алыстады+. Чындык аянттан чалынды, чынчылдык кире албай калды+. 15  Чындык жок болду+, кыянаттыктан качкандардын баары тонолду+. Жахаба ушунун баарын көрдү; адилеттиктин жоктугу анын көз алдында жагымсыз болду+. 16  Ал жардам берер эч ким жок экенин көрдү, болушар эч ким жок экенине таң калды+. Ошондо каруу-булчуңу аны жеңишке жеткирди, адилдиги ага жөлөк болду+. 17  Адилдикти сооттой кылып үстүнө+, куткарылуу туулгасын башына кийди+. Өч алуунун кийимин кийди+, ынталуулукту чапандай жамынды+. 18  Ал баарына иштерине жараша тиешесин берет+: кас болгондорго каарын төгөт, душмандарына жазасын берет+. Аралдар да тиешесин алат+. 19  Күн батыштагылар Жахабанын ысмынан+, күн чыгыштагылар даңкынан коркуп калышат+. Себеби Жахаба руху менен айдаган, алаамат каптаткан дарыядай болуп келет+. 20  «Кун төлөгөн+ Кудай Сионго+, Жакыптын кылмыш кылбай калган уулдарына келет»+,— дейт Жахаба. 21  «Мен алар менен мындай келишим түзөм»+,— дейт Жахаба. «Сендеги рухум+, оозуңа салган сөздөрүм+ сенин оозуңан, укум-тукумуңдун оозунан, алардын укум-тукумунун оозунан азыр да, түбөлүк да алынбайт»+,— дейт Жахаба.

Шилтемелер