Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 5:1—30

5  Мен сүйүктүүмө сүйүктүүм жөнүндө, анын жүзүмзары жөнүндө+ ырдап берейин. Топурагы семиз дөңсөөнүн боорунда сүйүктүүмдүн жүзүмзары бар эле.  Ал жерди айдап, ташын терип, тандамал кызыл жүзүм отургузду. Ортосуна мунара курду+, жүзүм сыккыч да орнотту+. Ал жакшы жүзүм алам деп үмүттөндү+, бирок жүзүмү жапайы мөмө берди+.  «Эми, Иерусалим тургундары, Жүйүттүн эли, жүзүмзарым экөөбүзгө калыс болгула+.  Жүзүмзарыма дагы эмне кылышым керек эле?+ Ал жакшы жүзүм берет деп үмүттөнгөм, эмне себептен жапайы мөмө берди?  Эми силерге жүзүмзарымды эмне кыларымды айтайын: тосмосун алып таштайм+, ошондо аны өрт каптайт+, таш дубалын бузуп таштайм, ошондо ал тебелендиде калат+.  Мен аны кыйратам+. Ал буталбайт, түптөлбөйт+, аны тикенек менен отоо чөп басат+. Менин буйругум боюнча, булуттар ага жамгыр төкпөйт+.  Асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын жүзүмзары+ — Ысрайыл үйү, жакшы көргөн көчөтү+ — Жүйүт эли. Ал акыйкаттыкты күткөн эле+, мына, мыйзам бузулуп жатат, адилдикти күткөн эле, мына, зарлаган үн угулуп жатат»+.  Бош жер калтырбай талаасына талаа улап+, үйүнө үй кошуп+ жаткандардын башына каран түн түшөт! Силер бүт жерди жалгыз өзүңөр ээлеп алдыңар.  Мен асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ант бергенин уктум: көп сандаган үйлөр, заңгырата мыкты салынса да, үрөй учурарлык абалда калат, жашаган эч кимиси жок бош калат+. 10  Он өлчөм* жерге+ айдалган жүзүм бир бат*+ гана шарап берет, бир хомер* үрөн бир эйфа*+ эле дан берет. 11  Күчтүү шарап+ издеп таң заарда тургандардын, кара күүгүмгө чейин шарап ичип мас болгондордун+ башына каран түн түшөт! 12  Алардын тойлорунда+ арфа менен кыл аспап чертилет, дап кагылат, чоор тартылат, шарап сунулат. Ал эми Жахабанын иштерине көңүл бурушпайт, анын колунун иштерин көрүшпөйт+. 13  Ошондуктан элим туткунга айдалат, анткени алар мени билбейт+. Алардын кадырлуулары ачка калат+, карапайымдары сууга жетпей кыйналат+. 14  Ошон үчүн көр* кеңейип, оозун араандай ачат+. Ага шаардын көркү, калың эли, чуру-чуусу, салтанат куруп жаткан кишиси түшөт+. 15  Пенде кемсинтилип, адам басынтылат, бийлиги барлардын да көзү жер карайт+. 16  Ошондо асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын акыйкаттык менен+ зоболосу көтөрүлөт. Чыныгы Кудай, Ыйык Кудай+, адилдик менен ыйыкталат+. 17  Ал жерде козулар жайыттагыдай жайылат, семиз мал оттогон ээн жерлердин түшүмүн келгиндер жейт+. 18  Айыпты жалгандыктын аркандары менен сүйрөп келаткандардын, күнөөнү арабадай чегип алгандардын+ башына каран түн түшөт! 19  «Ал кылар ишин тездетсин, тезирээк ишке ашырсын, биз көрөлү! Ысрайылдын Ыйыгынын ой-ниети жакындасын, аткарылсын, биз билели!» — дегендердин башына каран түн түшөт! + 20  Жакшыны жаман, жаманды жакшы дегендердин+, караңгыны жарык, жарыкты караңгы, ачууну таттуу, таттууну ачуу дегендердин башына каран түн түшөт!+ 21  Өздөрүн акылман көргөндөрдүн, өздөрүн кыйын сезгендердин башына каран түн түшөт!+ 22  Шарап ичүүгө келгенде баатырсынгандардын, күчтүү ичимдик жасаганга шыктуулардын+, 23  пара алып+, ыймансызды адил деп жарыялагандардын, адилди адилдигинен ажыраткандардын башына каран түн түшөт!+ 24  Алар асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын мыйзамын четке кагышат+, Ысрайылдын Ыйыгынын сөзүн баркташпайт+. Ошон үчүн саманды от жалмагандай+, кургак чөптү өрт каптагандай болуп, алардын тамыры чирийт+, гүлү чаңдай сапырылат. 25  Андыктан Жахаба өз элине катуу каарданат, колун сунуп, аларга сокку урат+. Ошондо тоолор титирейт+. Алардын өлүгү, таштандыдай болуп, көчөлөрдүн ортосунда калат+. Ошол себептен анын каары кайт болгон жок, колу сунулган бойдон турат. 26  Ал алыстагы улуу элге+ белги койду, жердин кыйырындагыларды ышкырып чакырды+. Алар заматта жетип келишет!+ 27  Бири да чарчабайт, бири да чалынбайт. Бири да үргүлөбөйт, бири да уктабайт. Белдериндеги курлары чечилбейт, сандалдарынын боолору үзүлбөйт. 28  Алар жебелерин учтап, жааларын ийип коюшту+. Аттарынын туяктары оттук таштай+, дөңгөлөктөрү куюндай+. 29  Алардын сүрөөнү арстандын арылдаганындай, алар жалдуу жаш арстандай+ арылдашат. Олжосун аркырап-күркүрөп баса калышат да, көтөрүп кетишет. Эч ким куткара албайт+. 30  Ошол күнү алар олжосуна деңиздин күркүрөгөнүндөй күркүрөшөт+. Ошондо ал жерди карагандар аны каргашалуу караңгылык басканын+, жааган жамгырдан улам айлана түнөргөнүн көрүшөт.

Шилтемелер

Болж. м-н 4 гектар.
Болж. м-н 22 л. Кара: 13-тирк.
Болж. м-н 220 л.
Болж. м-н 22 л.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.