Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 50:1—11

50  Жахаба мындай дейт: «Мен кетирип жиберген энеңердин+ талак каты кайда?+ Мен силерди мага карыз бергендердин кимисине сатып жибердим эле?+ Силер өз күнөөлөрүңөр үчүн+ сатылгансыңар, энеңер силердин кылмыштарыңар үчүн кетирилген+.  Мен келгенде, эмне үчүн эч ким жок эле?+ Мен чакырганда, эмне үчүн эч ким жооп берген эмес эле?+ Кун төлөп сатып алууга колум кыскабы+ же куткарууга күчүм жокпу? Мына, мен жемелегенде+, деңиз какшыйт+, дарыялар чөлгө айланат+. Алардын ичиндеги балыктар суу жетпегендиктен сасыйт, суусагандыктан өлөт+.  Мен асманга караңгылык кийгизем+, үстүнө таар жабам»+.  Эгедер Теңир Жахаба мага чарчаганды кандай сөздөр менен кубаттандырууга+ болорун үйрөттү+. Ал мени күнүгө эртең менен ойготот, угушум үчүн, насаат айтат+.  Эгедер Теңир Жахаба кулагымды ачты, мен каршылык көрсөткөн жокмун+, тескери бурулуп кеткен жокмун+.  Уруп жаткандарга жонумду, сакалымды жулуп жаткандарга жаагымды тосуп бердим+. Мазактап, жаба түкүрүшкөндө+, жүзүмдү жапкан жокмун.  Бирок мага Эгедер Теңир Жахаба жардам берет+, ошондуктан өзүмдү кемсинтилгендей сезбейм. Ошондуктан жүзүмдү оттук таштай катуу кылам, уятка калбасымды билем+.  Мени адил деп жарыялоочу жанымда+. Мени менен ким талашып-тартышат? Бетме-бет туралы+. Мени менен ким соттошот?+ Жаныма келсин+.  Мага Эгедер Теңир Жахаба жардам берет. Мени ким айыпка жыга алат?+ Алардын баары кийимдей эскирет+, аларды күбө жеп жок кылат+. 10  Кимиңер Жахабадан коркуп+, анын кызматчысынын үнүн угасыңар?+ Кимиңер жарыкты көрбөй+, караңгыда жүрөсүңөр? Ал Жахабанын ысмына таянсын+, Кудайынан жардам издесин+. 11  «Силер болсо, от жаккандар, учкун учургандар, отуңардын жарыгында, учурган учкундарыңардын арасында жүрөсүңөр. Силердин менден ала турган жазаңар бул: бүк түшүп, катуу кыйналасыңар+.

Шилтемелер