Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 46:1—13

46  Бел+ чөгөлөдү, Небо* бүк түштү. Алардын буркандары+ жапайы жаныбарлар менен үй айбанаттарына жүктөлдү+, чарчаган жаныбарларга оордук, жүк болду.  Ал кудайлар бүк түшөт, ар бири чөгөлөйт. Алар жүктөй артылган буркандарын сактай алышпайт+, өздөрүнүн жаны да туткунга кетет+.  «Оо, Жакыптын үйү, Ысрайылдын үйүнөн калгандардын баары+, төрөлгөнүңөрдөн бери өзүм кам көрүп, өзүм көтөрүп жүргөндөр+, мени уккула.  Карыганыңарда да мен ошол эле Кудаймын+, чачыңарды ак басканда да силерди колдоп жүрөм+. Өзүм иш-аракет кылам+, силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм+.  Силер мени кимге окшоштурасыңар?+ Окшош жагыбызды көрсөтүп, кимге салыштырасыңар?+  Капчыгынан алтынды ашыгы менен төккөндөр, күмүшүн таразага тарткандар бар. Алар зергер жалдап, кудай жасатышат+. Анан жүзтөмөндөп жыгылып, ага таазим кылышат+.  Аны ийнине салып, көтөрүп жүрүшөт+, кулап калбашы үчүн, бир жерге коюп коюшат. Ал ордунан жылбайт+. Ага кыйкырышат, бирок ал жооп бербейт, кыйынчылыктан куткарбайт+.  Муну эстеп, кайраттуу болгула. Мыйзамды бузгандар+, муну жүрөгүңөргө түйгүлө+.  Башында, байыркы убакта болгондорду эстегиле+. Мен Кудаймын+, менден башка Кудай жок+, мага окшош эч ким жок+. 10  Мен аягында эмне болорун башынан эле айтам+, боло элек нерселерди байыртан бери айтып келем+. „Ой-ниетим аткарылат+, эмнени кааласам, ошону ишке ашырам“,— дейм+. 11  Күн чыгыштан жырткыч кушту чакырам+, ой-ниетимди аткара турган кишини алыскы жерден чакырам+. Айтканымды аткарам+, ойлогон оюмду орундатам+. 12  Тоң моюндар*+, адилдиктен алыстагандар+, мени уккула. 13  Мен адилдигимди жакындаттым+, ал алыс эмес+. Куткаруумду кечиктирбейм+. Сионду куткарам, Ысрайылга көркүмдү берем»+.

Шилтемелер

Бел менен Небо — Бабыл кудайлары.
Же: «Жүрөгү кежирлер».