Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 39:1—8

39  Ошол убакта Бабыл+ падышасы Баладан уулу Меродах-Баладан+ Хискиянын ооруп, кайра тыңып калганын+ укканда ага кат менен кошо белек берип жиберди+.  Хиския буга кубанып+, келгендерге казынасын+, алтын-күмүшүн, бальзам майын+, кымбат баалуу майын, бүт курал-жарагын+, казыналарында эмне болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хискиянын үйүндө+, падышалыгында аларга көрсөтпөгөн эч нерсеси калган жок+.  Ошондон кийин Хиския падышага Ышая пайгамбар келип+: «Бул кишилер эмне дешти, кайдан келишиптир?» — деп сурады. Хиския: «Алыстан, Бабылдан келишиптир»+,— деп жооп берди.  Анан Ышая: «Үйүңөн эмнелерди көрүштү?» — деп сурады+. Хиския: «Үйүмдө болгондун баарын көрүштү. Казыналарымда аларга көрсөтпөгөн эч нерсем калган жок»,— деди.  Ошондо Ышая Хискияга мындай деди: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын сөзүн ук+.  „Мына, үйүңдө эмне болсо, ошонун баары, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне чогултса, ошонун баары Бабылга алынып кете турган күндөр келатат+. Эч нерсе калбайт+,— дейт Жахаба.—  Сенден төрөлгөн уулдарыңдын кээ бирлерин алып кетишет+, алар Бабыл падышасынын+ ак сарай кызматчылары болушат“»+.  Хиския Ышаяга: «Жахабанын сен аркылуу айткан сөзү жакшы экен»,— деди+. Анан: «Анткени менин күндөрүмдө тынчтык менен чындык+ өкүм сүрөт турбайбы»,— деп кошумчалады+.

Шилтемелер