Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 45:1—25

45  Майланганына+, Корешке, элдерди баш ийдирип+, падышалардын белинен курларын чечиш үчүн, анын алдында эки жакка ачылма эшиктер ачылып, дарбазалар жабылбашы үчүн, оң колунан кармап турган+ Жахаба ага мындай дейт:  «Мен сенин алдыңда барам+, дөбөлөрдү түздөйм+, жез эшиктерди талкалайм, темир бекиткичтерин сындырам+.  Сен менин Жахаба экенимди, сени атыңан чакырган+ Ысрайыл Кудайы экенимди билишиң үчүн, сага караңгы жерлердеги казыналарды, жашыруун жайлардагы кенчтерди берем+.  Кызматчым Жакып менен өзүм тандаган Ысрайыл үчүн+ сени атыңан чакырдым, мени билбесең да+, сага ардактуу ысым бердим.  Мен Жахабамын, менден башка эч ким жок+, башка Кудай жок+. Сен мени билбесең да, белиңди бекем бууйм.  Күн чыгыштан күн батышка чейин баары менден башка эч ким жок экенин билиши үчүн ошентем+. Мен Жахабамын, менден башка эч ким жок+.  Мен жарыкты да+, караңгылыкты да жаратам+, тынчтык орнотом+, алаамат алып келем+. Ушунун баарын мен, Жахаба, жасайм+.  Оо, асман, жогорудан себеле+, булуттуу асмандан адилдик аксын+. Жер ачылсын, куткарылуу жемишин берсин, ошондо адилдик өнүп чыксын+. Баарын жараткан менмин, Жахабамын»+.  Жердеги карапанын сыныгы башка карапанын сыныктары менен талашып-тартышкандай, өзүнүн Жаратканы менен талашып-тартышкан адамдын башына каран түн түшөт!+ Чопо өзүн калыптаганга+: «Эмне кылып жатасың?» — дейби? Колуңан бүткөн нерсе: «Анын колу жок»,— дейби? 10  Атасына: «Жарык дүйнөгө алып келгениң ушулбу?» же энесине: «Кыйналып төрөгөнүң ушулбу?» — дегендин башына каран түн түшөт!+ 11  Ысрайылдын Ыйыгы+, анын Жаратканы+ Жахаба мындай дейт: «Менден уулдарымдын+ келечеги жөнүндө сурагыла+, колум жараткан иштерге+ байланыштуу жооп талап кылгыла. 12  Мен жерди жасагам+, анын үстүнө адамды жараткам+. Асманды колум менен жайгам+, бүт кошуунуна буйрук бергем»+. 13  «Мен бирөөнү адилдик менен ордунан козгодум+, анын бардык жолдорун түздөйм+. Ал менин шаарымды курат+, туткунда жүргөн элимди коё берет+, акы да, пара да албайт»+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба. 14  Жахаба мындай дейт: «Мисирдин+ акы албаган жумушчулары, Эфиопиянын соодагерлери, узун бойлуу+ шебалыктар+ келип, сага таандык болушат+. Алар сенин артыңдан жүрүшөт, кишендери менен келип+, сага таазим кылышат+. Сага жалбарып: „Кудай сени менен экен+, андан башка Кудай жок экен“,— дешет»+. 15  Чын эле, сен өзүңдү жашырган Кудайсың+, Ысрайылдын Кудайысың, Куткаруучусуң+. 16  Баары уятка калышат, басынтылышат+. Буркан жасагандардын баары башын жерге салып басып калышат. 17  Ысрайыл болсо Жахаба менен биримдикте болгондуктан түбөлүккө+ куткарылат+. Силер уятка калбайсыңар+, кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө басынтылбайсыңар+. 18  Асманды жараткан+, жерди калыптап жасаган, аны бекем орноткон+, куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн+ жараткан+ чыныгы Кудай+ Жахаба мындай дейт: «Мен Жахабамын, менден башка эч ким жок+. 19  Мен жашыруун жайдан, караңгы жерден сүйлөгөн эмесмин+, Жакыптын тукумуна: „Мени издегиле, бирок аныңардан майнап чыкпайт“+,— деген эмесмин. Мен адилдикти сүйлөгөн, акыйкатты айткан Жахабамын+. 20  Чогулуп келгиле+. Элдерден качып кутулгандар, жакын келгиле+. Жыгач бурканын көтөрүп жүргөндөр да, куткара албай турган кудайдан тиленгендер да эч нерсе билишпейт+. 21  Сүйлөгүлө, далилиңерди келтиргиле+. Алар чогуу-чараан кеңешсин. Муну байыркы замандан бери ким угузуп келатат?+ Ошондон бери ким айтып келатат?+ Мен, Жахаба. Менден башка Кудай жок+. Мен адил Кудаймын, Куткаруучумун+, менден башка эч ким жок+. 22  Жердин булуң-бурчундагылар+, мага кайрылгыла да, куткарылгыла, анткени мен Кудаймын, менден башка эч ким жок+. 23  Мен өзүмдү оозанып ант бергем+, оозумдан адилдик менен чыккан сөз+ кайра кайтып келбейт+. Ар бир адам менин алдымда тизе бүгүп+, ар бир тил ант берип+, 24  мындай дейт: „Чексиз адилдик менен күч Жахабага гана таандык+. Ага каардангандардын баары анын алдына келип, уятка калышат+. 25  Жахабанын колдоосу менен Ысрайылдын бүт тукуму+ акталат да+, мактанат“»+.

Шилтемелер