Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 49:1—26

49  Аралдар+, уккула, алыстагы улуттар+, көңүл бургула. Жахаба мени энемдин ичинде жаткан кезимде эле+ чакырып алган+, төрөлө элегимде эле атыман атаган+.  Ал менин оозумду курч кылычтай кылды+, мени колунун көлөкөсү менен+ калкалады+. Мени курчутулган жебе кылды, саадагына катып койду.  Мага: «Оо, Ысрайыл+, сен менин кызматчымсың, сен аркылуу көркүмдү көрсөтөм»,— деди+.  Мен: «Бекер эле эмгектениптирмин+, күчүмдү болбогон нерсеге, убаракерчиликке кетириптирмин+. Бирок мага Жахаба — сот+, акымды Кудайым берет»,— дедим+.  Мени энемдин ичинде жаткан кезимден тартып өз кызматчысы кылган Жахаба+, Ысрайыл чогулушу үчүн+, Ага Жакыпты кайрып келишим керектигин айтты+. Мен Жахабанын көз алдында даңкталам, Кудайым менин күчүм болот.  Ал: «Жакыптын урууларын калыбына келтирип, Ысрайылдын аман калгандарын кайрып келиш үчүн мага кызматчы болууну+ сен маанисиз иштей көрбөйсүң. Менин куткаруум жердин учу-кыйырына чейин жетиши үчүн+, сени элдерге жарык кылып койдум»,— деди+.  Ысрайылды кун төлөп сатып алган Ыйык Кудайы Жахаба+ башкаруучулардын кулуна+, баркка алынбаган+, элге жек көрүндү болгон адамга+: «Падышалар менен төрөлөр көргөндө ордуларынан турушат да+, сени тандап алган ишенимдүү Жахаба+ үчүн, Ысрайылдын Ыйыгы үчүн, таазим кылышат»,— дейт+.  Жахаба мындай дейт: «Мен сага ырайым кылар убакта жооп бердим+, куткарылуу күнүндө жардам бердим+. Сени элге келишим кылыш үчүн+, жерди калыбына келтириш үчүн+, ээн калган мурасты кайрып бериш үчүн+,  туткундарга+: „Чыккыла!“ — деп+, караңгыда отургандарга+: „Жарыкка чыккыла!“+ — деп айтыш үчүн, мен сени сактап келдим. Алар жол боюна жайылат, алардын жайыттары тапталган жолдордун баарында болот+. 10  Алар ачка болбойт+, суусабайт+, аларга аптап да, күн да зыян келтирбейт+. Анткени аларга боор ооруй тургандын Өзү жол көрсөтүп+, аларды суу башаттарына алып барат+. 11  Мен бардык тоолорумду жол кылам, чоң жолдорум көтөрүлөт+. 12  Мына, алар алыстан келишет+: кээ бирлери түндүктөн+, кээ бирлери батыштан+, кээ бирлери Синим жеринен келет». 13  Асман, кубанычтуу үн сал+. Жер, шаттан+. Тоолор сүйүнүп, кубанычтуу үн салсын+. Анткени Жахаба өз элин сооротту+, бей-бечараларга боор ооруду+. 14  Сион болсо: «Жахаба мени таштап кетти+, Жахаба мени унутту»,— дечү+. 15  Аял эмчектеги баласын унутабы?+ Курсагында көтөрүп жүргөн уулуна боор оорубай коёбу?+ Ал унутушу мүмкүн, бирок мен сени унутпайм+. 16  Мына, сени алаканыма чегип жазып койдум+. Сенин дубалдарың дайыма көз алдымда+. 17  Уулдарың шашып келатат. Ал эми сени уратып-кыйраткандар чыгып кетишет. 18  Башыңды көтөрүп, айлана-тегерегиңди кара. Баары чогулуп, сага келишти+. «Мен тирүүмүн,— дейт Жахаба+,— сен аларды жасалга кылып киесиң, колуктудай болуп курчанасың+. 19  Жерлериң урандыга айланып, кыйратылып, ээн калса да+, эми алар тургундарың үчүн өтө тардык кылып жатат, сени жеп-жуткандар алыста жүрөт+, 20  ал эми балдарыңдан ажырагандан+ кийин төрөлгөн уулдарың сага: „Бул жер тар болуп жатат+. Бизге жашаганга жер бер“,— дешет+. 21  Ошондо сен ичиңен: „Мен балдарыман ажырап, тукумсуз калганымда, туткунга айдалып, камакта отурганымда+, буларга менин ордума ким ата болду? Буларды ким чоңойтту?+ Мен жалгыз калбадым беле+. Ошондо булар кайда эле?“ — дейсиң»+. 22  Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: «Мына, колумду элдерге көтөрөм+, алар үчүн белгимди коём+. Алар уулдарыңды кучагына алып, кыздарыңды ийнине салып көтөрүп келишет+. 23  Сага падышалар кам көрөт+, канышалары эмчек энелериң болот. Алар сага жүзтөмөндөп таазим кылышат+, бутуңдагы чаңды жалашат+. Ошондо менин Жахаба экенимди, мага үмүт арткандардын уятка калбай турганын билесиң»+. 24  Күчтүү кишиден колуна түшкөндөрдү тартып алса болобу?+ Зулумдун туткундары качып кете алабы?+ 25  Жахаба мындай дейт: «Туткундар күчтүү кишиден тартылып алынат+, зулумдун колуна түшкөндөр качып кетишет+. Сени менен кармашкандардын баары менен өзүм кармашам+, уулдарыңды өзүм куткарам+. 26  Сага жаман мамиле кылгандарга өздөрүнүн этин жегизем, алар таттуу шарап ичкенсип, өздөрүнүн канына мас болушат. Ошондо баары менин Жахаба экенимди+, сени кун төлөп сатып алган+ Куткаруучуң+, Жакыптын Кудуреттүү Кудайы экенимди билишет»+.

Шилтемелер