Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 58:1—14

58  «Болгон үнүң менен кыйкыр, тынч турба+. Үнүңдү мүйүз сурнайдай бийик чыгар, менин элиме козголоңун+, Жакыптын үйүнө күнөөлөрүн айт.  Алар күнүгө мени издешкен, менин жолдорумду билгенине кубанышкан+. Адил иш кылган, Кудайынын адилеттүү жолунан чыкпаган эл катары менден адил өкүм тилешкен+, өздөрүнүн Кудайына жакындоодон кубаныч алышкан+.  Алар: „Биз орозо тутсак, эмне үчүн көрбөйсүң?+ Жаныбызды кыйнасак+, эмне үчүн байкабайсың?“+ — дешкен. Орозо туткан күнү өзүңөр ырахатка баткансыңар, ал эми жумушчуларыңардын баарын жумушка салгансыңар+.  Силер урушуп-талашуу үчүн, жаңжалдашуу үчүн, башкаларды аёосуз уруу үчүн+ орозо туткансыңар+. Орозо тутуп, ошондо үнүңөр асманга жетет деп ойлогон эмес белеңер?  Мен тандаган орозо ушундай беле? Ал күнү пенде өз жанын кыйнап+, башын камыштай шылкыйтып, алдына таар жайып, күл төшөнүшү керекпи?+ Ушуну орозо, Жахабага жаккан күн дейсиңби?+  Мен тандаган орозо боюнча, сен адилетсиздиктин кишендери+ менен моюнтуруктун жиптерин чечип+, эзилгендерди эркиндикке чыгарып+, моюнтуруктардын баарын талкалашың+ керек эмеспи?  Наныңды ачка бирөө менен бөлүшүп+, үйү жок бей-бечараны үйүңө киргизишиң керек эмеспи?+ Жылаңач бирөөнү көрсөң, ага кийим кийгизип+, жакыныңдан жашынбашың керек эмеспи?+  Ошондо жарыгың таң шооласындай төгүлүп+, ошол замат айыгасың+. Адилдигиң алдыңда жүрөт+, Жахабанын даңкы артыңан коргойт+.  Чакырганыңда, Жахаба жооп берет. Жардам сураганыңда, ал: „Мен мындамын!“ — дейт+. Эгер сен өз араңдан моюнтурукту жок кылсаң+, сөөмөйүңдү көзөгөнүңдү+, жаман сүйлөгөнүңдү койсоң+, 10  өз жаның каалаганды ачка бирөөгө берсең+, кыйналган жанды тойгузсаң, анда жарыгың караңгыда жаркырайт, түнүң чак түштөй болот+. 11  Жахаба сени ар дайым+ жетектеп+, кагыраган жерде да жаныңды тойгузат+, сөөктөрүңдү чыңдайт+. Сен жакшы сугарылган бактай+, суусу соолубаган булактай болосуң. 12  Көптөн бери ээн жаткан жерлерди сенин демилгең менен калыбына келтиришет+. Сен муундан муунга урандылардын астында жаткан пайдубалдарды кайрадан тургузасың+. Сени тешиктерди бүтөөчү, эл отурукташа турган жолдорду жаңыртуучу деп аташат+. 13  Эгер сен ишембиде, менин ыйык күнүмдө, өз каалооңду аткаруудан баш тартсаң, ишембини чоң кубаныч тартуулаган даңктуу күн+, Жахабанын ыйык күнү десең, өз билгениңди кылбай, керт башыңдын каалаганын көздөбөй, куру сөздөрдү сүйлөбөй, ошол күндү даңазаласаң+, 14  анда мен, Жахаба, сени кубанычка бөлөйм+. Мен сени бийик жерлерге чыгарам+, бабаң Жакыптын мурасынан жедирем+. Анткени бул сөздөр Жахабанын оозунан чыкты»+.

Шилтемелер