Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Ышая 38:1—22

38  Ошол күндөрү Хиския ооруп калды+. Ал өлүм алдында жатканда, Амостун уулу Ышая+ пайгамбар келип, ага: «Жахаба мындай дейт: „Үйүңдөгүлөргө керээзиңди айт+, анткени сен айыкпайсың, өлөсүң“»,— деди+.  Ошондо Хиския жүзүн дубалга буруп+, Жахабадан тилене баштады+.  Ал: «Оо, Жахаба, сага жалынып-жалбарам. Суранам, сенин алдыңда бүт жүрөгүм менен+, ишенимдүүлүк менен+ кызмат кылганымды, көз алдыңда туура иш кылып келгенимди+ эстей көр»,— деди+. Анан өксөп ыйлады+.  Ошондо Жахаба Ышаяга мындай деди+:  «Барып, Хискияга айт: „Чоң аталарыңан болгон Дөөтүнүн+ Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мен сенин тиленүүңдү уктум+, көз жашыңды көрдүм+. Мына, өмүрүңдү дагы он беш жылга узартам+.  Сени да, бул шаарды да Ашур падышасынын колунан куткарам. Мен бул шаарды коргойм+.  Жахаба айткан сөзүн аткарат. Буга далил катары Жахаба мындай жышаан берет+:  мен күн тийгенде+ Ахаздын тепкичине түшкөн көлөкөнү он тепкич артка жылдырам”“»+. Ошондо тепкичке түшкөн көлөкө он тепкич артка жылды+.  Жүйүт падышасы Хискиянын ооруп+, кайра айыкканда+ жазган сөздөрү. 10  Мен: «Өмүрүмдүн тең жарымында көр* оозуна кирем+, Калган жылдарымдан ажырайм»+,— деген элем. 11  «Жахты, тирүүлөр жашаган жерден Жахты көрбөй калам+,— деген элем.— Мындан ары адамзатты көрбөйм, өлгөндөр жаткан жайдын тургундарына кошулам. 12  Менин турагым койчулардын чечилип+, көчүрүлүп кеткен чатырындай. Токуучу кездемесин түргөндөй, мен өмүрүмдү түрүп койдум, Токулган кездемедей кыркылдым+. Сен мени таң заардан караңгы түнгө чейин кыйнадың+. 13  Мен өзүмдү таң аткыча соороттум+. Ал, арстандай болуп, таң эртеден бүт сөөгүмдү бычыратып жатат+. Сен мени таң заардан караңгы түнгө чейин кыйнадың+. 14  Мен карлыгачтай, булбулдай безеленип+, Көгүчкөндөй күркүлдөп калдым+. Көзүм талып, көктү карап+: „Оо, Жахаба, мен азапка баттым. Мени колдой көр“,— дедим+. 15  Мен ага эмне дейм да, ал мага эмне дейт?+ Ал айтканын аткарды+. Жаным ачыса да+, өмүр бою момундук менен жүрөм. 16  „Оо, Жахаба, адам баласы сенин сөздөрүң менен жашап келет. Иштериңден улам мен да тирүү жүрөм+. Сен мени айыктырып, аман алып каласың+. 17  Мына, тынчтыктын ордуна кайгым, ооба, кайгым көбөйдү+. Сен менин жанымды жакшы көрүп, өлүм аңынан сактадың+. Күнөөмдүн баарын артыңа ыргыттың+. 18  Анткени сени көр* даңктабайт+, өлүм даңазалабайт+. Аңга түшкөндөр чындыгыңа үмүт менен карашпайт+. 19  Мен сени ушул күнү даңктагандай+, Сени тирүүлөр, тирүүлөр гана даңктайт+. Атасы балдарына чындыгыңды үйрөтөт+. 20  Оо, Жахаба, мени куткар+. Ошондо өмүр бою Жахабанын үйүндө+ кыл аспап менен күү чертебиз“»+. 21  Ышая: «Анжирдин ныкталып жасалган кагын алып, жарага тарткыла+, ошондо айыгат»,— деди+. 22  Хиския болсо: «Жахабанын үйүнө барарымды кайсы жышаандан улам билем?» — деп сурады+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.