Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 54:1—17

54  «Бала көрбөгөн, төрөбөгөн аял, кубанычтуу үн сал!+ Толгоо тартып кыйналбаган аял+, шаттан, кубанып кыйкыр+, анткени күйөөсү бар аялга караганда күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп+,— дейт Жахаба.—  Чатырыңды кеңейт+. Чоң турак жайыңдын жабууларын жазышсын. Эч чек койбо. Чатырыңдын аркандарын узарт, казыктарын бекемде+.  Анткени сен оңго да, солго да жайыласың+, тукумуң элдерге ээлик кылат+, ээн калган шаарларга отурукташат+.  Коркпо+, анткени уятка калбайсың+. Өзүңдү кемсинтилгендей сезбе, анткени көңүлүң кайт болбойт+. Сен жаш кезиңде шылдың болгонуңду унутасың+, көп убакыт бою жесир болуп жүргөндөгү маскаралыгыңды экинчи эстебейсиң».  «Улуу Жаратканың+ — сенин күйөөң+, кожоюнуң. Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+. Сени Ысрайылдын Ыйыгы кун төлөп сатып алган+. Ал бүт жер жүзүнүн Кудайы делет+.  Анткени Жахаба сени күйөөсү таштап кеткен+, көңүлү чөккөн аялды чакыргандай, жаш кезинде турмушка чыгып+, кийин кетирилген аялды+ чакыргандай чакырып алган»,— дейт Кудайың.  «Мен сени бир аз убакытка калтыргам+, бирок зор кайрымдуулук менен чогултам+.  Каарым ташкындап турганда, сенден жүзүмдү көз ирмемге жашыргам+, бирок сага түбөлүккө мээримдүүлүк көрсөтүп, кайрымдуулук кылам»+,— дейт сени кун төлөп сатып алган Жахаба+.  «Бул мен үчүн Нухтун күндөрүндөй+. Мен Нухтун суулары жерди экинчи каптабай турганын+ айтып ант бергенимдей, сага каарданбай турганымды, сени жемелебей турганымды+ да айтып ант берем. 10  Тоолор алысташы мүмкүн, адырлар солкулдашы мүмкүн+, бирок менин мээримдүүлүгүм сенден алыстабайт+, тынчтык келишимим бузулбайт»+,— дейт сага кайрымдуулук көрсөткөн Жахаба+. 11  «Бороон-чапкында калган+, сооронбогон+ байкуш аял!+ Мен сенин таштарыңды+ бекем кармай турган ылай менен бекитем, пайдубалыңды сапфирден+ тургузам+. 12  Дубалдарыңдын үстүн рубинден, дарбазаларыңды оттой жанган таштардан жасайм+, чектериңди асыл таштар менен белгилейм. 13  Уулдарыңдын баарын+ Жахаба үйрөтөт+, алардын тынчтыгы мол болот+. 14  Сен адилдик менен бекемделесиң+. Эзүүчүлөрдөн алыс болосуң+, эч нерседен коркпойсуң. Эч нерседен үрөйүң учпайт, андай нерсе сага жакын жолобойт+. 15  Сага бирөө кол салса, ал менин буйругумсуз кол салган болот+. Кимде-ким сага кол салса, ал кулайт»+. 16  «Мына, оттун+ чогун үйлөп+, курал жасаган устаны мен жараткам. Баарын ойрон кылган кишини да мен жараткам+. 17  Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт+, сен сотто өзүңө каршы чыккан ар бир тилди айыпка жыгасың+. Бул — Жахабанын кызматчыларына берилген мурас+. Алардын адилдиги менден»,— дейт Жахаба+.

Шилтемелер