Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 4:1—6

4  Ошол күнү жети аял бир эркекке жармашып+: «Биз өз наныбызды жейбиз, өз чапаныбызды киебиз. Болгону эле, маскаралыктан арылып+, сенин ысмың менен аталалы»,— дешет.  Жахаба өстүргөн бутак+ ошол күнү көрк менен даңктын булагы болот+. Жердин жемиши Ысрайылдын аман калган+ уулдары үчүн сыймыктанарлык, суктанарлык болот+.  Сиондогу калдык, Иерусалимде калгандар, ал жерде жашаш үчүн катталгандардын+ баары Анын көз алдында ыйык деп эсептелет+.  Жахаба сот руху, өрт руху менен+ Сион кыздарынын заң-заарасын жууп+, Иерусалимде төгүлгөн канды+ тазалаганда+,  Жахаба бүт Сион+ тоосунун, жыйын өткөн жердин үстүнө күндүз булут менен түтүн тургузат, түнкүсүн+ жалындаган от+ менен жарык берет. Анткени ал даңктуу нерсенин бардыгын коргойт+.  Ал жерде күндүз аптаптан баш калкалаганга+, нөшөр менен жаан-чачындан корголоп+, жашынганга алачык болот.

Шилтемелер