Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 47:1—15

47  Бабыл кызы+, түш, топуракка отур+. Каздимдиктердин кызы+, тактысы жок жерге отур+. Анткени сени мындан ары назик, эрке дешпейт+.  Жаргылчак алып+, ун тарт. Тор чүмбөтүңдү чеч+, этегиңди түр+. Жылаңач бутуңду көрсөтүп+, дарыяларды кечип өт.  Жылаңач этиңди көрсөт+, абийириң ачылсын+. Мен өч алам+, бир да адамды аябайм.  «Бизди кун төлөп сатып ала турган бирөө бар+. Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+, Ысрайылдын Ыйыгы»+.  Каздимдиктердин кызы+, унчукпай отур+, караңгылыкка кир+. Анткени сени эми падышалыктардын+ Мырзайымы+ деп аташпайт.  Мен өз элиме каардандым+, мурасымды арамдадым+, аны сенин колуңа салып бердим+. Сен болсо аларга ырайым кылган жоксуң+, кары кишиге өтө оор моюнтуругуңду салдың+.  «Мен кылымдар бою, түбөлүккө Мырзайым+ болом»,— дечүсүң. Бирок өз иштериңе көңүл бурган эмессиң, аягы эмне менен бүтөрүн ойлогон эмессиң+.  Эми муну ук, ырахатты сүйгөн, коопсуз жашаган аял+. Сен ичиңен: «Мен, менден башка эч ким жок+. Мен эч качан жесир калбайм, балдарыман да айрылбайм»,— дечүсүң+.  Бирок күтүлбөгөн жерден, бир күндүн ичинде+ балдарыңан да айрыласың, жесир да каласың. Бул баш-отуң менен берилген көз байлоочулугуңдун көптүгү үчүн+, дубаларыңдын күчтүүлүгү үчүн башыңа түшөт+. 10  Сен кыянаттыгыңа таянчусуң+. «Мени эч ким көрбөйт»,— дечүсүң+. Сени акылмандыгың, билимиң жолдон чыгарды+. Ичиңен: «Мен, менден башка эч ким жок»,— деп жатасың. 11  Ошон үчүн башыңа алаамат түшөт. Аны эч кандай дубаң токтото албайт. Сени кырсык басат+, аны болтурбай коё албайсың. Күтүлбөгөн жерден+ оюңа да келбеген бүлгүнгө учурайсың. 12  Жаш кезиңден берки көз байлоочулугуңду+, дубаларыңды токтотпо. Балким, алардын сага пайдасы тиер, балким, башкаларды коркутуп аларсың. 13  Сен кеңешчилериңдин көптүгүнөн чарчадың. Асманга сыйынгандар, жылдыз карагандар+, ай жаңырганда келечегиңди айтып бергендер эми ордунан туруп, сени куткарышсын. 14  Мына, алар самандай болуп калды+. Алардын баарын от жалмайт+. Ошондо жалындан бири да жанын+ куткара албайт+. Жылынгыдай чоктун табы, жанында отургудай оттун жарыгы болбойт. 15  Жаштайыңан бери сени менен бирге эмгектенип келген дубакерлериң+ да ошондой болот. Ар бири башы оогон жакка кетет. Сени куткарып алар эч ким калбайт+.

Шилтемелер