Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 55:1—13

55  Суусагандар+, баарыңар суу алганы келгиле!+ Акчасы жоктор, келгиле, алгыла, жегиле!+ Келгиле, шарап+ менен сүттү+ акысыз, бекер алгыла+.  Нан деп эсептелбеген нерсе үчүн эмнеге акча төлөп жатасыңар, курсакты тойгузбаган нерсе үчүн эмнеге мээнет кылып жатасыңар?+ Мени кунт коюп уккула, тамактын жакшысын жегиле+, майлуу тамак менен жаныңарды жыргаткыла+.  Кулак кагып+, мага келгиле+. Уккула, ошондо жаныңар аман болот+. Мен Дөөтүгө мээримдүүлүгүмдү ишенимдүүлүк менен көрсөтүүнү убада кылгам+, ошого ылайык силер менен түбөлүк келишим түзөм+.  Мына, мен аны элдерге күбө+, улуттарга+ жол башчы+ жана башкаруучу+ кылып бердим+.  Сен өзүң билбеген элди чакырасың+, сени тааныбаган элдин арасынан чыккандар да Жахаба Кудайың үчүн+, Ысрайылдын Ыйыгы+ үчүн сага чуркап келишет+, анткени Ал сенин көркүңдү чыгарат+.  Тапканга мүмкүнчүлүк барда Жахабаны издегиле+. Ал жакын турганда, ага кайрылгыла+.  Ыймансыз өз жолун, кара ниет өз ойлорун таштасын+, Жахаба Кудайыбызга кайрылып келсин. Анткени ал кайрымдуулук кылат+, айкөлдүк менен кечирет+.  «Силердин оюңар менин оюм эмес+, менин жолум силердин жолуңар эмес+,— дейт Жахаба.—  Анткени асман жерден канчалык бийик болсо+, менин жолум силердин жолуңардан, менин оюм силердин оюңардан ошончолук бийик+. 10  Асмандан жааган жаан менен кар жерди сугарып, аны өсүмдүк өндүргүдөй+, үрөн сепкенге түшүм, жегенге нан бергидей+ кылмайын асманга кайтпайт. 11  Ошо сыяктуу эле, менин оозуман чыккан сөз курулай кайтып келбейт+. Мен эмнени кааласам, ал ошону аткарат+, эмнеге жиберсем, ошону ишке ашырат+. 12  Силер кубаныч менен чыгып+, тынчтык менен жетесиңер+. Алдыңарда тоолор менен адырлар сүйүнүп, кубанычтуу үн салышат+, талаадагы бак-дарактар алакан чабышат+. 13  Тикенектүү бадалдын ордуна арча+, чалкандын ордуна мирт дарагы өсүп чыгат+. Бул Жахабанын атагын чыгарат+, түбөлүккө өчпөс белги болот»+.

Шилтемелер